Журналист Зулпукаар Сапанов “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде "диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган" деп күнөөлөнүп, төрт жылга эркинен ажыратылды. Ал 12-сентябрда сот залынан камакка алынды.
“Кыдыр санжырасына” дин аалымдары нааразы
“Кыдыр санжырасына” дин аалымдары нааразы
Бул маалыматты Жогорку соттун басма сөз катчысы Чынара Мамытканова "Азаттык" радиосуна ырастады.
- 12-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Сапановго карата өкүмүн чыгарды. Ага ылайык, Сапанов Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (Улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, күчөтүлгөн тартипте төрт жыл абакка кесилди.
"Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете граждандардын динге карата мамилесинин, улуттук же расалык таандуулугунун белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалаганда, эгерде бул жосундар эл алдында же массалык маалымат каражаттарын пайдалануу" беренеси менен айыпталгандар үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Сапановдун күчөтүлгөн тартипте камакка алынышын анын айрым кесиптештери бийликтин аша чабуусу катары баалап жатышат. Журналист Семетей Талас уулу муну сөз эркиндигине жасалган басымдын бир түрү деп эсептейт:
- Чындыгында бул талаштуу китеп, бурмаланган фактылар көп. Китебин мен колдогон жокмун. Бийликтин аша чапкандыгы болгон үчүн гана Сапановдун өзүн кесиптеш катары колдоп жатам. Жеке эле ал эмес, "Сентябрь" телеканалы, Дайыр Орунбеков, Дина Маслова, ушунун баары журналисттерге, сөз эркиндигине болгон жашыруун басым болуп жатат.
Журналисттин “Кыдыр санжырасы” деген аталыштагы китеби былтыр сентябрда чыккандан кийин айрым дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү “анда исламга шек туудурган тексттер бар деп” нааразылыгын билдирип чыгышкан. Ушундан кийин диний ишмер Дүйшөн Абдылдаев жетектеген “Акыл эс, ыйман” коомдук фонду "китеп диндер аралык кастыкты козутуп жатат" деген жүйө менен УКМКга кайрылган. Тергөөнү атайын кызмат жүргүзгөн. Жарык көргөн китеби толугу менен жок кылынган.
Белгилүү дин таануучу Кадыр Маликов дагы китептин мазмунуна каршы чыккандардын катарында. Ал талаш жарата турган бөлүктөрүнө токтолду:
- Азыр маалымат каражаттары "Сапановду кыргыздар мусулман болгон эмес деген үчүн гана камады" деп жазып жатышат. Бул туура эмес. Мен китепте жазылган, гезитте жарыяланган материалдары менен таанышып чыккам. Ал жерде мусулмандарды гана эмес, пайгамбарларды, ошол эле Алла Таалага конкреттүү түрдө акарат кылып, шек келтирген учурлары бар. Алла Тааланы ачык эле "шайтан" деп атаган. Ушунун баарын окуп чыккам. Ал жерде ачык эле чакырык бар болчу. Атеисттик көз караш деген бар. Ал тургай исламда кайсы бир динди, ишенимди таңуулаган учур жок. Кудайга ишенеби-жокпу, кимге сыйынат - мында маселе жок. Этикалык жактан исламда, мамлекетте деле башкалардын диний ишенимин мазактабашыбыз керек. Башкача айтканда биз христиандарды же баптисттерди, атеисттерди кемсинтпешибиз керек.
Зулпукаар Сапанов өзү өкүм чыкканга чейин аталган китепте эч кандай бөлүп-жаруу же башка диндерге шек келтирүү жок, бул боюнча диндарлар атайын эле талаш-тартышты козутуп жатканын айткан эле. Ошондой эле дүйнөлүк диндердин тарыхын изилдөө менен өз чындыгын издеп жатканын белгилеген.
"Заноза" боюнча төрт чечим күчүндө калды
"Заноза" боюнча төрт чечим күчүндө калды
Китепти толугу менен окуп чыккан жазуучу Баяс Турал аны илимий талдоо жүргүзүү деп баалап жатат:
- Инжил, Тоораттын ичиндеги кээ бир жерлерин цитата келтирип, анан өзүнүн көз карашын билдирген. Бул - илимий изилдөө, талдоо жүргүзүү. Аны молдолор түшүнбөй жатпайбы. Ал жерде өзү ойлоп тапкан эч нерсе жок. Семит элдеринде Кудай менен сүйлөшө берет пайгамбарлар, биздин элдин түшүнүгүндө, дүйнө таанымында Кудай менен сүйлөшүү деген таптакыр мүмкүн эмес. Мына ушундай жагдайларды салыштырган, анан өзүнүн көз карашын айткан. Илимий талдоого илимий көз караш менен жооп бериш керек да.
Сапановду абакка кесүү өкүмү диний ишмерлердин арызынын негизинде гана чыгып, китеп талдоого алынган жок дегендер бар. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстанда ушул сыяктуу диний кастыкты козутуу же экстремизм, терроризмди аныктоо боюнча жогорку эксперттер жок экенине токтолду:
- Кыргызстанда экстремизм же диний кастыкты күчөткөн жагдай барбы же жокпу деп туура чечмелеген деле эч ким жок. Диний билим алгандар эле экспертиза жасап коюп жатышпайбы. Биз жакшы эксперттер керек деп Юстиция министрлигине качантан бери айтып келатабыз. Бизде Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесин талдаган эксперттер жок.
Журналисттин жакындары шаардык сотко апелляциялык арыз берилерин кошумчалады.
Тажикстандын Мургаб районунда туулган Зулпукаар Сапанов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Кийин аталган университетте мугалим болуп да эмгектенген. Кыргыз тилдүү бир катар гезиттерде кабарчы, редактор болуп иштегенден тышкары изилдөөчү катары кыргыздын тарыхына байланышкан бир нече макала-баяндарды жарыялап келген.