Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Журналист Кыязовдун НТСтен кетиши талкуу жаратты


Журналист Эрнис Кыязов
Журналист Эрнис Кыязов

Журналист Эрнис Кыязов НТС телеканалынан иштен кеткени коомчулук арасында кызуу талкуу жаратууда.

Эрнис Кыязов Facebook баракчасына президент Алмазбек Атамбаевди сындаган кайрылуу жарыялап, мурдагы бийликтер тушундагы кемчиликтер дагы эле уланып жатканын жазган.

“Өзүңүз белекке берген камчынын деми менен жазылды...” деген баш сөзү бар, 10 пункттан турган бул кайрылуусун Эрнис Кыязов 13-мартта жарыялады.

2007-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда Эрнис Кыязовдун КТРдеги “Багыт” телепрограммасына ыраазылыгын билдирип, “жакшы иштебеген чиновниктерди камчылап тур” деп колуна камчы карматканы бар.

Андан бери түрдүү долбоорлордо иштеп келген журналист былтыр күздөн тарта НТС телеканалында “Ар тарап” деген ток-шоу алып барып жаткан. Түз эфирдеги 40 мүнөттүк көрсөтүүсүндө ал буга дейре жеке президенттин дарегине кандайдыр бир сын айтып, кемчиликтерин кеп кылбаганы менен Facebook баракчасына жазган кайрылуусу интернетте чуу жаратып, жүздөгөн лайк, комментарийлерди чогултту.

Анда өлкөдөгү азыркы башкаруу системасы “парламентаризм терисин жамынган президентчил бийлик” деп аталып, “Өкмөт, парламент, соттордун куурчак ойноткуч жиптери президенттин колунда болбосо кимде?”, “Акаев, Бакиевдердин “Алга Кыргызстан”, “Ак жолунан” азыркы КСДПнын айырмасы барбы?”, “Атамбаевдин үй-бүлөсү саясатка кийлигишпейт имиш, анда мурунку айдоочусу Икрам Илмиянов, мурунку жансакчысы Мамбеталиев, УКМК башчысы Абдил Сегизбаев, кеңешчиси Фарид Ниязовдор кимдердин ролун аткарып жатышат?” деген суроолор коюлган. Ошондой эле журналист президенттин кадр саясатын, КТРК көз каранды эмес болбой жатканын сындап, “Убактылуу өкмөт учурунда банк кутучаларынан акча, алтындар сырдуу жоголгонун, Батукаев көз көрүнөө качырылганын” айтып, “бийлик өз абийири үчүн жок дегенде уялабы, айтыңызчы?” деп суроо узаткан.

14-мартта журналист НТСтен кеткенин жазып чыкты. Бул жаңылык “ага телеканалдын жетекчилиги тарабынан кысым болду, президентти сындаганы үчүн кетирилгени анык” деген ой-пикирлерге жем таштады.

Кыязов өзү да НТСтен кетейин деген планы болбогонун, саясий себептен улам иштен алынганын айтууда:

- Мурдагы бийликке коюлган талаптарды эле бир сыйра эсептеп, анан эмне болду деп, ошону кылбай жатасың деген мүнөздө эмес, катардагы жаран катары, суроо иретинде бердим. Муну мен кылмыш деп эсептебейм.

Журналист Кыязов боюнча комментарий алуу үчүн НТСтин башкы директору Жайнак Үсөн Кыязовдун иштен кетүүсүнөн саясат издебеш керектигин билдирди.

НТС телеканалы “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго таандык. Жогорку Кеңештеги ал жетектеген фракция оппозицияда болгону менен кайсы бир саясий жараянда өзүн бийликке курч сын айтчу күч катары көрсөтө элек.

Президенттик аппарат Кыязовдун мындай кайрылуусуна көңүл да бурган жок, жооп да берген жок. Өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов Кыязов жеке каналдын кабарчысы болгондуктан ага президенттик аппараттын эч кандай тиешеси жоктугун айтты.

Саясат талдоочу Эмил Каниметов 2010-жылдан бери өлкөдө президенттик бийлик Конституция боюнча да, мыйзамдар боюнча да кыйла чектелгенин белгилейт:

- Атамбаевдин бийлиги мурдагы президенттерге караганда абдан күчөдү дегенге негиз жок. Башка маселе, ал аркылуу өз саясатын же маселесин чечүүгө аракеттенген адамдар... Журналисттердин ар кандай айтуусу популисттик-демагогиялык көрүнүшкө жакын нерседей туюлат.

“Медиа Полиси Институту” уюмунун жетекчиси Бегайым Үсөнованын айтымында, соңку беш жылда журналисттерди кылмыш жообуна тартуу же куугунтукка алууга бөгөт коюучу бир топ мыйзамдар кабыл алынды. Бирок ошону менен катар бул жаатта дагы көңүл буруучу жагдайлар бар. Алардын бири – президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү мыйзам дейт ал:

- Президенттин атынан сотко арыз түшкөндүн өзү басым, ал эми эгер арыз Башкы прокурордон түшсө, бул кош басым. Мыйзамдагы бул норманы колдонуунун ордуна аны жок кылышса туура болмок. Себеби ал Конституцияга да, айрым мыйзамдарга да каршы келет.

Былтыр президент Атамбаев журналисттер сындабаган эч ким, эч нерсе жок экенин, сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан Борбордук Азияда алдыңкы орунда турары талашсыз экенин айткан.

39 жаштагы Эрнист Кыязов эмгек жолун КТРдин "Замана" студиясында жаңылыктарды алып баруучу болуп баштаган. Андан кийин КООРТ менчик телеканалында иштеп жүрүп, Жогорку Кеңештин телестудиясын жетектеп барган. Андан соң КТРде "Багыт" автордук программасын алып чыккан, андан кийин "Ала-Тоо" маалымат программасынын продюсери, анан КТРДин вице-президенттигине көтөрүлгөн. Ошол маалда депутат Өмүрбек Текебаев менен араздашканы белгилүү.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин ЭлТР телеканалында өзүнүн автордук программасын чыгарып, жаңылыктар кызматын жетектеген. 2013-2014-жылдары Мелис Мырзакматов ээлик кылган ОшТВ каналын жетектеп турган. Мырзакматов шаардык бийликтен кеткенден кийин Кыязов дагы кызматын таштап, интернетте "Калемпир" деген долбоорду иштетип жүрдү. 2015-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодон кийин НТС телеканалына кызматка келген.

XS
SM
MD
LG