Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы боюнча баяндамасына одоно жооп кайтарды деген пикирде.
ТИМ 16-апрелде АКШ Мамдепартаментинин жылдык баяндамасын “Терең анализденбеген, геосаясий кызыкчылыкты камтыган документ” деп сыпаттап, ага жооп иретинде билдирүү тараткан.
Жарандык коом министрликтин мындай билдирүүсү дипломатиялык мамиле менен ченегенде өтө одоно экенин айтып, “бүтүндөй Кыргызстанды уят кылганы үчүн” тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин кызматтан кетишин талап кылууда.
“Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Азиза Абдирасулова министр Эрлан Абдылдаев Кыргызстандагы адам укугу боюнча жасалган иликтөөгө оң баа берүү ордуна, АКШны душман көрсөтүп, билдирүүнү саясатташтырганын сынга алды:
- Бизде “шайлоо таза өттү” деп дүйнөлүк уюмдар айтса, анда АКШ жакшы. Ал эми адам укугу жаатында чыныгы сүрөттү көрсөтсө жаман экен да. Биз тескерисинче, алар айткан сындан сабак алып, адам укугу менен сөз эркиндигин жакшыртып, кыйноолорду оңдоо ордуна чычалайбыз.
Бейөкмөт уюмдар Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүү АКШ Мамдепартаментине кескин сын менен жазылып, мазмуну Кремлдин саясатына үндөшүп калганын белгилешет. Анткен менен министрлик азырынча онго жакын бейөкмөт уюмдун Эрлан Абдылдаевдин отставкасын талап кылып жатканы боюнча үн ката элек.
Укук коргоочу Турсунбек Акун министр Абдылдаев кызматынан кеткен маалда деле тышкы саясатта АКШ менен кайым айтышуу токтобойт деген пикирде:
- Министр Эрлан Абдылдаевди алмаштырып койгондо деле сүрөт өзгөрбөйт. Биздин ТИМ Ак үйдүн көргөзмөсү менен иш алып барып жатканын баарыбыз билебиз. Ошондуктан бейөкмөт уюмдар министр Абдылдаевди эмес, ачык эле 7-кабаттагыларды айтса болмок. Башынан эле АКШ менен мамилени президент баш болгон бийлик бузуп баштабадыбы. Ошондуктан азыр министр деле эч кандай билдирүү кыла албай отурат, себеби Ак үйдөн билдирүү келе элек.
АКШ Мамдепартаментинин дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы тууралуу баяндама БУУнун көмөгү менен жыл сайын жарыяланып келет. Мурдагы тышкы иштер министри, учурдагы депутат Руслан Казакбаев иликтөөгө саясий билдирүү жасоо ордуна, Кыргызстан көрсөткүчтү оңдоонун аракетин көрүшү керек деген пикирде:
- АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы боюнча отчетко Кыргызстан эгемен өлкө катары расмий жооп берсе да болот, жооп бербей койгонго да укуктуу. ТИМ мындай билдирүүнү өзү эмес жогору жактагылар менен кеңешип туруп чыгарат. Бирок АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүнөн ала турган пайда да көп. Себеби, батыш өлкөлөрдүн адам укугун иликтөө мониторингинин тажрыйбасы чоң. Ошого жараша көп пайдалуу кеңештерди берет.
Талдоочулар 2013-жылы Украинадан башталган АКШ-Орусия мамилелеринин бузулушу Кыргызстанды тышкы саясатта бирөөнү тандоого мажбурлаганын айтышат. Натыйжада Орусияга ыктаган кыргыз бийлиги иш жүзүндө Вашингтон менен мамилесин суутуп алды. Анын башы 2014-жылы “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик борбору чыгып кеткенден кийин башталган.
Бир жыл мурун АКШнын Мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” ыйгарган сыйлыгынан соң, ТИМ расмий Вашингтонду сындап, ошондо да дипломатияда колдонулбачу сөздөрдөн турган билдирүү жарыялаган. Ага улай өкмөт 1993-жылы кол коюлган Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташуу тууралуу келишимин денонсациялаган. Буларга кошумча жарандык коомдук каршылыгына карабай Орусиянын аналогунда жазылган “чет элдик тыңчылар” тууралуу мыйзамды кыргыз парламенти үчүнчү окууда кароо алдында турат.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кээ бир эл аралык маселеде кыргыз бийлиги эмоцияга алдырып, натыйжада тышкы саясатта Кыргызстан аксап жатат деген ойдо:
- Акыркы кезде геосаясий оюндар Борбор Азияда аябай күчөдү. Эл аралык абал кооптуу болуп турган кезде биздин бийлик акыл калчап, бардык жагынан таразага салып иш кылса болмок. Тилекке каршы ал бүгүнкү күндө сезилбей, тышкы саясатта эмоцияга алдырып атабыз.
Адам укугу жаатындагы дүйнөлүк анализде 2015-жылы Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укуктарынын абалы начарлап баратат деп жазылган. Дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүндөгү адам укугу тууралуу баяндамада Кыргызстандагы абал 36 баракта камтылып, анда кыйноо фактылары кеңири кулач жайганы камтылды.