Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Оштогу сейил бак "базарга" айланды


Ош шаарындагы "Алымбек датка" эс алуу багы.
Ош шаарындагы "Алымбек датка" эс алуу багы.

Ош шаарындагы “Алымбек датка” эс алуу багы соода түйүндөрүнө толуп кеткенине шаардыктар нааразы.

Мында эс алганы келгендер бул жер бак эмес эле базарга айланып калганын айтышууда. Кээ бирлери күркөлөрдүн артында аткаминерлер өздөрү турарын, ошол себептүү алар бузулбай жатканын белгилешет. Бийликтер болсо бактан күркөлөрдү азайтып жатабыз деп ишендирүүдө.

Оштогу “Алымбек датка” эс алуу багындагы соода күркөлөрү боюнча нааразылыктар бир жыл мурда козголгон. Андан бери Ош шаардык мэриясы азыноолок тартипке келтиргени болбосо, абал анчейин деле өзгөргөн жок. Тескерисинче, паркта күндөн-күнгө жаңы дүкөн, күркө жана кафелер пайда боло баштады.

Күн алыс бул жерге эс алганы келген Айбек Таалайбек уулу бакта бут коерго жер калбай калганын белгиледи:

Оштогу "Алымбек датка" эс алуу багы.
Оштогу "Алымбек датка" эс алуу багы.

- “Алымбек датка” эс алуу борбору чер жазуучу жер эмес эле, соода кылуучу жайга айланып калды. Ток этер жерин айтканда, базардан айырмасы жок. Эс алуучу жайдын аянты мурда кичине эле, ал дагы күндөн-күнгө тарып бара жатат. Кичинекей эле жерде 10 чакты кафе, 20дай соода түйүнү жайгашып, жөн эле стол коюп сатып жаткандар ондоп саналат. Алар жөн эле сатпай, бактын отургучтарын ээлеп алышат, кайда отурарыңды билбейсиң.

Оштогу "Алымбек датка" эс алуу багы.
Оштогу "Алымбек датка" эс алуу багы.

Тургундардын дагы бири Назира Аманилла кызы сейил бак жалаң эле тамактануучу жайга айланып калганын айтууда:

- Отургучтар турган жерге ар кандай оюндарды коюп салышты. Мурда тиги жогору жагында кафелер болсо, эми жайкы кафе деп ортого чейин столдорун жайып коюшкан. Басарга жер жок. “Алымбек датка” эс алуу багы негизи Оштун жүзү, визиткасы. Шаарда мындан башка жыргаткан деле эс алуу багы жок. Бир эсе Сулайман Тоонун алдында дегендей. Эми ушундай сонун эс алуу багыбызды да жок кылып, базар кылып бүтө турган болушту.

Ал эми эс алуу багын башкарып жаткан Ош шаардык мэриясынын алдындагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасы соода күркөлөрүн азайтуу аракеттери жүрүп жатканын билдирүүдө. Мекеменин эс алууну уюштуруу жана жер тилкелерин ижарага берүү бөлүмүнүн башчысы Маматжан Абдукаримов буларга токтолду:

- Негизи “Алымбек датка” эс алуу багы “Сулайман-Тоо-Ак-Буура” муниципалдык ишканасынан бизге былтыр өткөрүлүп берилген. Ошол чакта эле бул жерде соода жайлары көп болчу. Былтыр, быйыл жыл башында жашоочулар “базар болуп кетти” деп нааразы болгондуктан биз нормадан ашык күркөлөрдү алдырдык. Тагыраагы, төрт соода жайы менен келишимди токтоттук, жагдайды иретке салдык. Калган соода күркөлөрү эс алуучуларга да керектүү шарттарды жаратуу үчүн иштеп жатат. Маселен, бул жерге келгендер жолдун аркы бетине өтүп суу же башка нерселерди сатып албай, ушул жердин өзүндө дүкөндөр болгону деле жакшы да.

Айгүл Наватован жана ага караштуу парктагы дүкөн.
Айгүл Наватован жана ага караштуу парктагы дүкөн.

Шаардыктар бактагы бул күркөлөрдүн артында Ош шаардык мэриясында иштегендер же аны иштеткен жашылдандыруу чарбасынын жетекчилери турганын белгилешет. Жең ичинен аткаминерлер ай сайын миллиондорду жеп жатканы жөнүндө да маалыматтар бар. Муну соода күркөсү бузулган сатуучулардын бири Гүлай Аданова деле жашырбайт:

- Мобу дүкөн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватованыкы. Анын дүкөнүнүн ордунда мурда эки отургуч бар эле, аны бузуп, алып салышкан. Берки павильон болсо, Ош шаардык салык кызматында иштеген Азамат деген аткаминердики. Аныкы беш-алты отургучтун ордун ээлейт. Ал ар бир отургучка кеминде төрт-бештен киши отуруп, эс алмак. Өздөрүнүкүн бузбайт, жылдырбайт. Анан биздин кичинекей күркөлөрүбүздү эле чыгарып жатышат. Бул эмне деген теңсиздик? Карапайым элдин иш ордун жок кылып, чоңдор каалаган нерсесин кылса боло береби?

Маматжан Абдукаримов
Маматжан Абдукаримов

Жашылдандыруу мекемесинин өкүлү Маматжан Абдукаримов күркөлөр аткаминерлерге караштуу экенин четке кагып, алар катардагы ишкерлерге эле мыйзамдуу берилгенин белгилейт:

- “Алымбек датка” эс алуучу жайындагы күркөлөргө Айгүл Наватова “крышалык” кылат деген сөз жалган. Тескерисинче, ушул бактарды ошол эже гүлдөтүп жатат. Бул дүкөн, тамактануучу жайлардын баары башка эле ишкерлердики. Болгону алар келип бизден уруксат алган учурда, алгач өтүнүчүн коммиссия карап чыгып, соңунда Наватова кол коет. Балким шаардыктар ошону үчүн “алардын артында Наватова турат” деп айтып жаткандыр. Бирок бакта ал кишинин дүкөндөрү жок.

Абдукаримов ошентсе да аталган парктан түшкөн ижара акылардын суммасын ачык айта алган жок.

“Алымбек датка” эс алуу багы 2009-жылы мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун тушунда курулган. Ал калаанын борборунда болгондуктан мында шаардыктар эс алып келишет. Калаада мындан сырткары беш-алты эс алуу багы бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG