Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Исаевдин соту: тездик менен каралган иш


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин тарапкерлери "райондук сот депутаттын ишин өтө эле тездик менен кароого киришти" деп тынчсызданып жатышат.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге эки кылмыш иши козголгон. Учурда Биринчи май райондук сотунда "2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турганда жер тилкелерин саткан" деген айып боюнча иш каралууда.

Экинчи кылмыш иши 30-сентябрда "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген айып менен козголуп, тергөө уланып жаткандыктан иш сотко жете элек.

Өкүм жаңы жылга чейин чыгабы?

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевдин 21-декабрдагы соту кылмыш ишиндеги материалдарды иликтөөдөн башталды.

Адвокат Бакыт Осмоналиев кылмыш иши боюнча материлдар иликтенип жатканын, жарыш сөзгө аз гана убакыт калганын айтты.

- Кылмыш ишиндеги материалдар изилденип жатат. Андан соң бизден өтүнүчтөр болсо карайт, андан кийин жарыш сөзгө өтөбүз. Негизинен буга чейин күбөлөр ар кандай көрсөтмөлөрдү беришти, арасында айыпты төгүнгө чыгаргандары да, тастыктагандары да болду.

УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин пикиринде, иштеги материалдар бир нече томду камтыганына карабай, судьянын аларды бир күндө эле карап, отурумду шашылыш алып барганы шектендирет. Анын оюнда, бийлик Исаевди жаңы жылга чейин соттоп бүтүүгө аракет кылып жатат.

- Биздин укканыбызга караганда, Исаевди жаңы жылга чейин соттоп, сотту бүтүрүү аракети көрүлүп жатат. Эгерде мыйзамдын негизинде акыйкат чечим чыкса, Исаев толугу менен акталат. Бирок бийлик сотторго басым жасай турган болсо, кандай чечим чыгарын айтып болбойт.

Дүйшөбаевдин айтымында, тергөө органдары Канатбек Исаевдин Токмокто мэр болуп турган кезинде мыйзам бузганын аныктап бере алган жок.

Канатбек Исаевди коргоо комитети.
Канатбек Исаевди коргоо комитети.

“Кыргызстан” фракцясынын депутаты башынан эле ага каршы кылмыш иши саясый себеп менен козголгонун, айрыкча 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча бийликтин демилгесине каршы чыккандан бери ага “саясый куугунтук” башталганын айтып жүрөт.

Бирок парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыковдун көз карашында, Исаев өзүнүн мурдагы кылган мыйзамсыз иштерин жымсалдоого аракет кылып, маселеге саясый өңүт берип жатат.

- Чындыгында булардын баары эле маалында кылмыш кылып коюп, сот боло турган болсо “саясый куугунтук” деп айта беришет. Эгерде ал Токмоктогу жерлерди чындап эле саткан болсо, жооп бериши керек. Бирок азыр иш козголсо эле бийликке шылтай салуу өнөкөт болуп калды. Мунун бардыгы коомдун көңүлүн башка жакка буруп, тергөө органдарына басым көрсөтүш үчүн айтылууда. Системанын өзүндө саясий куугунтук болсо болушу мүмкүн, бирок Исаевге андай болуп жатат деп айта албайм.

Депутаттык комиссиянын бүтүмү

Быйыл жайында Жогорку Кеңеште депутат Исаевге байланыштуу түзүлгөн комиссия "ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон" деген бүтүмгө келген. Депутаттык комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев "Токмоктогу жерлер сатылсын" деген токтомду Исаевге чейинки мэр чыгарганы аныкталганын билдирген.

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров ал депутаттык комиссиянын корутундусу парламентте жактырылып, тийиштүү органдарга берилгенин, Исаевдин ишине фракциялаштары байма-бай кайрылып турарын кошумчалады.

- Канатбек Исаевге козголгон биринчи иш боюнча комиссиянын бүтүмүн органдарга жөнөткөнбүз. Ошондой эле козголгон экинчи кылмыш иши боюнча да “Кыргызстан” фракциясы өз чечимин чыгарган. Анда "тергөө мыйзамдын чегинде болсун" деген талапты Башкы прокуратура менен УКМКга жөнөткөнбүз. Мындан башка ноябрь айында парламентте комиссия түзүлгөн. Парламенттик комиссиянын мөөнөтү бүтө элек, менимче, бүтөр замат парламентте дагы каралат.

Канатбек Исаев жана Өмүрбек Бабанов.
Канатбек Исаев жана Өмүрбек Бабанов.

УКМКнын тергөө башкармалыгы Исаевди "Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган.

Июнь айында УКМК Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда китепкананын жерин да арзан баада сатып жибергени тууралуу документти таап, ишке тиркеген. Ал Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") алкагында козголгон иш боюнча эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына алынган.

Көп өтпөй президенттик шайлоого чукул 30-сентябрда Канатбек Исаев "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген шек менен белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Бул эпизод боюнча учурда тергөө уланып жаткандыктан, иш сотко жете элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG