Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:22

Кремлдин чабарманы Украина, АКШ жана Орусия согушту токтотуу үчүн мунасага жакындап калганын айтты


Кирилл Дмитриев
Кирилл Дмитриев

Кремлдин атайын чабарманы Кирилл Дмитриев CNN каналына берген интервьюсунда Орусия, Украина жана АКШ согушту токтотуу үчүн "дипломатиялык чечимге" жакындап калганын айткан.

"Менимче, чыныгы маселе - диалогду улантуу, кризисти тынчтык жолу менен чечүү, ишке ашпай турган сунуштардын ордуна чындыкка шайкеш чечимдерди берүү", - деген Дмитриев.

Путин ок атууну токтотууга жана согушту фронттун азыркы сызыгында калтырууга эмнеге каршы деген суроого Дмитриев "Орусия ок атышууну гана эмес, чыр-чатакты толугу менен жоюуну көздөйт" деп жооп берген. Анын айтымында, ок атууну токтотуу келишими дайыма бузулушу мүмкүн жана ал тараптарга куралданып алууга шарт түзөт.

"Фронттун сызыгы тууралуу сөз болуп жатканын кабылдоо Украинанын президенти үчүн чоң кадам. Мындан мурда ал Орусия (Украинанын оккупацияланган аймактарынан) толук чыгып кетиши керек деген позицияны карманчу. Ошондуктан биз маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө жакындадык деп ойлойм", - деп белгиледи Кремлдин чабарманы.

25-октябрда жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, Кирилл Дмитриев менен АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткофф жолугары кабарланган.

Мунун алдында Трамптын администрациясы Орусиянын эки ири мунай компаниясына каршы санкция киргизген. Бул Трамп АКШга президент болуп келгенден бери киргизилген алгачкы санкциялар. (KS)


Шерине

XS
SM
MD
LG