Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Тоо-кен тармагы тартипке муктаж


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коопсуздук кеңешинин тоо-кен тармагы боюнча чечимдери анда иштеген ишкерлерди жана инвесторлорду тынчсыздандырууда.

Кендерди чалгындоого, иштетүүгө берилген лицензияларды көзөмөлдөп, тартипке келтирүүнүн реалдуу механизмдери барбы? Коопсуздук кеңешиндеги сунуштарды аткаруу инвесторлордун келишине, иш-аракетине кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

“Арай көз чарай” талкуусуна техника илимдеринин доктору, геология боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков, Эл аралык ишкерлер кеңешинин тоо-кен комитетинин мүчөсү Кубан Ашыркулов жана коррупция маселелери боюнча эксперт Максат Мамытканов катышты.

“Азаттык”: Кубан мырза, сиз мүчө болгон Эл аралык ишкерлер кеңеши жакында өткөн Коопсуздук кеңешинин сунуш-чечимдерине кабатырланып президентке кайрылуу жолдоду, андагы тынчсыздануунун төркүнү, себеби, жүйөсү эмнеде?

Кубан Ашыркулов: Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган чечимдер жалпысынан туура. Мамлекеттик органдардын натыйжалуу иштеши, коррупцияны жоюу жана башка бир топ маселелер туура көтөрүлгөн. Бирок чечимде көрсөтүлгөн иш-чаралар кандай аткарылат, кандай механизмдер менен ишке ашат - ушундай суроолор кооптонуу жаратууда. Мисалы, ошол эле лицензияларды алуу соттун чечими менен ишке аша турган болсо, Коопсуздук кеңешинин чечиминде комиссия менен алып коёт деп жатат. Мындан сырткары салыктарды көтөрөбүз деп жатышат. Бул жерде да маселелер жаралууда.

Тоо-кен өтө татаал тармак. Аны иштетиш үчүн ири суммадагы акча керек. Ал каражаттарды инвестиция катары алып келүү үчүн да көп убакытты талап кылат. Бизнес пландар түзүлүшү керек. Ошого карабай бат-бат эле чечимдер, мыйзамдар өзгөрө берсе, бул тармакка инвесторлорду тартуу кыйындайт. Айрым чечимдер бүтүндөй тармакты токтотуп коюуга негиз болушу мүмкүн. Мисалы, чийки зат, рудалар сыртка чыгып иштетилбесин деп жатат. Тилекке каршы, азыр Кыргызстанда ири рудаларды иштете турган ишканалар жок.

“Азаттык”: Дүйшөнбек мырза, ошол эле Коопсуздук кеңешинде тоо-кен тармагы боюнча бир эле адамга 41 лицензия берилип кеткени айтылды. Бул факт кызуу талаш-тартышка жем таштады. Мыйзам боюнча лицензия кимге, кандай шартта, канча санда берилет?

Дүйшөнбек Камчыбеков.
Дүйшөнбек Камчыбеков.

Дүйшөнбек Камчыбеков: Мындай шарттын түзүлүп калышына “Жер казынасы жөнүндө” мыйзам жол берип коюуда. Акыркы өзгөртүүлөр 2018-жылы киргизилген. Бул мыйзамда лицензия боюнча чектөө жок. Каалаган эле адам бешпи же он лицензия болобу, тиешелүү документтерди алып келип, толтуруп тапшырсаң мамлекеттик ишкана, менчик компания жана жеке адамдар ала берет. Биз убагында өкмөттө, Жогорку Кеңеште мындай жоболор болбойт деп адис катары сунуш-пикирлерибизди айтканбыз, эске алышкан жок.

Негизи өкмөт тараптан чектөө болуш керек. Бир гана чектөө бар – лицензияны иштетүү мөөнөтү узарып кетсе, бир аз айып төлөп коёсуң. Лицензияны алыш үчүн ошол жерди иштетүүгө техникалык-экономикалык негиздеме, акча, тиешелүү техникалык база, дасыккан адистер болуш керек деп айтып эле келатабыз.

“Азаттык”: Максат мырза, Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган чечимдер тоо-кен тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтат десек болобу?

Максат Мамырканов.
Максат Мамырканов.

Максат Мамырканов: Коопсуздук кеңешинин эң негизги чечими, өкмөткө коюп жаткан талабы – тоо-кен тармагындагы коррупцияны жок кылуу. Азыр айтылып жаткан 41 лицензияны, бул убакка чейин берилген 4 миңден ашык лицензияны текшерип, анын натыйжасы болдубу же жокпу деп анализдеп көрүш керек. Мисалы, айтылып жаткан 41 лицензияны жалгыз киши алып иштетти деп ойлосузбу? Жок! Лицензияны ким алды, эмнеге алды, кимге берди, натыйжасы кандай болгон, салык төлөптүрбү - мунун баарын сөзсүз текшерүү керек. Анан маалыматты элге ачык жарыялаш керек. Ошончо лицензияны бергенден экономикабызга эмне пайда келди, канча жумушчу орундар түзүлдү - буларды да эсептеп чыгуу зарыл.

Эгер тоо-кен тармагында өндүрүш өспөсө, жумушчу орундар ачылбаса, салыктын көлөмү көбөйбөсө, анда эмнеге лицензия беребиз деген суроо туулат. Лицензия боюнча алган тарап мамлекеттик геология комитетине жыл сайын отчет берет. Ошолордун биринин отчетун комитеттин Интернет сайтынан окусам, ал компания бир жылда болгону бир километр жол тазалаптыр. Натыйжасы мына ушундай.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

“Азаттык”: Кубан мырза, лицензия берүүнү “Санарип Кыргызстан” программасынын негизинде электрондук негизде жүргүзүү керек, автоматташтыруу керек деп айтылыптыр, ошондо адилеттүүлүккө жетише алабызбы?

Кубан Ашыркулов: Албетте, бул туура кадам. Азыр деле Жер казынасы комитетинин сайтына кирсеңер кимге, кайсы жерде жайгашкан кенге лицензия берилди, ачык таанышсаңар болот. 41 лицензияны бир киши кармап турганга да мыйзам жол берүүдө. Лицензиянын мөөнөтүн узартып жиберген компаниялар айып пулдарын төлөп жатышат, жергиликтүү элге акча түшүп, пайдасы тийип жатат.

"Азаттыктын" архиви: Тоо-кен эмнеге эл байлыгы болгон жок?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG