Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

УКМКнын укуругу менен тукуругу


28-апрель, 2016-жыл. Абдил Сегизбаев жана Алмазбек Атамбаев.
28-апрель, 2016-жыл. Абдил Сегизбаев жана Алмазбек Атамбаев.

Кызматтан кеткен УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен орун басары Болот Сүйүмбаевдин саясий жана укуктук жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлүүдө.

Буга негиз катары өлкөдө саясий куугунтук жүргүзүү, саясий атаандаштарды камоо үчүн фактыларды жасалмалоо жана коомдук пикирди бурмалоо сыяктуу аракеттер аркылуу атайын кызматты "саясий союлга" айланткан демократиялык мамлекетке жат көрүнүштөр мисалга алынды.

Ошол эле кезде Сегизбаев улуттук коопсуздукту камсыздап, ички-тышкы коркунучтардын алдын алып, чекисттердин социалдык абалына кам көргөн жагдайларды да белгилегендер болду.

"Токулган" иштердин "токмогу"

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, парламенттин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев Абдил Сегизбаев атайын кызматты жетектеген учурда саясий мүнөздөгү иштер көп болгонун айтып, фактыларды жасалмалап, оппозициялык саясатчыларды каралоо менен камакка алган учурлар эми териштирилиши керек деп демилге көтөрдү.

Эркебаевдин айтымында, Сегизбаев фактылары жасалмаланганы ачыкка чыгып калган "Белизгейт" иши боюнча эле жоопкерчиликке тартылышы керек болчу:

- Өмүрбек Чиркешовичке байланыштуу "Белизгейт" окуясы боюнча ал жигит учурунда "далилдей албасам жоопкерчилигин тартам" деген. Анан ал жоопкерчилик тарттыбы? Анын учурунда көп адамдар жөндөн жөн эле саясий өңүттөгү иштер боюнча камалып кетишкен. Алардын жаздырып алынган сөздөрүнүн чын-төгүнү боюнча ачык-айкын сот болбогонун коомчулук өзү көрдү. Ошол тыңшоолор жана аларды алдын ала жарыялап жиберип, адамдарды айыптуу кылган аракеттер Баш мыйзамга канчалык туура келээри жөнүндө маселе дагы болбоду. Ошол жагдайларды эске алганда атайын кызматтын эки жетекчиси экөө тең жөн эле кетпестен, алардын ишмердиги боюнча териштирүү жүрүшү керек. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, алардын ишмердигине саясий баа берилиши кажет.

Абдил Сегизбаев атайын кызматты жетектеген учурда мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү деген айыптоо менен Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков жана Дастан Сарыгулов баш болгон жыйырмадан ашуун саясатчы кармалып, камакка алынган. "Бийликти басып алуу планы" деген ат менен алардын өз ара сүйлөшүүлөрү чагылдырылган видео жана аудио тасмалар телеканалдарда, социалдык тармактарда кеңири чагылдырылган.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

Коомдук активист Адил Турдукулов манипуляциялоо аркылуу коомдук пикир түзүп, анын жыйынтыгы менен камакка алуулар үчүн саясий гана эмес, укуктук да баа берилиши керек деп эсептейт:

- Абдил Сегизбаев жарандык коом өкүлдөрүн жана оппозицияны каралоо жагынан Атамбаевге мыкты кызмат кылып бергени үчүн УКМКга жетекчи болуп дайындалган. Ал жакта мурдагы иштерин атайын кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу аркылуу мурдагыдан дагы ашыра иштеп берди. Ошондуктан анын ишине саясий гана баа эмес, укуктук дагы баа берилиши керек. Себеби бул жерде укук бузууларга байланыштуу көп маселелер бар экенин баарыбыз билебиз.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Сегизбаев кандай жол менен болсо да коркунучтардын алдын алып, туруктуулукту камсыздай алган дегендер да бар. Натыйжада террордук аракеттердин жана башаламандыктардын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айткан КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев саясатка байланыштуу кемчиликтер болгонун да жокко чыгарууга болбой турганын белгиледи:

- Ал жетектеп турган учурда улуттук коопсуздукка байланыштуу жалпы туруктуулукту камсыздай алды. Бул киши жетектеп турган учурда ар кандай террордук коркунучтардын алдын алууга мүмкүнчүлүк болду. Сирияга чыгып кеткен жарандар же ал жактан кайра кирүүгө аракет жасагандар боюнча натыйжалуу иш алып барышты. Муну эске албай коюга болбойт, аны баалаш керек. Бирок эми оппозиция саясий куугунтук боюнча көп доомат коюп келди. Негизи УКМК саясаттан алыс болуп, тыңчылыкка, экстремизмге жана террорчулукка каршы гана иш алып барса жакшы болмок. Албетте, каталар болду. Ага мына ошол эле "Белизгейт" ишин мисал келтирсек болот.

Кесипкөйлөрдү күткөн кызмат

УКМКнын Байкоочу кеңешинин жоюлганга чейинки төрагасы Кайрат Осмоналиев Сегизбаев жетектеген мезгилде чекисттерге камкордук көрүп, алардын маянасын көтөрүүдө жылыштар болгонун белгиледи. Бирок андагы туура эмес кадр саясатынын айынан атайын кызмат жогорку даярдыктагы кесипкөй адистерден кол жууганынан кеп салды:

- Атайын кызматтын 500 кызматкери турак-жайлуу болду. Ысык-Көлдүн жээгиндеги комитеттин пансионаты оңдолуптур. Бул жакшы камкордук. Бирок УКМКдагы кадр саясаты туура эмес жүргүзүлдү. Андагы токсондон ашуун кесипкөй кызматкер соңку жылдары негизсиз кызматынан айдалган. Атайын кызматтын тутумунда "сен мага жакпайсың, бул жактан жогол" дегенге болбойт. Андай нерсе болбош керек эле. Кызматтан кеткен кесипкөй адистердин орду бир жактан гана келген кызматкерлер менен толукталган. Себеби жетекчиликте кесипкөйлүк жок болчу. Атайын кызматты агроном же журналист эмес, чыныгы чекисттер жетектеши керек. Анан атайын кызмат жарандарды аңдып, саясий куугунтук болбошу керек.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Атайын кызматты мурдагы бийлик режимдери да өз кызыкчылыгына пайдаланганын, бирок соңку жылдары бул нерсе болуп көрбөгөндөй өнүккөнүн айткан ардагер-чекист Марат Иманкулов УКМК учурда олуттуу реформага муктаж экенин билдирди. Ал мыйзамдуулук сакталбай, ал тургай чекисттердин жазылбаган мыйзамдары бузулган учурлар үчүн мурдагы жетекчилик жооп берүүгө туура келерин белгиледи:

- Атайын кызмат Акаев менен Бакиевдин учурунда дагы мамлекеттик мүдөө үчүн эмес, тар саясий кызыкчылык үчүн колдонулуп келди. Атамбаев ошолордон айырмаланбай, ошол эле усулдарды кайра колдонду. Кээ бир жерлерде ашып түштү десек болот. Бул адамдар УКМК жетектеп турган учурда көптөгөн мыйзам бузууларга жол беришти. Ошол иштер боюнча эми алар жооп берүүгө туура келет. Алар жоопкерчиликтен качкан күндө дагы, качандыр бир учурда баары бир жооп берүүгө туура келет.

"Белизгейт" иши далилденбесе, Абдил Сегизбаев иштен кетээрин Алмазбек Атамбаев да президент кезинде айткан болчу. Иш жүзүндө экс-президент Атамбаев Сегизбаевге генерал-майор наамын ыйгарган. Ал эми Болот Сүйүмбаев Атамбаевге жансакчы болуп, анын эң жакын адамдарынын бири экени белгилүү. Ага дагы Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетээр алдында генерал-майор наамын тапшырган.

Президентке кеңешчи болуп келген Абдил Сегизбаев 2014-жылы УКМК төрагасынын орун басарлыгына, анан 2015-жылы төрагалыкка дайындалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG