Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Жаңы элчи диаспора өкүлдөрү менен жолукту


Алибек Жекшенкулов
Алибек Жекшенкулов

Москвадагы кыргыз коомчулугу жаңы элчини тосуп алышты.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп жаңы дайындалган Алибек Жекшенкулов 31-январда Москвадагы кыргыз коомчулугу менен жолугушту.

Диаспорадагы аксакалдар, коомдук ишмерлер, ишкерлер жана активисттер менен алгачкы кездешүүдө элчи Орусияда иштеген кыргызстандыктардын абалы эки өлкөнүн кызматташтыгына көз каранды экенин белгиледи.

Ишмердүүлүгүндө биринчи кезекте саясий-экономикалык маселелерге көңүл бура турганын баса белгилеп өттү.

- Мигранттардын көйгөйүн чечүү үчүн алгач Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилени оңдоп, ортодо болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, саясий, маданий, экономикалык мамилелерди чыңдаш керек деген максаттар алдыга коюлду. Марттын аягында Орусиянын президенти Владимир Путин менен тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Бишкекке сапарлары дайындалууда. Анда Кыргызстан үчүн маанилүү маселелер каралып, келишимдер кабыл алынышы күтүлүп жатат.

Орусиядагы кыргыз элчиси 15-январда кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен дайындалгандан кийин эле ишке жигердүү киришип, Москвада бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларга катышкан.

Орусиялык маалымат каражаттарына «Бишкек экинчи орус аскерий базасына каршы эместигин» билдирген дипломат тартип менен тазалыкты элчиликтин тегерегинен баштарын кошумчалады.

- Тегеректи айланып чыктым. Тартипти, көзөмөлдү күчөтүү керек. Коопсуздук сакталышы абзел. Ошон үчүн консулдуктун айланасында «документ жасап берем» дегендер жана башка күмөндүү ишкердик жүргүзгөндөр тескелет. Консулдукка ким кирип-чыгып жатканы, элчиликтин айланасында жүргөндөрдүн баары каралат. Керек болсо, өзүбүздүн ИИМ кызматкерлерин формачан тургузуп коебуз, орусиялык органдар менен да кызматташабыз.

Ошол эле маалда элчи диаспора чече ала турган маселелердин баарын эле элчиликке жүктөй бербөөнү келгендерден суранды.

- Бардыгын эле элчиге жүктөй бербегиле. Элчиликте, консулдукта кырктай адам иштейбиз. Ар кимдин өз милдети бар. Ал жерде да маселе көп. «Ички ашкананы» силерге айтып берүүнүн муктаждыгы жок, туура эмес да болуп калат. Ынтымакка келип, биргелешип аракет кылсаңар, баштаган иш жакшы жыйынтык берет. Аны колдоп бергенге даярбыз. Жөндүү сунуш же маселеңер болсо, кабылдамага кезек менен жазылып, өзүмө киргиле.

«Диаспоралардын күчү менен мигранттардын бир топ маселеси чечилип жатканын» белгилеген элчи, алардын эмгегин баалап, бирок, «тойго чакыруулар болсо бара албасын» тамаша-чыны аралаш кошумчалай кетти.

Алибек Жекшенкулов мигранттарды түйшөлткөн аба жана темир жол каттамдарындагы билет баасы тууралуу Орусиянын темир жол мекемесинин башчысы менен жолукканын, анда тарифтерди кыскартуу боюнча маселе талкууланганын белгилей кетти.

Москвадагы кыргыз диаспора өкүлдөрү
Москвадагы кыргыз диаспора өкүлдөрү

Жыйында Кыргызстандын ИИМнин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү менен консулдуктун былтыркы жылдагы иштери тууралуу коомчулукка кыскача маалымат берилди.

Москвада эки жылдан бери иштеп жаткан Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Төлөнбай Кожобаев учурда мигранттардын эмгек келишими жок иштеп, маянасын албай калып жатканы көйгөйлүү маселе болуп турганына токтолду.

- Жарандарыбыз 2017-жылы жалпы 107 миллион рубль эмгек акыcын албай калып бизге кайрылган. Анын 41 миллион рублин кайтарып бере алдык. 2018-жылы 128 миллион рубль эмгек акы боюнча арыз түшүп, 61 миллион рублди иш берүүчүлөрдөн алып бере алдык. Биздин кызматкерлер ишканаларга чейин барып, жетекчилери менен сүйлөшүп, ушундай жыйынтыктарга жетип жатат. Башкы маселе – жарандарыбыздын 80 пайызга жакыны эмгек келишимин түзбөй эле макул болуп, ишке кирип жатканы. Мунун айынан биздин сөзүбүз кыска болуп жатат. Ага карабай Орусиянын Тергөө комитети аркылуу мурдагы жылы 3,5 миллион рубль, былтыр 3 миллион рублдин тегерегинде эмгек акыны иш берүүчүлөрдөн жарандарыбызга өндүрүп бере алдык.

Миграция кызматынан өкүлү Төлөнбай Кожобаев, мамкызматтын жетекчи орун басары Самат Токтоболотов, элчи Алибек Жекшенкулов, кеңешчи-консул Эдуард Насиров, КРнын ИИмнин өкүлү Абдиш Коомбаев
Миграция кызматынан өкүлү Төлөнбай Кожобаев, мамкызматтын жетекчи орун басары Самат Токтоболотов, элчи Алибек Жекшенкулов, кеңешчи-консул Эдуард Насиров, КРнын ИИмнин өкүлү Абдиш Коомбаев

Өткөн жылдын соңунда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү болуп дайындалган Абдиш Коомбаев мигранттар арасында кылмыштуулук маселесине токтолуп, өткөн жылы Орусияда кыргыз жарандары кириптер болгон 3 миңдей кылмыш катталганын кабарлады.

- 2018-жылы кыргыз жараны Орусияда 2802 кылмыш ишине кириптер болгон. Алардын 60 пайызы оор кылмыштар - адам өлтүрүү, денесине оор залал келтирүү, каракчылык, тоноо. Былтыр Орусияда кыргыз жарандарына карата 1522 кылмыш катталган. Көбү алдамчылык, уурулук. Жалпысынан алып караганда КМШ өлкөлөрүнөн келген адамдардын Орусияда кылган кылмыштарынын ичинен кыргызстандыктардыкы 0,2-0,3 пайызды гана түзөт. Иштейм деп келип жаштардын кылмышка кириптер болуп жаткан себеби – бул өздөрүн сыртта бош коюп, каалганын кылып жатканы. Декарбдын аягындагы маалымат боюнча азыр Орусиянын абактарында 1210 киши жазасын өтөп жатат. Биз алардын арасында жеңил кылмыш иштери боюнча соттолгондорду Кыргызстанга которуу маселесин карап жатабыз. Орусияда алар чет өлкөлүк жаран катары жаза мөөнөтүнүн акырына чейин отурушат. Ал эми Кыргызстанга которулса, кандайдыр бир жеңилдик алышы мүмкүн.

Ал эми элчинин кеңешчиси, консул Эдуард Насиров консулдуктун жарандарды тейлөө кызматы боюнча маалымат бөлүштү.

- Консулдук бөлүм тарабынан жарандарыбызга жыл ичинде 17 миң 665 кызмат көрсөтүлгөн. Бул керектүү мамлекеттик документтерди берүү боюнча. Жарандардын укугун коргоо боюнча консулдуктун кызматкелери 336 жолу сот, полиция бөлүмү, жумуш берүүчү ишканаларга чыгышкан. Мындан тышкары былтыр Москва боюнча каза болгон 150 адамдын сөөгүн мекенге жөнөтүүгө укуктук, юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Кыргызстандын социалдык коргоо министрлиги менен биргеликте Москвада ата-энеси баш тарткан 11 бала мекенге жөнөтүлгөн. Консулдуктун жардамы менен жакындары издеген эки адамдын дайыны аныкталып, алардын жашаган жери аныкталган. Буга кошумча консулдукка, элчиликтин сайтына ар кандай суроолор боюнча миңдеген кайрылуулар болгон.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын аксакалдары, коомдук уюмдардын жетекчилери менен активисттери эмгек мигранттарын түйшөлткөн башкы маселелерди көтөрүштү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG