Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Оштогу ажатканалар оңдолбос болду


Ош шаарындагы даараткана.
Ош шаарындагы даараткана.

Ош шаардык санэпидемстанциянын коомдук дааратканасынын сүрөттөрү социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.

Даараткананын абалы элге шардана болгондон кийин Ош мэриясы шаардык санэпидстанциянын орун басарынын милдетин аткарып жаткан адамга эскертүү берди. Мекеме даараткананы бир жуманын ичинде оңдоого милдеттендирди.

Санэпидстанциянын жетекчиси 5-февралдан бери дарыланып жаткандыктан ага сөгүш берилген жок.

Шаардын тазалыгын көзөмөлдөөчү мекеменин эскертүү алган кызматкери Самат Бекмурзаев калаадагы дааратканалардын абалы тууралуу буларды айтты:

- Эл алдында болгон күчүбүз менен аракет кылып жатабыз. Кээ бир жерде уяласың, кээ бир жерде уялбайсың. Айрым жерлерде жакшы дааратканалар деле бар. Ким намыстанбайт? Сиздер деле намыстанасыздар да. Кемчиликтер бар.

Оштогу даараткана
Оштогу даараткана

Ош шаарынын башкы санитардык мекемесинин дааратканасы оңдолгону менен шаардагы башка коомдук ажатканалардын абалы өзгөрүүсүз калып келет.

Мисалы, Оштун борбордук стадионунун дааратканасы мышык ыйлай турган абалда. Стадиондо маал-маалы менен ири концерттер, эл аралык мелдештер өтүп турат. Былтыркы президенттик шайлоо учурунда да ар кандай үгүт иштеринен стадион жакшы эле киреше тапкандай болгон. Бирок дааратканалары оңдолгон эмес.

Ош шаардык төрөт үйүнүн жана Ош облустук сотунун короодогу коомдук дааратканасы да жакшы эмес. Ноокат районунан келген Кабыл Орозов шаардагы дааратканалар таза болсо деген ниетин билдирди:

Оштогу даараткана
Оштогу даараткана

- Шаардагы тазалык зээнди кейитет. Суусу акпаган, булганыч дааратканаларды көрүп кейийм. Мүмкүн болсо Ошко эл келип, эс алып кете турган шартты түзүп коюшса. Шаардагы дааратканалар талапка жооп бербейт.

Оштун дагы бир атын атагысы келбеген тургуну калаадагы коомдук дааратканалар тарыхый шаарды уят кылчу абалда деп баа берди.

- Оштун дааратканалары чет өлкөдөн келген туристтерге же конокторго уят боло турган эле абалда. Жакшы деп айта албайм.

Айтмамат Кадырбаев
Айтмамат Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев март, апрель, май айларын жылдагыдай эле тазалык айы деп жарыялап, шаарды көрктөндүрүү боюнча бир катар иш-чараларды жарыялады.

Бирок ал иш-чара салттуу түрдө көчөлөрдү шыпырып, дарактарды актоо менен гана чектелип келет. Айтмамат Кадырбаевдин пикиринде дааратканалар каражат болмоюн тазарбайт.

- Келечекте бүт дааратканалар заман талабына жооп бере турган болушу керек. Мисалы, ар бир мекеме, ишкана дааратканасы үчүн өзү жооп берет. Бул суроо менен ошолордун өздөрүнө кайрылсаң туура болот. Мен санитардык гигиена боюнча мекеме-ишканаларга тапшырма берип келатам. Баары каржыга байланыштуу болуп жатат.

Кыргызстандын экинчи борбор шаары катары саналган Ошто коомдук тамактануучу жайлардын көбү дааратканалардын тазалыгы менен мактана албайт. Алардын көбү ажаткана үчүн өзүнчө акы алышат. Бирок ал акы ашканалардагы тазалыктын оңолушуна таасир эте албай келет.

2012-жылы 3-ноябрь күнү Оштогу Кара-Суу шаарындагы ири базарда даараткананын түбү түшүп кетип бир эркек, үч аял каза тапкан. 40 адамга ылайыкталган ажатканадагы кырсыктан кийинки куткаруу-тазалоо иштери 20 саатка созулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG