Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Акчасын тышка "агызгандар" көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 2018-жылдын он айында Кыргызстандан 444 млн. доллар каражат сыртка чыгарылып кеткенин жарыялады.

Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22% көп жана сырттан келди деп айтылып жаткан каражаттардын төрттөн бирин түзөт. Адистер мунун кооптуу белги экенин эскертип, өлкөдөгү саясий-экономикалык жагдайлар менен байланыштырууда.

Өлкөдөн чыгарылып кеткен каражаттар боюнча ноябрь жана декабрь айларынын статистикасы чыга элек. Эгер эсепке кирген акыркы октябрь айын алсак, бул айда Кыргызстандан 56 миллион доллар чет өлкөгө которулган. Ал эми жалпы он айда чет жакка чыгарылган акчанын көлөмү дээрлик жарым миллиард долларга чукулдады.

Улуттук банктын маалымат катчысы Аида Карабаева бул боюнча мындай маалымат берди:

- 2018-жылдын он айынын (январь-октябрь) жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу акчанын тышка чыгуусу 444,8 млн. долларды түздү. Бул 2017-жылдын көрсөткүчүнөн 22,4% жогору. Байкалган динамика акыркы беш жыл аралыгындагы орточо көрсөткүчтөрдөн ашкан жок. 2015-жылды эсепке албаганда (2015-жылы акча которуулардын агып кирүүсүнүн жана агып чыгуусунун көлөмүнүн төмөндөшү байкалган), Кыргыз Республикасынан сыртка жөнөтүлгөн акча которуулардын орточо эсеп менен 20-25% көлөмүндө өсүшү байкалган.


Өлкөнүн каржыны көзөмөлдөөчү башкы мекемеси бул каражаттардын сыртка агып чыгышынын себептерин ийне-жибине чейин талдап түшүндүрмө берген жок. Бирок мекеме которуу системалары аркылуу жеке тараптардын акча жөнөткөнүн тиричилик муктаждыктарына байланыштырат. Башкача айтканда, кимдир бирөө чет өлкөдөгү студент баласынын окуу акысына же бир нерсе сатып алуу үчүн акча жибериши мүмкүн.

Каржы жана экономика маселелери боюнча эксперт Кубан Чороев да маселени ушундай чечмелөөгө кошулат. Тагыраагы, ал муну импорт менен түшүндүрдү:

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

- Албетте мунун ичинде Кыргызстанда иштеген чет элдик компаниялардын өз мекенине чыгарып жаткан кирешелери кошулушу мүмкүн. Бирок бул жерде чыгарылып кеткен акчанын көбү импортту каржылоого жумшалат. Бул аталган көрсөткүчтөгү негизги берене (статья) болуп саналат. Мындан сырткары чет жакка жумшалчу инвестициялар да болушу мүмкүн. Анткени дүйнөлүк экономисттер 2018-2020-жылдары өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн өнүккөн өлкөлөргө инвестиция жумшоо процесси жүрөт деп эсептеп чыгышкан. Дүйнөлүк кризистерге байланыштуу туруксуз рынокторго караганда өнүккөн рыноктогу чоң-чоң компанияларга каражат салуу кирешелүү экени аныкталган. Ошондуктан муну дүйнөдөгү көп мамлекеттерге тиешелүү процесс деп айтсак болот.

Деген менен буга чейин Кыргызстанга келген тикелей инвестиция 2018-жылдын тогуз айында 344,9 миллион долларды түзгөнү жана кайра анын 328,1 миллион доллары сыртка чыгарылып кеткени кабарланган. Башкача айтканда, инвестициянын жеке тараптардын акча которуу системаларына тиешеси жок десек да болот.

Ошол эле кезде импорттук товарларга жумшалган каражаттын статистикасы таптакыр башкача жана ал банктардагы которуу системалары аркылуу чыгарылды делген суммадан дээрлик жети-сегиз эсе көп.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев Улуттук банк берген маалымат импортко тиешеси жок деп тактоо киргизди:

Насирдин Шамшиев.
Насирдин Шамшиев.

- Быйылкы жылы жалпы сырткы соода жүгүртүүбүз 5 млрд. 375 миллион доллар болсо, анын ичинен импорт 4 млрд. 53 миллион доллар. Ал эми экспорт болгону 1 млрд. 322 миллион доллар. Башкача айтканда, бизде импорт көп. Эң көп суммага күйүүчү-майлоочу майларды ташып келебиз, бул багытта жылына 600-700 миллион долларлык товар (дээрлик 1 млн. тоннадан ашыгыраак) келет. Экинчи орунда дары-дармек, үчүнчү орунда тамак-аш, кондитердик жана ун азыктары, буудай турат. Төртүнчү-бешинчи орунду жабдуулар, текстилдик буюмдар ээлейт. Ушул нерселерге жумшалган каражаттардын баары бизде импорттук товарларга кеткен акчага алынып турат.

Ошентип, макалабыздын башында келтирилген 444 миллион доллар импорттук товарларды ташып келүүгө жана тикелей инвестицияга тиешеси жоктугун аңдап алгандай болдук. Ага тиешелүү болбосо, анда ушунча сумма чын эле Улуттук банк болжогондой, жеке муктаждыктарга байланыштуу чыгарылып кетиши мүмкүнбү? Же бул кыргызстандыктардын капиталын сыртка которуубу?

Экономикалык жана саясий эксперттер экинчи жүйөгө көбүрөөк ынангандай болуп турушат. Талдоочу Турат Акимовдун пикирине орун берели:

- Биздин мамлекет өтө опурталдуу. Төңкөрүштөр тынымсыз болуп турат, бийлик тез-тез алмашып, саясий тирештер көп болот, мыйзамдар бат өзгөрөт. Ошого байланыштуу бизге инвестиция кылгандар ансыз деле узак убакытка салбайт, бир-эки жылдык салымдарга эле киришет. Бирок ошолор саясий тобокелдиктер көп болгондо акчасын сыртка дүңү менен чыгарып кетүүгө баш урушат. Маселен, Атамбаевдин тушунда келген инвесторлор президент алмашкандан кийин, “крышасы”, “саясий кепилдиги” жок калып кайра чыгып кеткен. Бул бир жагы. Башка тарабы маселен, Орусиянын Пенза аймагына завод салган экс-депутат, ишкер Өмүрбек Бабановго окшоп, саясий кризистен коркуп, ишим токтоду деп активдерин чыгарып кеткендер болушу мүмкүн. Майда же ири ишкерлер ошол эле Орусиянын Калуга, Омск, Томск аймактарында же Кытай, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө биргелешкен ишкана, үлүшкө ээ заводдорду курууга жумшоону максат кылышы да ыктымал. Буга мисалдар көп да. Демек тышка чыгарылып кеткен акчанын төркүнүн мына ушундай көп варианттар менен кароого болот. Канткен күндө да бул кооптуу көрүнүш.

Кыргыз бийлиги адатта чет өлкөдөгү мигранттар мекенине жылына 2 миллиарддан ашык акча которо турганын билдирип, муну жетишкендик катары баалап келет. Улуттук банк быйыл он айдын жыйынтыгы боюнча деле бул сумма 2 миллиард 242,7 миллион долларды түзгөнүн расмий кабарлады. Бирок мунун төрттөн бир бөлүгү, тагыраагы 444 миллиону кайра сыртка чыгып кетип жатканы адистерди кабатыр кылууда.

Кеп болуп жаткан каражаттын 90% ашыгы Евразия экономикалык биримдигине мүчө, коңшулаш Орусия менен Казакстан мамлекеттерине чыгарылган. Калгандары Европа өлкөлөрүнө жана АКШга жиберилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG