Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Чолпон-Ата: күтүүсүз селден үрөй учту


Чолпон-Ата
Чолпон-Ата

Кечээ нөшөрлөгөн жаандан улам Чолпон-Ата шаарында сел жүрүп, жүзгө жакын турак жайды суу каптады.

Бактыга жараша селден адам өмүрү кыйылган жок. Бирок жергиликтүү тургундар бир топ чыгымга учурады. Суу ташкыны Рух-Ордо этно эс алуу комплексин да чайкап өткөн.

Сел Чолпон-Ата шаарынын чок ортосунда жайгашкан ири кафени да кыйгап өткөн эмес. Биз барган тушта анын кожоюну, шаардык кеңештин депутаты Карыпбек Койгелдиев жумушчулары менен тазалоо ишин жүргүзүп жаткан экен. Ал суу каптаган учурда ашканада камалып калган келинин кантип куткарып чыкканын айтып берди:

- Суу ашкананын аркасынан кирди, эшиктер ачылбай келиним ичинде калып калды. Анан балдар чатырдан түшүп көтөрүп алып чыгышты. Эшикти такыр ача албай койдук. Дагы бир аз болгондо суу толуп, тумчугуп калмак экен.

Кайдыгерлик кесепети

Албууттанган сел Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак сайындагы каналга суу батпагандан улам келип чыккан.

2010-жылы шаардын тоо тарабындагы суу агып өткөн сайды тазалоо, каналды оңдоо боюнча долбоор кабыл алынган. Бирок шаар бийлиги бул жаатта жеткиликтүү иш алып барган эмес.
Замир Жумагазиев

Табигат кырсыгынан жабыркаган Бактыгүл Чокчоева тоо тараптагы суу агып өтчү каналга жакын жерге эл короо-жайларын башаламан куруп, тазалоо иштери да жүрбөй калгандан улам ушундай абал жаралды деп нааразы:

- Үстүдө жашагандар сай жээкке сарай салышкан да. Канал аркылуу өйдөдөн агып келген акыр-чикирлер жөө киши өткөн көпүрөгө такалып отуруп, суу өтпөй калганда бизди каптады. Үстүдөгү үйлөрдүн туура эмес курулуш кылганы көрүнүп жатат. Мурдатан сай казып койгондо суу ошонун нугу менен өтмөк.

Чолпон-Атада сел жүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Чолпон-Ата шаарынын мэринин орун басары Алмаз Байгазиевдин айтымында, бул жерде мурдатан эле суу ташкыны жүрүшү мүмкүн деген коркунуч болуп келген. Ал сай жээгиндеги тургундар менен макулдашып, турак жайларын жылдырып, тазалоо иштери каралганы менен ал ишке ашпай келгенин моюнга алды.

- Буга чейин техника келбей калган, канал ичине орнотулган цемент шакекчелер да убагында даяр болбой калды. Мурда биз тургундар менен макулдашканда турак жайын сай жээгинен жылдырууга макул болушкан. Тилекке каршы айрымдар аны ишке ашырган жок. Эми быйыл даярдап атабыз. Турмушта ар кандай себептер болот экен да.

Чолпон-Ата
Чолпон-Ата

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгы жергиликтүү тургундар менен бирге тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Анын жетекчиси Замир Жумагазиев селдин кесепетин жоюу тууралуу буларды айтты:

- Селдин чыгымы эсептеле элек. Жакынкы күндө үймө-үй кыдырып, сел чыгымын тактай баштайбыз. Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тазалоо иши жүрүүдө. Бул жерде биздин 40 кишибиз, Балыкчы базасында атайын техникабыз иштеп атат. 2010-жылы шаардын тоо тарабындагы суу агып өткөн сайды тазалоо, каналды оңдоо боюнча долбоор кабыл алынган. Бирок шаар бийлиги бул жаатта жеткиликтүү иш алып барган эмес. Ушунун кесепетинен шаарды суу каптады.

Кечээ, 16-августтун кечинде бул маселени кароо боюнча шаарда чукул чогулуш өтүп, атайын штаб түзүлгөн. Ага облус жана район жетекчилигинен, Чолпон-Ата шаарынын мэриясынан жана Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан адамдар киришкен. Бул топ бүгүн үймө-үй кыдырып, чыгымдарды санашмакчы.

Кыргызстанда быйыл жаанчыл аба ырайыга байланыштуу жаратылыш кырсыктары көп катталууда. Алардын айрымдары адам өмүрүн алып кеткени маалым.

  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG