Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Жанкечтинин барар жери тозок


Саид Баюми
Саид Баюми

Жардыруулар - бул жерде, тигил жерде, Европада, Түркияда, Сауд Арабиясында... Бардыгы исламдын аты менен.... Чындыгында исламдын буга таптакыр тиешеси жок, кайнаса каны кошулбаган түшүнүктөр жана иштер... Ислам бул кылмыштарды жана аракеттерди тырмактын агынчалык да колдоого албайт, тескерисинче толугу менен четке кагат жана айыптайт. Алар баш-оту менен исламга каршы болгон жапайы көрүнүштөр...

Акыркы күндөрү дүйнөнүн ар жеринде болгон, исламды жамынып жасаган кандуу окуялар мени адам катары, мусулман катары абдан ойлондурду.

Бейкүнөө момун пенделер кайсы күнөөсү үчүн өлтүрүлдү? Муну жасагандардын барар жери тозок.

Алла Таалага шерик кошкондон кийинки эле эӊ чоӊ күнөө - мусулман пендесин укуксуз, эч бир жүйөсүз өлтүрүү. Мусулмандын канынын урматы Алла Тааланын алдында Каабанын урматынан да жогору турат. Ал гана эмес бүтүндөй дүйнөнүн баары мусулман канынын бейкүнөө төгүлүүсүнүн алдында түккө да арзыбай калат. Айтылган мааниге Куран аяттары менен пайгамбарыбыз алейхис саламдын осуяттарында айныгыс далилдер бар.

Алла Таала Куранда айтат:

“(Эй, момундар!)

Өлтүрбөгүлө адамды,

Алла тыюу салган,

(Качкыла андан бириӊ калбай жабыла,

Алла Эгедер жан бүткөндүн баарына). ” (Исраа-33)

Алла Таала айтат:

“Ким момунду өлтүрсө атайылап,

(Эки өмүргө жетерлик жалаа табат).

Алла каарып тозокто күйүп турат.

Түбөлүктүү ал балээден,

(Куткаруучу табылбайт арачалап).

Жан чыдагыс азап даяр андайга,

(Өчпөс кылып жазып койгон маӊдайга).” (Ниса-93)

Пайгамбарыбыз алейхис саламдан эӊ чоӊ күнөөлөр тууралуу сурашканда төмөнкүдөй жооп берди: “Алла Таалага шек келтирүү, бейкүнөө пенденин жанын кыюу, ата-энеге ак болуу ...”. (Имам Бухарий)

Азирети Абу Дардаанын (Алла Таала андан ыраазы болсун) риваятында, ал пайгамбарыбыз алейхис саламдан уккандыгын мындайча баяндайт: “Мушрик (ширк келтирген абалда) өлгөндөрдүн же мусулман пендесин атайылап өлтүргөндөрдүн күнөөлөрүнөн башка ар бир күнөөнү Алла Таала кечирип жиберүүсү мүмкүн. (Бирок жогорку эки күнөөнүн алып барар жери жаман!) ” (Абу Дауд, Насааий).

Кутман сахаба Ибн Умардын айтуусунда, пайгамбарыбыз алейхис салам мындай деген: “Мусулман адам бейкүнөө пенденин канына забын болсо, анда анын дининде тардык башталат. Амалдарынын кабыл болуусу, жакшылык иштерди кылуусу кадимкидей азаят. Жакшылыкка жарчы болуусу тетири жакка айланат).” (Имам Бухарий)

“Таргииб” китебинде келген сахих хадисте пайгамбарыбыз алейхис салам айтат: “Кудай Тааланын таразасында, бүтүндөй аалам-жердин жок болуп кетүүсү, күнөөсүз мусулмандын каны төгүлүүсүнүн астында түккө да арзыбай калат! Асман менен жердегилердин бардыгы чогулуп бир күнөөсүз пенденин канына забын болуша турган болсо, Кудай Таала бардыгын ошол себептен тозокко түшүрөт!”. (2\629)

Жогоруда айтылган аят менен хадистерге карабастан, кээ бир исламга такыр тиешеси жок адамдар, өздөрүн исламга таандык кылып көрсөтүшүп, күнөөсүз наристелер менен энелерди, аксакалдар менен жаштарды, чоӊдор менен балдарды, эркектер менен аялдарды жазыксыз өлтүрүп, бүтүндөй коомду, маданиятты, адамгерчиликти жерге тепсеп-тебелешти.

Алардын кылганы ислам таалимдерине түк да төп келбейт. Жер жүзүнө ынтымак менен ырашкердиктин, бакыт менен ырыстын үрөнүн себүүнүн ордуна бузукулук менен ырайымсыздыкты, жапайылык менен жанкечтиликти жарыша аткарып жатышат. Алар бул дүйнөдө каргыш-наалатка калышкан болсо, акыретте алардын бара турган жери тозоктун оту!

Тарыхка көз чаптырсак,

Нух пайгамбар өз баласы каапыр болсо да аны өлтүргөн эмес;

Ибрахим пайгамбардын атасы дин безер болсо да андан кечип кеткен эмес, чымындай жанын кыйган эмес;

Луут пайгамбардын аялы кайрыдин болгондугуна карабастан, аны акырет сапарына беймөөнөт узаткан эмес;

Пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис саламдын атасындай макамга ээ абакеси да каапыр болгондугуна карабастан, аны өлтүргөн эмес, өлтүрүүгө буйрук да берген эмес... .

Тарыхыбыз ушул болсо, анда бул адам сымалдардын кылган иши кайсы акылга сыят да, кайсы алкакка туура келет? Ким алардын кылган ишин туура дей алат?

Кудай Таала белек кылган акыл менен ынсаптан кур жалак калганбы?

Кудай Таала улуу Жаратканга жалбарабыз, Ага өзүбүздү тапшырабыз. Андан ырайым тилеп, мунажатта болобуз!

Жараткан Эгем Кыргызстаныбызды жана дүйнөнү жаман желаргыдан, бузуку кесепеттен сактаган болсун!

Саид Баюми, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси

P/S. Автордун жазганы "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

XS
SM
MD
LG