“Азаттык”: Маалымат каражаттарында жарыялангандай, эл аралык комиссиянын корутундусунда Убактылуу өкмөт июнь трагедиясынын алдында улуттар аралык мамиленин чыңалуусун этибар алган эмес, чара көрбөгөн деп белгиленген. Албетте баяндама расмий жарыяланганга чейин бул маалыматтардын аныктыгын так айтуу кыйын. Ошентсе да сиз ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары айтсаңыз. Июнь коогалаңына Убактылуу өкмөттүн күнөөсү барбы?
Темир Сариев: Биринчиден, өзүңүз туура айттыңыз, бул маалыматтар расмий эмес, Менин билишимче, азыр президенттик аппаратта ошого комментарий жазып жатышат. Анан экөө бирдей жарыяланышы керек.
Кандайдыр бир деңгээлде баарыбыздын күнөөбүз бар. Анткени убагында үй-бүлөлүк башкаруу системасын күчөткөнгө көптөрү салым кошкон. 7-апрелден кийин бийлик кетип, Убактылуу өкмөт өзү жоопкерчиликти алып, кыска мөөнөттүн ичинде реформа жүргүзөбүз деген. Албетте мурунку кеткен бийлик жөн кеткен жок. Аларда күчтүү, кубаттуу ресурстар көп эле. Ошондуктан алар абдан катуу карама-карышылык көрсөттү. Ошонун кесепетинен бир топ кыйынчылыктар келип чыкты. Анын ичинде май окуялары болду. Мына Жалал-Абадда, Маевкада. Андан кийин июнда Ош окуясы болуп кетти. Ош окуясын чынын айтуу керек, бул улут аралык кагылышуу болуп кетти. Мунун өзүнүн тарыхы бар. Баарыбыз билебиз, 90-жылдарда да ушундай болгон.
Убактылуу өкмөттүн негизги кемчиликтери деп мен мындай айтат элем. Жергиликтүү бийликтин алсыздыгы, анын начардыгы, 7-апрелден кийин көп жерлерге жетекчиликке даяр эмес адамдар келип калган. Ага биздеги бир топ партиялар түздөн-түз күнөлүү болуп калышты. Экинчиден, укук коргоо органдарынын алсыздыгы. Анткени ушул 7-апрелден кийин мурунку бийликке кызмат кылып жүргөн адамдардын көбү кеткен. Албетте алмаштыруу кандайдыр бир мыйзам ченемдүү болду. Бирок ушул жагынан алсыз болуп калды да. Анын үстүнө саботаж да болгон. Үчүнчүсү, 7-апрелден кийин элдин кандайдыр бир козголуп, дүүлүгүп алганы болгон да. Бул өзүнүн кесепетин да берди.
“Азаттык”: Убактылуу өкмөттүн башында бир катар лидерлер турбадыбы. Алардын катарында сиз да болчусуз. Июнь коогасында Убактылуу өкмөттүн конкреттүү күнөөлөрү барбы?
Темир Сариев: Мен Убактылуу өкмөттүн ичинде каржы жана банк тармагына жооп бергем. Ошол тарап боюнча толук жооп бергенге даярмын. Ал эми Убактылуу өкмөттүн орун басарларынын бирөөсү күч органдарын толук көзөмөлгө алып, комиссиянын башчысы болгон. Анан кийин күч органдарынын башында турган адамдар бар эле. Албетте, кандайдыр бир мезгилде бизге убакыт да, кесипкөйлүк да жетпей калды. Алсыздык болуп калды. Мен июнь окуялары боюнча парламентте сүйлөгөн сөзүмдө айттым эле. Албетте биз аппапакпыз деп айта албайбыз. Кандайдыр бир деңгээлде биздин моралдык күнөөбүз бар.
“Азаттык”: Эл аралык комиссиянын корутундусу ушул нукта жарыялана турган болсо, коомчулук тарабынан кандай кабыл алынат? Комиссиянын жыйынтыгы жарашууга, абалды турукташтырууга жол ачабы?
Темир Сариев: Менин угушума караганда бир топ нерселер жазылган экен. Ошонун ичинде жер маселеси, территориалдык, чек ара маселеси да жазылып кеткен экен. Эгер ошолор, айткандары чын болуп, расмий маалымат жарыяланса, бул тескерисинче элди козголоңго алып келет. Кайра улут аралык кагылышууга алып келиши мүмкүн. Анкени бир топ нерселерди туура эмес жазган дейт. Анан биз билебиз да. Бул комиссия Отунбаеванын демилгеси менен түзүлгөн. Ошол убакта эл аралык коомчулукта ар түрдүү сөздөр болуп калган да. Ушуну токтотуш үчүн деп түзүлгөн. Бирок булар токтотпой, себебин таппай эле, бир жактуу болуп калган деп, ошол улут аралык болуп, кыргыздар кандайдыр бир деңгээлде өзбектерге үстөмдүк көргөзгөн дегендей жазылган деп жатышат да. Расмийин ала элекпиз. Ошондой болуп калса, бул биригүүгө, тынчтыкка алып келбейт. Тескерисинче, кандайдыр бир кооптуу абалга алып келип калышы мүмкүн.
“Азаттык”: Айрым саясатчылар комиссия тыянагынан улам эл аралык коомчулук Кыргызстанга каршы кандайдыр бир чараларды көрүүсү ыктымал, чектөөлөр болушу мүмкүн деп айтып жатышат. Эл аралык коомчулук тарабынан кандай реакция болушу мүмкүн, комиссиянын корутундусу кандай күчкө ээ болот?
Темир Сариев: Чектөөлөр болот деп айта албайм. Анткени, бул кагылышуу чоң кырсык. Эми бул көп эле мамлекеттерде болуп жатат. Негизинен мамлекеттин позициясы бул боюнча бар. Анткени мамлекеттик комиссия болуп, алар өздөрүнүн корутундусун чыгарып, ал парламентте талкууланган.
“Азаттык”: Ал эми ушул эл аралык коомчулук жана комиссия кайсы бир чараларды көрүү демилгелерин көтөрүшү мүмкүнбү?
Темир Сариев: Мен ойлойм, аларда чара көрүү боюнча мандат жок. Ал эми атайын эл аралык органдар бар да. Мисалы, коопсуздук кызматы, БУУ өңдүү. Эгерде алар жактан комиссия болуп андай кийин бир жыйынтыкка келсе, чаралар көрүлүшү мүмкүн болчу.
“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.