Ош: жатакана жаңы ажатканалуу болду
Ош шаарындагы коомдук ажатканалардын абалы начар бойдон калууда. Базардагы, көчөлөрдөгү же көп кабаттуу үйлөргө караштуу дааратканалардын көбүндө бут коерго жер жок. Айрымдар буга кирген адамдардын кайдыгерлигин, кай бирлери ажаткана ээсинин тазалыкты сактабаганын айыпташат. Оштун Кара-Суу көчөсүндөгү №6 үй-бүлөлүк жатакананын тургундары болсо Борбор Азиядагы Евразия фондунун жардамы менен ажатканасын жаңылашты. 2012-жылы Оштун Кара-Суу шаарындагы ири базарда 40 орундуу ажаткананын асты түшүп кетип, төрт киши каза таап, он беш адам жабыркаган. Ошондон бери өлкө боюнча бир катар коомдук ажатканаларда эптеп-септеп болсо да оңдоо иштери жүргөн.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 06, 2026“Үч кыргыз жараны жараат алып, ооруканага түшкөн”
-
Октябрь 02, 2026Иликтөө: Өкмөт бекер баскан китептер кантип базарга түшкөн?
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"