Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Кыргыз Фемидасынын таразасы оңоло элек


Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сот реформасынын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын белгиледи.

Жаңы мыйзам кодекстери жемишин бердиби? Тергөө амалдары жакшырдыбы? Сот жогорку бийликтен көз каранды болбой адилеттүүлүккө умтулуп жатабы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, сот реформасы боюнча кеңештин мүчөсү Эмил Токтошев, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев жана укук коргоочу Азиза Абдирасулова катышты.

«Азаттык»: - Эмил мырза, президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын айтты. Кандай жыйынтыктар жөнүндө сөз болуп жатат?

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

Эмил Токтошев: - Былтыр Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында президент сотторго кайрылып: «Силерге эмне керек? Маянаны көбөйтөбүз. Материалдык-техникалык базаны жакшыртыш керекпи? Каражат табылат, сотторго элдин ишеними жок, силердин колу-бутуңарды буубайбыз, эл үчүн таза иштеп бергиле, атайын программа да кабыл алалы, бир жылдан кийин жыйынтыгын көрөлү», - деген.

Каражат боюнча айтсак, 2018-жылга салыштырганда сотторго 2019-жылы 45% көп акча бөлүндү, башкача айтканда, 700 миллион сомдон ашык каражат кошумча берилди. Бул каражат соттордо видео көзөмөл орнотууга, имараттарды оңдоого ж.б. материалдык-техникалык муктаждыктарды канааттандырууга жумшалды. Соттордун таза иштеши үчүн аларга шарт түзүп берели деген саясат болду. Президент айткан жылыштардын негизгиси ушулар.

2019-жылдын башынан күчүнө кирген кодекстер, мыйзамдар менен иштөө боюнча өкмөт, Ички иштер министрлиги, коррупция менен күрөшүү боюнча органдар маалыматтарды беришти. Бул багытта да көп жылыштар бар экенин билдик, ошол эле учурда кемчиликтер бар экендиги айтылды.

«Азаттык»: - Чолпонкул агай, «сот реформасынын негизги маселеси – таза сотторду тандай албай жатабыз, сотторду тандоо комиссиясынын кесипкөйлүгү начар» деп сын айткандар да көп. Маселе ушул комиссияда элеби же башка жактабы?

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

Чолпонкул Арабаев: - Кыргызда «керкисинде да, кемигинде да» деген жакшы сөз бар. Биринчи кезекте сотторду тандаган кеңештин өзү татыктуу болушу керек. Азыркы иштеп жаткан Конституциянын концепциясын башында даярдап жатканда Сотторду тандоо кеңеши жөнүндө ойлор, сунуштар такыр башка болчу. Натыйжада Сотторду тандоо кеңешин түзүүдө Жогорку Кеңеш, башка бийлик бутактары бөлүшүп кетип, коомчулуктун катышуусу аз болуп калды.

Сотторду тандоо кеңешине сот системасын билген киши кириши керек. Кыргызстанда татыктуу инсандар, кесипкөй юристтер көп. Президент Жогорку соттун 95 жылдыгында «юридикалык билимдин эң жогорку деңгээли соттордо болуш керек» деп туура айтты. Демек, судьялык кызматка татыктуунун татыктуусу гана барышы керек.

Дагы бир маселе: азыркы соттордо иш өтө көп. Түшкө чейин жарандык ишти караса, түштөн кийин салыкка байланышкан ишти карап, соттордун жалпы ишине кедергисин тийгизүүдө. Иштин сапаты төмөн. Ошондуктан биз сотторду адистештирүүгө өткөрүшүбүз керек.

Кыргызстан көз каранды эмес мамлекет катары БУУнун мүчөсү, ага байланыштуу ондогон эл аралык келишимдерге, мамлекеттер ортосундагы жүздөгөн макулдашууларга кол койгонбуз. Алардын баарын окуш керек, өздөштүрүш керек. Сот акыйкат болуш үчүн көптү билиш керек, изилдеп чыгыш керек. Ошондо гана гумандуу чечим чыгат. Бизде, тилекке каршы, сот чечимдери конвейердей эле кетип жатат. Ушуларды эске алганда Кыргызстанда бирдиктүү укуктук саясат жок. Айталы, сотко адвокат катышат, тергөөчү, мамлекеттик айыптоочу-прокурор жана сот катышат. Эми ошол төртөөнүн бир иш боюнча мамилеси төрт башка.

«Азаттык»: - Азиза айым, сот реформасы жөнүндө кеп болгондо иштеп жаткан судьялардын иши тууралуу гана сын көп айтылат. Сот реформасынын башка укук коргоо органдарына тиешеси барбы? Болсо алар менен иштөөдө кандай реформалар болушу керек эле?

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Азиза Абдирасулова: - 2005-2010-жылдардагы элдик толкундоонун негизги себеби – сот адилеттигинин жоктугу болгон. Мындан сырткары элдин ички иштер органдарына, прокуратурага, башка укук коргоо органдарына ишенбестиги күчөгөн. Элдин бийликке ишенимин кайтаруунун маңызы – сот реформасы экендиги баса белгиленген. 2010-жылдан кийин сот реформасынын концепциясы жакшы эле болчу. Кийин реформаны сотторго гана оодарып койдук.

Сот реформасынын эң негизги көрсөткүчү – мыйзамдарда. Эл аралык стандарттарга ылайык келген, адам укугун коргоо принциптерин бузбаган мыйзамдар жазылышы керек болчу. Иш жүзүндө 2019-жылы күчүнө кирген 8 мыйзам, кодекстер бири-бирине карама-каршы келет. Бул - мыйзам долбоорлорун иштеп чыккандардын, аларды кабыл алган Жогорку Кеңештин күнөөсү. Ошол кемчиликтерди эми оңдош керек.

Дагы бир маселе бар. Кыргызстанда 7-8 мамлекеттик орган тергөө менен алектенет, ар кимиси ар кандай деңгээлде иш жүргүзүүдө. Калыс сот чечими болушу үчүн сапаттуу тергөө болушу керек. Бизде андай эмес. Башында иш туура козголуп, туура тергелип, бардык экспертизалар да сапаттуу жүргүзүлүшү керек. Соттор чайналбай чечим кабыл ала тургандай далилдер болушу зарыл. Ошондуктан өлкөдө тергөөнү кесипкөй адистер гана жүргүзө ала тургандай система түзүш керек.

(Талдоонун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG