26-октябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Киевге сокку уруп, шаардагы Десянский аймагында учкучсуз учактын сыныктары тогуз кабаттуу турак үйгө тийип, экинчи кабатта өрт чыккан. Анын кесепетинен үч киши каза болгонун калаа мэри Виталий Кличко билдирди.
Десянскиде дрон жарылуусунан көп кабаттуу үйдүн айнеги күбүлгөн. Дагы бир учкучсуз учактын сыныктары 16 кабаттуу үйгө кулаган.
Украинанын аба күчтөрүнүн маалыматында, Орусия Украинага 101 дрон учуруп , анын 90у атып түшүрүлгөн. Бешөө төрт объектиге тийген.
Украинанын президенти Зеленский соккудан кийинки видеону Телеграм-каналына жүктөп, "Орусиянын ар бир соккусу - жай турмушка болушунча зыян келтирүү" деп жазды.
Зеленский кошумчалагандай, Орусия соңку аптада Украинага ар кандай курал-жарак менен миңден ашуун сокку урган. Анын ичинде 1200ү дрон, 1360ү кол менен башкарылган авиациялык бомба, 50дөн ашууну түрдүү ракеталар менен жасалган.(KS)
Орусиянын Киевге соккусунан үч киши каза болду
Шерине