Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Кыязов: Бийлик укмаксан болгонго өтүп алды


Эрнис Кыязов.
Эрнис Кыязов.

Бүгүн 3-май - бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү.

Эл аралык Чек арасыз кабарчылар уюмунун сөз эркиндигине байланыштуу 180 мамлекетте жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, Казакстан 160, Өзбекстан 166, Түркмөнстан 178-тепкич менен сөз эркиндиги эң начар 20 мамлекеттин катарын толукташат.

Аталган рейтингде Кыргызстан 85-орунду ээлеп, былтыркы көрсөткүчтөн үч тепкич жогорулаган. Кыргызстандагы басма сөз эркиндигин абалы тууралуу эркин журналист Эрнис Кыязов ой бөлүштү.

"Азаттык": Эрнис мырза, өткөн айда АКШнын Мамлекеттик департаменти 2015-жылдагы дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу иликтөөсүндө Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укуктарынын абалы начарлап баратат деп сындаган эле. Сөз эркиндигин абалы тууралуу сиздин көз карашыңыз кандай?

Эрнис Кыязов: Азыркы бийлик сөз эркиндиги мурда болуп көрбөгөндөй жакшы абалда экенин айтып келет. Мурдагыдай журналисттерди өлтүрүп кетти, сабап кетти деген көрүнүштөр жок деп айтып жатат. Бирок чынында атпай койсо эле же сабабай койсо эле сөз эркиндиги бар экен деген сөз күлкү келерлик нерсе. Сөз эркиндиги - бул айтылган сөздү тоготуу. Ошол айтып аткан журналисттердин сөзүнөн жыйынтык чыгаруу.

Мейли, мурдагы президенттердин тушунда журналисттер ачуу сөздөр менен айтса бийлик жини келип, атып кеткенге чейин барып, мындайча айтканда реакция кылышчу. Азыр болсо бийликке ким айтып атат, эркин журналистпи, эркин сайтпы, айтор укмаксанга салып коюп жата берет. Бул бети калыңдык деп түшүнөм. Жазмактан жаза бер, мага баары бир деген принципти карманып жатат. Андай болсо айланаңа коррупционерлерди топтоп алып, кетер күнүңдү санап отура берип, журналисттерге реакция кылбаган сөз эркиндигинин эмне кереги бар?

“Азаттык”: Кыргызстандагы бир катар журналисттер бийлик тарабынан ыдык көрүп, соттошуп жатканына күбө болуп жатабыз, атүгүл башпаанек алып башка өлкөгө чыгып кеткендер да болду. Бул көрсөткүчтөр сөз эркиндигине канчалык терс таасирин тийгизди?

Эрнис Кыязов: Сөз эркиндигин ичтен билген адам катары айта кетейин, сөз эркиндиги аз-маз бар, бирок батыштагыдай деңгээлде эмес деп салыштыргандын өзү туура эмес. Сөз эркиндиги бар же жок болушу керек.

Анан эл аралык уюмдар биздин сөз эркиндигибизге баа берсе, расмий бийлик “антип сындаган болбойт” деген принципте биздикилер да тынбай жооп берип жаткан болбойт. Бул тээ союз учурундагы КПССтин агитпроп деген бөлүмүнө окшошуп калды.

“Азаттык”: Ошентсе да сөз эркиндиги жаатында кандайдыр бир жылышты көрүп жатасызбы?

Эрнис Кыязов: Журналисттерге кол салуу токтоп, атылбай, сабалбай калганы балким бийликтин көз айнеги менен жылыштыр. Бирок журналисттер айткандардан эмнеге жыйынтык чыгарбайбыз. Алсак, сот реформасы, парламентаризмди орнотуу, бийликти бир колго топтоо тууралуу журналисттер тынбай эле айтып келе жатышат. Бирок эч кандай жыйынтык жок болуп атпайбы. Ушундан улам мен сөз эркиндиги жок деп эсептейм.

XS
SM
MD
LG