Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

"Атамекенчилердин" иши: күбөлөр жаңы жагдайларды айтты


Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдү суроону улантты.

Бул жолку отурумда “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу, депутат Алмамбет Шыкмаматов жана партия мүчөсү Калысбек Боронбаев келип, күбө катары суроолорго жооп беришти.

Ошол эле учурда күч органдары тараптан буга чейин тергөөдө суралган айрым адамдардын сотко келбей жатышы адвокаттардын күмөн саноосун күчөтүүдө.

Прокурордун күбөлөрү неге келбейт?

Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов “Азаттыкка” билдиргендей, бул адамдар тергөөдө айыпталуучунун күнөөсү жок деп көрсөтмө берген болушу мүмкүн. Мындан улам прокуратура аларды сотко алып келип, Текебаевди жактаган көрсөтмөнү угууга кызыкдар эмес дейт.

- Негизи тергөө амалдары жүрүп жатканда дагы кошумча алты адамды суракка алышкан. Бирок бул адамдарды айыптоочулар күбө катары тизмеден алып салышкан. Аларды атайлап эле тизмеден жашырып алып салууга прокурорлор кызыкдар болуп жатат. Биз аягына чейин алардын сотко келишин талап кылабыз. Күбөлөрдү сотко алып келүү прокурорлордун милдети, бирок алар өз жумушун аткарбай жатышат.

Прокурорлордун бири Кубанычбек Бейшекеев күбөлөрдү сотко чакыруу аракети ар кандай себептер менен ишке ашпай жатат деп билдирип, төмөнкүдөй сунушун киргизди.

- Күбөлөр Абыканова, Абдылдаев, Исмаилов, Үмөталиев, Бактаева жана Ишенбаевага сотко бир нече жолу чакыруу жөнөтсөк, үйлөрүндө жок болуп чыгышты. Мындан улам чакыруу өз колдоруна тапшырылган жок. Белгисиз себептер менен алар үйүндө жок болуп жатышат. Ошондуктан алардын тергөөдө берген көрсөтмөсүн окуп салуу менен чектелели.

Текебаев: күбөгө суроолорум көп

Айыпталуучу Өмүрбек Текебаев аты аталган күбөлөрдүн сотко келбей коюшу мүмкүн эместигин айтып, өз жүйөсүн келтирди:

- Мисалы, алардын бири Сүйөркул Бакиров ошол маалда Мүлк министринин статс катчысы болгон. Тергөө аларга өз суроосун берип, биздин суроолор берилбей калды. Аны атайлап алып келбей жатышат. Эгерде биз аларга суроолорду бере албасак кантип чындыкты табабыз? Мындан башка Эмил Үмөталиев белгилүү бизнесмен, маалында министр болгон. Андан башка Исмаил Исаков министр болгон. Бактаева деген дагы бир жоопкерчиликтүү адам өмүр бою Жогорку Кеңеште иштеп келе жатат. Булардын бардыгынын колуна соттон чакыруу келсе, сотко жүгүрүп келчү адамдар, бул жерде чакырууну прокуратура жөнөттүк дегени менен чындыгын биз билбейбиз.

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланды.

Прокуратура тараптын күбөлөрү сотко келбей жатканы менен, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун күбөлөрү узун сапта кезекте турушат. Бул саам күбө катары көрсөтмө берүү кезеги “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Калысбек Боронбаев, Текебаевдин ошол маалдагы күзөтчүсү Нурбек Абдырахманов жана “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматовго жетти. Алар буга чейин сотто көрсөтмө берген орус ишкери Леонид Маевскийдин айткандарын жалганга чыгарып, 2010-жылдын май айында Текебаев Маевский менен жолуккан эмес дешти.

Алмамбет Шыкмаматов тергөө иштеринде көрсөтмө берген Өмүрбек Абдырахмановдун сөзүн да партия лидерлерине жеке таарынычы болгон үчүн бирөөдөн уккандарын маалымат кылып айтып жүрөт деп билдирди.

Ошондой эле ал “Альфа Телеком” компаниясынын учурдагы жетекчиси Азат Базаркулов УКМКда Текебаевге каршы жалган көрсөтмө бергенин айтып чыкты.

- УКМКдан сурактан сыртка чыкканда артыман ал (Базаркулов - ред.) чыкты. Мен ага "Азат, эртеби, кечпи айткан сөздөрүңө жооп бересиң, калп үчүн бизде кылмыш жоопкерчилиги каралганын билесиңби?" дедим. Ошондо Базаркулов мага “байке, мени кыйнашты, мындан да калпты айтасың, Текебаев акча алганын көрдүм, жанында Шыкмаматов бар болчу деп айт деп кыйнады” – деди. Базаркулов ошондо ашыкча калп айта албайм деп, “Обама” кафесинде Маевский менен миллион доллар тууралуу сүйлөшкөн деп тергөөдө жалган көрсөткөн экен.

Эртең менен күбө, түштөн кийин айыпталуучу

Шыкмаматов күндүн биринчи жарымында Текебаевдин сотунда күбө катары көрсөтмө берсе, түштөн кийинки убакытты өзүнүн сотунда айыпталуучу катары улантты. Алмамбет Шыкмаматовдун соту деле күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү менен уланып, 2011-жылы Эсеп палатасына автоунаа сатып алуудагы тендердик комиссиянын мүчөлөрү күбө катары келишти.

Сотко келген күбөнүн бардыгы ал маалда Алмамбет Шыкмаматовдун тендердик комиссияга буйрук бербегенин, атүгүл тендердик комиссиянын ишине катышпаганын бир ооздон айтышты. Андан дагы күбө катары келген аудиторлордун көпчүлүгү тергөө учурунда басым жана коркутуу алдында көрсөтмө бергенин айтышты.

"Атамекенчилердин" соттук жараяндары

"Атамекенчилердин" соттук жараяндары

Текебаев баш болгон "Ата Мекен" партиясынын төрт өкүлүнө карата сот иштери бир учурда жүрүп жатат.

Ошентсе да тендер учурунда мыйзам бузулуп, унаалар алдын ала сатылып алынганы жана машинелерди аудиторлор өздөрү базардан таап келгени анык боло баштады. Бирок Шыкмаматов бул мыйзам бузууларга аны илештирүү акылга сыйбаган иш дейт.

- Чындап эле тендердин эрежеси бузулган. Себеби эреже боюнча машинелерди тендерден уткан фирма өзү таап келиши керек болчу, бирок аудиторлор өздөрү тапкан экен. Бирок Шыкмаматов ал тендерге катышкан эмес, тендерге тиешеси жок. Демек, мыйзам бузуу болгон күндө деле мени аралаштыруу туура эмес. Ал эми менин аялымдын машинеси фирмага кулактандыруу менен барган.

Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган. Тендер менен сатылып алынды деген "Мерседес-Бенц-Е" үлгүсүндөгү беш машиненин арасында депутаттын жубайына катталган, баасы жогорулатылган автоунаа болгону жарыяланган.

"Ата Мекен" партиясы жана Шыкмаматовдун өзү бул иштерди саясий куугунтук катары баалап келет.

"Ата Мекен" фракциясынан дагы бир депутат Аида Салянованын иши боюнча сот болсо өткөн аптада уланган жок. 7-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда боло турчу жараянда тараптардын күбөлөрү келбегенинен улам, ишти кароо 14-июлга жылды.

Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова муну негизсиз айыптоо деп четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG