Соттун чечимине ылайык Шыкмаматов эркиндикте калганы менен 5 млн. сом айыпка жыгылды. Ал эми Эсеп палатасынын мурдагы кызматкери Жусуп Иманалиев 10 жылга эркинен ажыратылса, “Барат-Юкс” компаниясынын жетекчиси, Германиянын жараны Али Юксел кылмыш жазадан бошотулду. Соттун чечиминен соң тараптар ар кандай пикирде калды.
Кеч окулган өкүм
Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу сот өкүмүн кечки саат сегизде окуй баштады. Алмамбет Шыкмаматовго жазаны аныктап жатып, судья депутаттын мурда соттолбогонун, туруктуу жумушу жана жашаган жери бар экенин эске алып, аны эркиндигинен ажыратпай турган чечимге токтолду. Ошентсе да сот депутатты айрым беренелер боюнча күнөөлүү деп тапты.
- Алмамбет Шыкмаматов Кылмыш кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп табылсын жана 50 миң шарттуу бирдикке (5 млн. сом) мамлекеттин эсебине айып салынсын. Сот өкүмү күчүнө киргенден кийин Шыкмаматов үй камагынан бошотулсун.
Шыкмаматовдун сотуна күбөлөр келбеди
Шыкмаматовдун сотуна күбөлөр келбеди
Сот өз өкүмүндө ишкер Али Юкселдин өтө оор эмес кылмышынын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза жоопкерчилигинен бошотуп, аны менен кошо үй-мүлкү конфискациядан чыгарылды.
Ал эми экс-депутат Жусуп Иманалиев 2013-жылы эле соттолуп, камакта келатканына байланыштуу он жылга эркинен ажыратылышын Айбек Эрнис уулу төмөндөгүдөй жагдайга байлады.
- Иманалиев буга чейин абакта отурганына байланыштуу Кылмыш кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 59-беренеси ("Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө") менен күнөөлүү деп табылсын. Айыпталуучу 10 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланып, үч жылга мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылсын жана жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн түзөтүү колониясында өтөсүн.
Иманалиев макул, Шыкмаматов каршы
Анткен менен Иманалиевдин жаза мөөнөтү 2013-жылдан баштап эсептелип, бир күнү эки күнгө барабар болмокчу. Иманалиев айыпталуучулардын арасынан темир торго камалып калганы менен, соттун чечимине доосу жок экенин “Азаттыкка” айтты. Анын жактоочусу Медет Талиев:
- Менин оюмча Иманалиевдин 2013-жылдан бери абакта экенин эске алсак, өкүм жакшы эле болду. Ага он жыл берди, бирок анын ичине буга чейинки жылдагы түрмөдө отурган күндөрү да эсептелет. Эгерде ар бир күнү эки күнгө эсептелсе, Иманалиев болжол менен жарым жылдан ашыгыраак убакыттан кийин эркиндикке чыгып калышы керек.
Жусуп Иманалиевге салыштырмалуу соттогу негизги фигурант, саясатчы Алмамбет Шыкмаматов сот өкүмүнө макул эместигин, ал доо арыз менен шаардык сотко кайрыла турганын дароо айтып чыкты. Ал кылмыш иши жасалма экендигин аягына чейин далилдеп, сот чыгарган 5 млн. сом айып боюнча да талашканы турат.
- Мына бүгүн тергөө, прокуратура жана сот бир команда болгону дагы бир жолу көрүнүп калды. Анткени тергөөнүн уятын чыгарбаш үчүн, башкы прокурор Индира Жолдубаеванын туура эмес иш козгогонун жокко чыгарбаш үчүн сот алардын абийирин жаап, жымсалдап мени күнөөлүү деп койду. Эгерде чындык орносо менин эч кандай күнөөм да жок. Менин ишимде кылмыштын курамы эмес, заты да жок.
Соттун чечимине прокурорлор Үмүт Коңкубаева жана Бакыт Калмурзаев кандайдыр комментарий берүүдөн баш тартты. Белгилей кетсек, мамлекеттик айыптоочулар Алмамбет Шыкмаматов менен Али Юкселди сегиз, Жусуп Иманалиевди тогуз жылга эркинен ажыратууну, үчөөнүн тең үй мүлкүн конфискациялоону суранган.
Ушундан улам прокуратура азырынча шаардык сотко доо арыз менен кайрылар-кайрылбасы белгисиз, бирок Шыкмаматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекова сот өкүмүн шаардык сотто талашууга азыртадан эле кам көрө баштагандай.
Башкы прокуратура Алмамбет Шыкмаматов менен “Барат-Юкс” компаниясынын жетекчи Али Юксел жана 2011-жылы Эсеп палатасынын кызматкери Жусуп Иманалиевге 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон. Аларга "2011-жылы өз ара сүйлөшүп алып, Эсеп палатасына кызматтык автоунаа сатып алыш үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган.
Алты жыл мурун Эсеп палатасына сатылган машинелердин арасында Шыкмаматовдун аялына таандык "Мерседес-Бенц" автоунаасы да болгон жана прокуратура бул автоунаа базар баасынан кымбат сатылганын жүйө келтирген. Бирок Шыкмаматов бул айыптарды четке кагып, ишти "саясий куугунтук" деп баалап келет.