Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Майлуу-Суу: экологияга көңүл бургула!


Майлуу-Суудагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу жалгыз гана Кыргызстандын иши болууга тийиш эмес. Бул тууралуу 25-октябрда Жалал-Абад облусуна иш сапар менен келген өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Майлуу-Сууда Дүйнөлүк банк бөлгөн 11 млн. доллардан ашык каражатка 2005-жылдан бери Совет жылдарында аталган шаарга көмүлгөн уран калдыктарын зыянсыздандыруу иштери жүрүүдө. Буга байланыштуу “Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу" аттуу долбоордун убактылуу жетекчиси Тажикан Көчкөнбаева маалымат берди.

Анын айтымында, Майлуу-Сууда уран калдыктары 23 жерге көмүлгөн жана дагы 13 жайда отвалдар бар. Учурда кооптуу деп эсептелип, үч жайга көмүлгөн калдыктарды башка жайга көчүрүүнү жыл этегине чейин аяктоо милдети турат. Бул Борбор Азияда биринчи жолу ишке ашууда. Көчүрүлгөндөн калган башка уран калдыктары табигый кырсык маалында коркунуч келтирбеши үчүн кошумча каражаттар талап кылынууда:

- Мурда уран калдыктарынын бардыгы суунун жээгине жайгашып калган. Аларды зыянсыздандыруу жана өзгөчө кырдаалдардан сактануу үчүн мамлекет жардам сураганда 2004-жылы Дүйнөлүк банк, Жапон банкы, Глобалдык фонд, кыргыз өкмөтү 11 млн. 900 миң доллар бөлгөн. Долбоор боюнча уран калдыктуу үчүнчү, он сегизинчи жайларды жогорку жактагы алтынчы жайга ташып атабыз. Бул иштердин 90 пайызы аяктады. Үчүнчү жайдын үстүндө Тектоник аттуу көчкү бар. Эгер жер силкинсе, ошол көчкү урап түшүп, же жер көчкү жүрсө, он сегизинчи жана үчүнчү жайлар сүрүлүп келип, ушул сууну бөгөп калышы ыктымал.

Майлуу-Сууга келген өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев уулуу заттарды зыянсыздандыруу иши менен таанышты. Анын айтымында, мурда Майлуу-Суудагы уранды Советтер Союзунун курамындагы Борбор Азия өлкөлөрү да иштеткен. Уу калдыктары бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнө зыянын тийгизиши ыктымал. Ошондуктан уулуу заттардан арылуу ишине кошуна башка өлкөлөр да кызыкдар болушу керек:

- Борбор Азияда бардыгынын кызыкчылыгы болушу керек. Илгери бардыгыбыз бир мамлекет болгонбуз. Көйгөйлөр бир эле бизде болбошу керек, уранды бардыгы алган. Маселени коңшу өлкөлөргө да коюу керек.

Уран калдыктары адамдын саламаттыгына да таасир этиши ыктымал. Алар көмүлгөн бир жарым чакырым жайдан өтөөрдө өзүн жаман сезээрин Акылбек Тургунбаев айтты:

- Ушул жерден Көгөй айылына өтүп баратканда башым ооруйт, сасык жыт пайда болот. Бул жердин эки тарабында аба тазадай. Көрсө уран калдыктары көмүлгөн жерлер экен. Көпчүлүк адам билбейт. Майлуу-Суу сайына кошулбашы керек да. Сайдын ылдый жагында көп айыл-кыштак бар. Алар түтүктөн суу чыкпай калганда, сууну ушул дарыядан алышат. Талаада иштеп атканда чаңкасак, биз да ушул дарыяга ууланган арыктан суу алып ичебиз.

Жергиликтүү тургун Курбидин Айтиев жаан-чачын маалында булганган суулар Майлуу-Суу дарыясына агып түшүшү ыктымалдыгын белгиледи:

- Калдыктарды ташыган машиналардын артынан шаарда чаң калууда. Бекем сакталган ордунан козгобош керек эле. Бул ишке чейин абал салыштырмалуу жакшы болчу, азыр жаман болуп калды. Ден соолук да жайында эмес, жүрөгүм, башым, муундарым ооруйт. Азыр дарыланып жүрөм.

Майлуу-Суу шаарынын мэри Рахатбек Бакалаевдин айтымында, уран калдыктарына көзөмөл күчтүү:

- Жок, андай коркунучтар жок. Текшерүүлөр жүрөт. Өзүбүз көз салабыз. Андан тышкары долбоордун жана аны аткаруучулардын техникалык жактан
көзөмөлчүлөрү иштейт. Коопсуздук кызматтары карайт. Сууга түшпөйт. Тектоник деген жерден көчкү Майлуу-Суу суусуна түшсө, биздин шаардын ылдыйкы көчөлөрүнүн калкына, Ноокен районундагы айыл-кыштактарга, андан ары Өзбекстанга кирип кетүүсүнө коркунуч бар эле. Азыр ошол алтынчы жайга көчүрүп ,алпарып көмгөнү биздин коопсуздугубузду сактап турат десек болот.


Майлуу-Сууда 1947-1966-жылдары иштетилген уран калдыктары ушул шаарга көмүлгөн.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG