Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Жогорку Кеңештеги чегинүү жана ишеним


Мурдагы жана азыркы төрагалар.
Мурдагы жана азыркы төрагалар.

Президенттик шайлоодо кийинки Жогорку Кеңештеги кадрдык саясий жүрүштөр көп талкуунун темасына айланды.

Парламент төрагасынын алмашуусуна эмне себеп болду? Вице-спикер орун басарлары эмне үчүн кайра шайланышы керек? Фракция лидерлерин алмаштыруу боюнча саясий оюндар барбы? Ушул жана башка саясий окуялар кыргыз парламентаризмин калыптандырууга өбөлгө боло алабы же ойрондотобу?

“Арай көз чарай” талкуусуна саясий серепчилер Алмаз Акматалиев жана Турат Акимов катышты.

“Азаттык”: Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун күтүүсүздөн кызматтан кетүүсүнө эмне себеп болду деп ойлойсуздар? Саясий жетекчилик менен пикир келишпестикпи? Аймактык факторбу же парламенттик коалицияны күчтөндүрүү аракетиби?

Алмаз Акматалиев: Биринчиден, Чыныбай Акунович өзүнүн демилгеси менен кетип жатканын айтты. Бирок анын артында себептери бар.

Биринчиси - - Чыныбай Акунович президенттик орунга аттанып, кийин кайра чегинди.

Ошондо эле партиянын өкүлү “КСДПда тартип бар, партиянын саясий кеңешинин чечимин эч ким буза албайт, эгер чечимге каршы чыга тургандар болсо, анда партиядан чыгарылат” деп эскертүү берген.

Экинчиси - аймактык фактор да шылтоо болуп берди. Анткени премьер-министр менен спикердин бир өрөөндөн болуп калышы да роль ойноду болсо керек. Бирок бул негизги себеп эмес. Дагы бир себеби бийликтин баарын эле КСДП фракциясы албай башка фракцияларга да берип жатабыз деген пикир калтыруу үчүн да жасалып жатат.

Чыныбай Акунович - чоң ишкер, буудай магнаты. Анын негизги бизнеси Казакстандын уну менен байланыштуу, ал жактан чоң көлөмдөгү ундарды импорттоп келатканы белгилүү.
Турат Акимов

Турат Акимов: Жогоруда айтылган себептердин баарына кошулам, ага кошумча менин да пикирим бар.

Чыныбай Акунович - чоң ишкер, буудай магнаты. Анын негизги бизнеси Казакстандын уну менен байланыштуу, ал жактан чоң көлөмдөгү ундарды импорттоп келатканы белгилүү. Бүгүнкүдөй кыргыз-казак чек араларындагы татаал маселелерден улам Казакстандагы бизнесимден айрылып калбайын, залакасын тартпайын, жоопкерчиликти албайын деп кызматтан кетти деп ойлойм.

“Азаттык”: Спикерлик кызматтан кетип жаткан Чыныбай Турсунбеков “коомдук чыңалууну пайда кылуунун эч кереги жок. Кырдаалга жараша кызматты өткөрүп берип жатам” деди. Ал кайсы коомдук чыңалуу жөнүндө айтып жатат, "кырдаалга жараша кызматты өткөрдүм" дегенин кандай түшүнсөк болот?

Алмаз Акматалиев: Анын бул сөзүн мындай түшүндүм: “Президенттик шайлоонун жүрүшүндө бир топ саясий чыңалуу болду, эми минтип жаңы президент шайланды, эски президент менен кошо башка жетекчилер да алмашышы керек, жаңы, жаш жетекчилер келсин” деген мааниде айтты.

Чыныбай мырзанын кийинки сөздөрү да маанилүү болду. “Биз парламенттик демократияны чыңдашыбыз керек, конституциялык реформаларга барышыбыз керек” деди, экинчи сөзү “ишенимден кеткен адам кызматтан кетиши керек” деди.

“Азаттык”: Ал кимдин ишениминен кетти: президенттинби, партиянынбы же башка бирөөнүнбү?

Алмаз Акматалиев: Менимче, ал Кыргызстандын ички-сырткы саясатын аныктап жаткан адамдын жана анын айланасындагы адамдардын ишениминен кеттим деген ойду айтты окшойт.

“Азаттык”: Депутат Дастан Жумабековдун Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланып калышынын себебин эмнеден көрөсүздөр? Коалициялык атаандаштары Өмүркуловго, Шадиевге караганда саясий тажрыйбасы аз экендиги айтылууда, анын феномени эмнеде?

Күчтүү парламент демократиянын кепили

Күчтүү парламент демократиянын кепили

Турат Акимов: Азыр бул парламенттин келечеги жок деп ачык эле айтышыбыз керек, анын себептери өтө эле көп.

“Ата Мекен” фракциясы жарымы соттолуп, калганы ыдырап бүткөн. Бакыт Төрөбаевдин фракциясындагылардын көбү эми кимдин арыгын чабарын билбей жүрүшөт. “Бир Бол” фракциясы кечээги шайлоодо ар кимди колдоп чачырап кетти. Эми ушундай оор кырдаалда КСДП фракциясын күчтөндүрүп, кайратына чыгаруу керек болууда. Иса Өмүркулов, Аскарбек Шадиев да эски карышкырлар да.

КСДП келечектеги табигый саясий өнөктөшү “Кыргызстан” фракциясы боло тургандыгын да эскертип жатат.
Алмаз Акматалиев

Алмаз Акматалиев: Мен жаңы спикер Дастан Артистбековичти тааныйм. Кыргызча айтканда ал “кол бала” боло калчу жигит эмес. Тажрыйбасына келсек, эки мөөнөткө депутат болушу оңой эмес. Мен билгенден ал ар бир мыйзамды кунт коюп окуган, аны даярдоого тыкыр даярданган, активдүү депутаттардын бири болду. Көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоорлорун окушпайт деле.

Анын спикер болушуна бир нече себептерди айтсак болот. Биринчиси - аймактык принцип болуп калды окшойт. Таластык шайлоочулардын 86 пайызы Бабановду колдогонуна карабай биз таластык саясатчыларды колдойбуз деген принципти бийлик айтып жаткандай сезилди мага.

Экинчиден, биз бийликти КСДПдан башка фракцияларга берип жатабыз, деген пикирди жайылткысы келип жатышат. Келечекте КСДПнын табигый саясий өнөктөшү “Кыргызстан” фракциясы боло тургандыгын да эскертип жатышат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Партиялыкпы же лидерлик кызыкчылыкпы? (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:34 0:00
Түз линк

Партиялыкпы же лидерлик кызыкчылыкпы? (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:00 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG