Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Байкоочу кеңештердин дарегине сын арбын


Иллюстрация
Иллюстрация

Коомдук кеңешти тандоо комиссиясы алты мамлекеттик органдын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин тизмесин бекитти.

Алардын катарында Жаза аткаруу кызматынын коомдук кеңешинин мүчөлөрүн тандоо нааразылык жаратууда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова документтерин тапшырганына карабай, тизмеге кошулбай калганын өз ишмердиги менен байланыштырса, коомдук кеңештерди тандоо комиссиясы муну четке какты.

Коомдук кеңештерди тандоо комиссиясынын сайтында алты мекеменин байкоочу кеңештеринин жаңы курамы жарыяланды. Анда Жаза аткаруу кызматынын коомдук кеңешине укук коргоочу Азиза Абдирасулова илинген эмес. Ал тизмеге кошулбай калганын Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен чечилген деген ойдо:

УКМКдагы кыйноо: Кунакуновдун арызы

УКМКдагы кыйноо: Кунакуновдун арызы

“Бийликти күч менен алууга даярданган” деген айып менен соттолуп жатышкан Максат Кунакунов жана Алтынбек Жумагазиев атайын кызматтын тергөө абагында кыйноого дуушар болушканын айтып, акыйкатчыга даттанышты.

- Максат Кунакунов жана аны менен бирге камалгандарды иликтегеним комиссиянын чечимине чоң түрткү берди окшойт. Себеби, маалымат жарыялангандан кийин аябай актанышып, ал карцерде эмес, тергөө абагында кармалган дешпедиби. Менин талапкерлигим Жаза аткаруу кызматы үчүн жагымсыз болуп калгандай. Экинчи жагдай, эгер курамга кирсем түрмөлөрдү тартипке салганга чоң аракет жасалат дешти окшойт. Бардык тиешелүү документтерди тиркеп, арызымды комиссияга жибергем. Мага эч кандай жооп келген жок. Мурун Ички иштер министрлигинин байкоочу кеңешинин курамына кирер алдында документ жөнөткөнүмдө комиссиядан мага чалып сурашчу. Азыр эч кимиси байланышкан жок.

Азиза Абдирасулова жетектеген "Кылым шамы" бейөкмөт уюму жабык жайлардагы адам укугунун корголушуна байкоо салат.

Ошол эле маалда коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо комиссиясынын төрайымы Зарина Макен укук коргоочунун айткандары чындыкка коошпойт деген жооп кайтарды. Анын айтымында, Жаза аткаруу кызматынын да, башка мекемелердин жетекчилери да комиссияга басым жасай албайт:

- Комиссиянын он беш мүчөсү бар. Бешөө мамлекеттик органдын, калганы жарандык коомдун өкүлдөрү. Башка жетекчилердин эч кандай тиешеси жок. Бизге ким кандай кат жибербесин, эч качан аны көңүлгө албайбыз. Комиссиянын чечими ар дайым ачык, эч качан көз каранды болбойбуз. Азиза Папановна 3-февралда комиссиянын расмий эмес yandeks.ru почтасына документтерин жибериптир. Менден мурдагы төрайым Зулфия Көчөрбаева ошол почтаны түзгөн экен, кээ бир документтер ошого түшүптүр. Катчылыктын ал почтага эч кандай тиешеси жок. Зулфия Көчөрбаева 3-февралда катчылыкка ал катты жиберген экен, техникалык себептерден улам албай калышыптыр. Эмки жыйында Абдирасулованын документтерин карайбыз. Ал курамга кирип калышы мүмкүн. Комиссиянын башка мүчөлөрү менен талкуулап, ошондой чечим чыгарганга аракет кылабыз.

"Кара жашик" кайттыбы?

"Кара жашик" кайттыбы?

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети 26-сентябрда “Ата Мекен” фракциясынын Коомдук биринчи канал боюнча арызын карады.

Коомчулукта байкоочу кеңештер институту башында түзүлгөн максатына жеткен жок деген пикирлер айтылып жүрөт. Бийликтин айтканынан чыкпайт деген сындар да арбын.

Саясий эксперт Сабыр Мукамбетов өткөн айда КТРКнын байкоочу кеңешинин курамынан чыгып кеткен. Ал байкоочу кеңеш коомдук каналда кетип жаткан бир тараптуу кабарларды талкуулоодон качканына нааразылык билдиргенин айтты:

- Бул маселени күн тартибине киргизүү тууралуу сунушум өтпөй турганын билгем. Тек гана кимдер колдойт, кимдер кол көтөрбөйт көрөйүн дедим. Жыйынтыгында эки-үчөөбүз гана колдоп, калганы "каршы" добуш беришти. Ошол жерден алты айдан бери көтөрүлүп жаткан маселени талкуулай албагандан кийин тарап кетпейлиби, болбосо мен кетем дедим. Байкоочу кеңештин мөөнөтүнүн бүтүшүнө эки ай калганда чыдап тур дегендер болду, бирок мен элге кеңеш болбой калганын билдирип коюуну чечтим.

Саясат таануучу Эдил Осмонбетовдун пикиринде, коомдук байкоочу кеңештердин ишке кириши менен мамлекеттик айрым органдарда ачык-айкындуулук пайда болду. Бирок кеңештин мүчөлөрү өз милдеттерине кирбеген иштерге деле кийлигишкен учурлары кездешкендиктен, анын курамына ишбилги адамдарды тандап алуу маселеси турат:

- Алардын ички ишине кийлигишпей, сырттан көзөмөлдөө керек. Анткени, кеңештер мамлекеттик органдар менен коомдун ортосундагы көпүрө да. Негизги максат ошондой. Ар бир мекеменин ичинде өз процедуралары бар, ошолорго, кадр маселелерине киришпей, стратегияны кароо зарыл. Андан кийин жардам берүү керек, ошондо жылыш болот.

Байкоочу кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мекемелердин ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Ага ошол тармакты жакшы билген коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер кириши керек жана курамы кеминде жети адамдан туруп, он бештен ашпоого тийиш. Коомдук кеңештерди тандоо комиссиясынын билдиришинче, соңку кезде жаштардан көп арыз түшүп жатат.

"Азаттыктын" архиви: Коомдук кеңештер үмүттү актап жатабы? 16-декабрь, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG