Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Атамбаев журналисттин үйүн саттыруу өтүнүчүнөн баш тартты


Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков журналист Нарын Айыптын Бишкек шаарындагы батирин сатыкка чыгарып, ошонун эсебинен айыппул өндүрүү тууралуу арызын чакыртып алды. Анын бул арызын Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бүгүн канааттандырды.

Нурбек Сыдыков бүгүн соттон кийин журналисттерге комментарий берип, бул чечимин мындайча түшүндүрдү:

- Сот аткаруучулар “Нарын Айып мүлктүн үчтөн бир бөлүгүнө ээлик кылат экен, ошол бөлүк аркылуу дооңуздарды соттон канааттандырып алыңыздар” деп ишти бизге кайтарып берген. Биз ошонун негизинде сотко кайрылууга мажбур болгонбуз. Тилекке каршы буга чейинки соттордо Нарын Айып ал батирде апасы, карындашы менен чогуу жашай турганын жана андан башка мүлкү жок экенин далилдей алган эмес. Ал боюнча документтерди биздин өтүнүчүбүз менен бүгүнкү процессте гана алып келип берди. Ошону үчүн биз “батирди сатып, дообузду өндүрүү тууралуу” өзүбүздүн арызды кароосуз калтырууну соттон өтүндүк. Сот муну туура көрүп, биздин өтүнүчтү кабыл алды.

Нурбек Сыдыков ошондой эле Нарын Айыпка буга чейин коюлган 9 млн сом доону ал баары бир төлөшү керектигин, ал боюнча арыз чакыртылып алынбаганын билдирди.

Сыдыков буга улай экс-президент бул акчаны каякка жумшаарын билбей турганын жана мынчалык ири суммадагы доолорду сөз эркиндигине басым деп эсептебесин кошумчалады.

Ал эми журналист Нарын Айып бүгүн соттон кийин 9 млн сом доону төлөө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып, аны кайсы мөөнөткө чейин төлөп берерин билбесин айтты.

Жогоруда айтылган үч бөлмөлүү үйдүн үчтөн бир бөлүгү гана Нарын Айыпка катталган. Калган эки бөлүгү апасына жана карындашына таандык.

Журналист Нарын Айыптын 90го таяп калган энеси Райла Идинова сатыкка коюлганы жаткан үйдө неберелери менен чогуу жашарын айтып, соттордон калыс чечим чыгарууну суранган. Ал буга чейин үй сатылса, талаада каларын билдирген:

​- Эми соттор ишти акыйкаттык менен чечкендей болушсун. Бул үй атасынан калган мурас. Атасы 1981-жылы өз эмгеги менен алган. Балам ошол бойдон башка мүлк алайын, дүнүйө чогултайын деген жок. Мындан башка эркек балдарым каза болуп калган. Менин жалгыз эле тилегим – сөөгүм ушул үйдөн, баламдын колунан чыкса дейм. Эми сотторго ишенгим келет. Соттор акыйкат болот, теңдик менен чечет деп укчу элем.

Токсондогу эне сотторго кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

​Былтыр башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык Zanoza.kg сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион, журналист Нарын Айып 9 миллион, сайт ээси Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ушундай эле айыптоо менен укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Кийин бул доолорду өндүрүп алуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү 14-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылып, Чолпон Жакупова ээлик кылган Ысык-Көлдөгү эс алуу үйүн жана Нарын Айып жашаган батирди сатыкка коюуну талап кылган. Доого жыгылгандар акчаны бөлүп төлөө тууралуу өтүнүч келтиришкен.

“Азаттыкка” комментарий берген учурда Чолпон Жакупова “Атамбаев Арашандагы үч кабат үйүнө батпай, менин үйүмдү тартып алып жатат” десе, Нарын Айып “өзү жашаган үйдүн үчтөн бирине гана ээ, бир бөлүгү апасына таандык экенин” билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG