Өкмөт кырсык тууралуу тараткан маалыматта дайынсыз жоголгон эки жумушчу тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев экенин белгиледи.
Учурда аларды издөө иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын айтымында, азырынча жоголгондордун изи табыла элек.
- Жалпысынан 94 куткаруучу тартылган, - дейт ал. - Анын ичинен 64ү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу. Мындан тышкары «Кумтөр» ишканасынын альпинисттери, кинологдору издеп жатышат. 35 оор жүк ташуучу техника иштеп жатат. Кырсык болгон жердин жылышы саатына үч сантиметрди түзүүдө. Азыркы учурда окуя болгон жерде радиациялык фон нормадан ашпайт – саатына 21-28 мкр.
Учурда бул окуяны өкмөттүн тиешелүү органдарынан түзүлгөн комиссия иликтеп жатат. Кырсык болгон аймакта иш токтотулду. Тагыраагы ачык аянтта казуу иштери токтоп, ал эми алтын өндүрчү фабрика ишин улантууда.
Ошол эле кезде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дайынсыз кеткен жумушчуларды издеш үчүн бардык күчтөрдү тартууну жана окуянын себептерин иликтөөнү тапшырды.
«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилиги тараткан маалыматка караганда, кырсык кенди иштетүүгө жараксыз катмар үйүлгөн аймакта болгон. Ал аймакта жер кыймылда болуп турат жана саатына кеминде үч сантиметрдей жылат. Мамлекеттик экотехинспекция кырдаалды териштирип жатканын билдирди.
Экологдор ишкана коопсуздук жаатында жетиштүү чара көрбөгөнү үчүн азыркыдай кырдаал түзүлгөн деп эсептешет. Алар коомдук ишмерлерди жана эркин эксперттерди мамлекеттик комиссияга кошуп, окуя болгон жерди текшерүү зарыл экенин билдиришүүдө. Болбосо кырсыктын масштабы, себептери боюнча көп маалымат жабык бойдон калышы мүмкүн.
Тоо-кен илими боюнча адис, эколог Рыскул Усубалиев өкмөт буга азыр олуттуу маани бербесе, мындай окуя дагы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албай турганын айтты:
- Кумтөрдөгү тоо инженерлери жана техниктери кен иштетүүгө жараксыз катмардын өлчөмүн ченеп турушу керек болчу. Белгилүү бир чекке жеткенден кийин ал жерге топурак төгүүнү токтотушу керек. Менин оюмча ушул маселелерге мониторинг жүргүзүлбөй калган.
Деген менен «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын профсоюздар кеңешинин мүчөсү Калыс Рысбаев ишканада техникалык коопсуздук эрежелери жогорку деңгээлде сакталганын айтып жатат. Ал 1-декабрда болгон кырсыкка баа берүү азырынча эрте деп эсептейт.
- Ишканада атайын геологдордон, инженерлерден турган бөлүм бар, - деди ал. - Алар 24 саат бою байкоо салып турат. Жандооч аркылуу да карап турушат. Ал эми 1-декабрда болгон кайгылуу окуяга баа бериш оор болуп турат. Иш-чаралардын жыйынтыгы менен гана тыянак чыгара алабыз.
Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Көчкөн жер катмарынын узуну 450 метр, туурасы - 570 метр жана бийиктиги - 50 метр, ал эми жалпы көлөмү - 12 млн. 825 миң куб метр.
Кумтөр - Борбор Азиядагы эң ири алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Кумтөр иштетиле баштаган 1990-жылдардын башынан тартып эле кен боюнча түзүлгөн келишимдин айланасында талаш утур-утур козголуп, азыркыга чейин уланып келет. Ошол эле кезде кендеги экологиялык жана техникалык эрежелер сакталбай жатканы боюнча активисттер бир нече жолу маселе көтөрүшкөн.
Бул кенде 2016 жана 2017-жылдары адам өлүмү менен аяктаган кырсыктар болгон. Дегеле Кыргызстандын кендеринде адам өмүрүн алган мындай окуялар байма-бай катталып турат. Өндүрүштүк кырсыктар көбүнчө көмүр кендеринде, андан кийин алтын казган жерлерде болот.