Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Ош: шаарды кооптондурган май бекеттери


Өрт чыккан май куюучу жай. Ош. 1-август, 2019-жыл.
Өрт чыккан май куюучу жай. Ош. 1-август, 2019-жыл.

Ош шаарына туташ жайгашкан май куюучу жайда чыккан өрт коопсуздук маселесин дагы бир ирет күн тартибине чыгарды.

Шаардыктар калктуу конуштардагы май куюучу жайларды көчүрүү тууралуу шаар мэринин убадасы аткарылбай жатканына нааразы.

Мэрия болсо сот чечимин күтүп жатканын айтууда.

«Бензин ташыган унаа жарылган»

31-июлда кечки саат ондо Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө жайгашкан «Ред-Петролеум» май куюучу жайда өрт чыкты.

Арткы фондо өрттөнүп кеткен бензин ташуучу унаа. Ош. 1-август, 2019-жыл.
Арткы фондо өрттөнүп кеткен бензин ташуучу унаа. Ош. 1-август, 2019-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, өрт бензин ташыган унаадан чыккан:

«Май куюучу жайга кирген бензовоздун бир багы жарылып кеткен. Экинчи багын муздатып, жарылтпай сактап калдык. Өрт өчүрүүгө алты машина жиберилген, көбүк менен өчүрүп калдык. Учурда өрттүн себептери аныкталууда».

Баймуратовдун маалыматы боюнча, тилсиз жоо күйүүчү май сакталган цистерналарга жеткен эмес.

Баштапкы маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар да болгон жок. Кара-Суу райондук милициясы май куюучу жайдагы өрт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кайталанган жарылуулар

Өрт чыккан май бекети жайгашкан жер Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караганы менен Ош шаарына туташып турат. Ага жакын жерде ресторан жайгашкан, алыс эмес жерде эл жашаган жаңы конуш бар.

Мындан мурдагы өрт 20-мартта Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонундагы Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу бекетте чыгып, жарылуу болгон. Андан эки адам жабыркаган. Убагында мыйзамсыз иштеп жатканы айтылган бекеттеги бул окуянын негизинде Ички иштер министрлигинин Ош шаардык бөлүмү кылмыш ишин козгоп, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов май бекети жабыларын убада кылган. Бирок жарым жылга жетпей май бекети калыбына келтирилип, иштеп жатат. Мындай мамиле май бекетине жамаатташ отурукташкан элдин нааразылыгын жаратып келатат.

Шаар бийлиги болсо ошол жарылуудан сабак алып, бардык май куюучу жайлардын коопсуздугу толук көзөмөлгө алынып жатат деп ишендирүүдө. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуевдин «Азаттыкка» айтымында, мэрия 22 май куюучу бекетти сотко берген:

Саибжан Турдуев
Саибжан Турдуев

«Бул маселе боюнча бир эмес, үч-төрт жолу жыйын өткөргөнбүз. Мэрдин тапшырмасы менен тиешелүү органдар иштеп жатат. 44 май куюучу жайдын 22синин үстүнөн сотко кайрылганбыз. Прокуратура да иштеп жатат. Азыр соттун чечимдерин күтүп жатабыз».

Сотко арыздардын бири дал ошол Түштүк-Чыгыш кичирайонунда жарылган бекетке каршы берилген. Мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов бул бекетке каршы прокуратурага да арыз жолдонгонун айтты:

Алтынбек Пирматов.
Алтынбек Пирматов.

«Кат жолдонгон, бүгүнкү күндө жообун күтүп жатабыз. Май куюучу бекет жарылгандан кийин мэр тарабынан Ош шаарынын аймагында май куюучу жайларды курууга уруксат бербөө тууралуу буйрук чыккан. Азыркы иштеп жаткан май бекеттердин баары мурун курулуп калган».

Жарандык коомчулук жана эл шаар бийлигин алсыздыгы үчүн айыптоодо. «Интербилим» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлгакы Мамасалиева шаар бийлиги сотко бердик деп айтканы менен, иш жүзүндө билинбей жатат деген пикирин «Азаттыкка» билдирди:

Гүлгакы Мамасалиева.
Гүлгакы Мамасалиева.

«Сотко бердик дегени менен алардын доо арызын ким көрдү? Мисалы, мен буга ишенбейм. Соттун чечими бар деп жатышат, кана ал чечим? Соцтармакка жарыяласын, коомдук угуу өткөрсүн, элге ачыгын айтсын. Сот чечим чыгарган болсо, сот аткаруучулар иштесин. Соттун «иштебесин» деген чечими турса деле, иштей берсе, анда кандай болот? Бул жерде коррупция күнөөлүү экени айтпаса да түшүнүктүү болуп турат».

Март айындагы жарылуудан кийин Ош шаарындагы май куюучу жайлардын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча түзүлгөн комиссия шаардагы 44 бекеттин кыркын текшерүүгө алган. Комиссиянын тыянагы менен алардын төртөөнө иштөөгө тыюу салынган. 22 май куюучу жайдын иши сотко берилген. Мындан тышкары мыйзамсыз иштеп жаткан беш автогаз бекетинин иши токтотулган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG