Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:08

Бишкектеги бейтапканадан ырк кетти


Жыйындагы көрүнүш.
Жыйындагы көрүнүш.

Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 60тан ашуун кызматкери бейтапкананын жетекчиси Айдарбек Шакировду жемкорлук боюнча айыптап чыгышты.

Алар 8-январда жетекчини кызматтан алуу талабы менен Саламаттык сактоо министрлигинин алдында акция уюштурушту. Жетекчи Шакиров өзүнө айтылган дооматтардын жалган экенин белгилеп, алар оптимизацияга каршы болуп жатышканын билдирди.

Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун айрым кызматкерлери бейтапкананын башчысы Айдарбек Шакиров жетекчи болуп келгенден бери кызматкерлерге кысым көрсөтүлүп, мыйзамсыз иштен алуу, мыйзам бузуу менен өткөн тендерлер, жалган документ жасоо, акча чогултуу, мекеменин айрым бөлүгүн ижарага берүү сыяктуу көрүнүштөр күч алганын айтышты.

Дарыгерлер жетекчисине каршы чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун профсоюзунун жетекчиси Айгүл Сматованын сөзү боюнча, мунун айынан мекеменин жамааты эки-үчкө бөлүнүп, соңку жарым жылда эле 102 кызматкер кысымдан улам арызын жазууга аргасыз болгон жана кызматкерлердин эмгек укугу бузулган.

- "Менин айтканым айткан, дегеним деген, жасабасаң кет" деген кысымынан канча адамдар жумушсуз калышты? 102 киши арыз жазганга аргасыз болду. Менде алардын түшүндүрмөлөрү бар. Профсоюз катары мага келип, кысым болгонун билдиришкен.

Акциянын катышуучулары Шакиров бейтаптар көбүрөөк кайрылган гинеколог, хирург жана уролог өңдүү кызматкерлердин ар биринен ай сайын миң сомдон беш миң сомго чейин салык чогултуп келгенин белгилеп жатышат. Алардын бири - бул мекемеде 24 жылдан бери иштеген Нуржамал Керимбаева. Анын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы 17 гинеколог 8 айдан бери ай сайын миң сомдон берип келишкен.

- Ар кандай себептерди ойлоп таап эле "ай сайын мага төлөп турасыңар" деп 1000 сомдон белгилеп койгон. Кызматкерлерге психологиялык кысым көрсөтөт, "врач, гинекологду кыскартам, штаттарды өзүм каалагандай кылам" дегендей кылып коркутуп-үркүттү. Миң сомдон чогултуп бергенге аргасыз болдук. Марттан ноябрга чейин чогултуп бергенбиз. "Силердин штатты кармап турган үчүн бересиңер" деп салык салып койгон.

Ушул эле күнү түштөн кийин №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун Шакировду кызматтан алууга каршы болгон 20дай дарыгери да министрликтин алдына акцияга чыкты. Алар биринчи чыккан топту "дайыма жетекчилерге каршы чыккан, жылуу орундан жылгысы келбегендер" деп атап жатышат. Алардын бири - борбордун дарыгери Мира Асанбаева.

- Оорулууларга жазган рецепттер дарегине жетпей калган же андай оорулуулар жок болгон. Майыптарга жазган дары-дармектер жетпей калган. Муну директор талдап отуруп таап алды. Бул жөнүндө тактаган документтери бар, - дейт ал.

Жетекчи Айдарбек Шакиров "Азаттыкка" маалымат берип жатып өзүнө айтылган дооматтардын баарын жалган жалаа катары баалады. Ал кызматкерлердин айрымдары оптималдаштырууга каршы болуп жатышканын айтты.

- Бул жалган. Мен оптималдаштырып жатам. Жамаат ыраазы, айлыгы мурда 8 миң болсо, азыр 15-16 миң болуп калды. Бир аз башаламандык бар экен, ошону оптималдаштырып жатам. Адегенде өзүмдөн баштадым. Оорулууларга, буту сыныктарга кыйын болбосун деп ал бөлмөнү биринчи кабатка котордум, өзүмдүн бөлмөмдү 3-кабатка котордум. Процедуралык кабинет мурда 2-кабатта болчу, ошону жакын болсун деп 1-кабатка жылдырдым. Мурда бир киши каза болуп калган экен. Электрондук кезек күтүү менен каттоону заманбап кылып жасадым. Ошого "сен каяктагы немени чыгарып жатасың, бул меники" деп нааразы болуп жүрүшкөн.

Фучик көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 400дөн ашуун дарыгер жыл сайын 110 миңге жакын бейтапка медициналык жардам көрсөтөт.

Нааразы дарыгерлер менен саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жолугушуп, Айдарбек Шакировду кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койгонун, жемкорлук боюнча кинелерге тиешелүү органдар баа бериши керек экенин билдирди. Анын айтымында, тийиштүү документтер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

- Мен эки айдан бери бир күнү бул тарап, экинчи күнү башка тарап менен жолугуп келатам. Мындай болбойт. Буйрукта көрсөтүлгөн кээ бир тараптар бар. Басма сөздө айтылып, арыздарда "акча алат" деп көрсөтүлгөн жагдайларды прокурор так күнөөсүн коюп, сот чечим чыгармайын мен "пара алат" дегенден алысмын. Бирок жетекчи катары жамаатта ынтымакты сактап, ийгилик жаратыш үчүн аларды бириктирип иш алып бара албаса - ал жетекчи ал жерде иштебеш керек. Албетте, анын да укугу бар, сотко кайрылат. Мен бүгүнкү чечим адилеттүү эле болду деп ойлойм.

Соңку жылдары саламаттык сактоо тармагындагы реформалар тууралуу ар кандай кайчы пикирлер айтылып жүрөт. "Психикалык саламаттык" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Бурул Макенбаева медицина тармагын реформалоо боюнча атайын программанын долбоору иштелип жатканын белгиледи.

Бурул Макенбаева.
Бурул Макенбаева.

- Жеке бул борбордун мисалын айта албайм. Кандай гана өзгөрүү болбосун, нааразылар болот. Бирок ротация сөзсүз болушу керек, 4-5 жылдан ашпай. Бизде кээде жетекчилер узак убактан бери, 20-30-жылга чейин иштеп жатпайбы. Андай болбошу керек.

№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы нааразылык дээрлик эки айдан бери сөз болуп келатат. Ленин райондук прокуратурасы декабрдын соңунда бул мекеменин жетекчилерине 304-берене ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш ишин козгогон.

Эми жаңы сынак жарыяланганга чейин Айдарбек Шакиров жетекчинин милдетин аткарып турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG