Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Депутат Исаевди коргоо комитети түзүлдү


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

УКМК камакка алган Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевди коргоо комитети түзүлдү.

Комитет мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, депутатка козголгон кылмыш иши чагым жана каралоо болгонун айтып, укук коргоо органдарына бир нече талаптарды коюп чыгышты.

Ал арада атайын кызмат Исаев менен бирге бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн бир катар адамдар депутаттын күнөөсү бар деген көрсөтмөлөрдү берип жатканын кабарлады.

Депутат Канатбек Исаевди коргоо комитетин УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жетектейт. Комитет депутаттын укук тартибин коргоо органдарына бир нече талапты койду.

- Канатбек Исаевге болуп жаткан тергөө ачык, объективдүү, мыйзам чегинде болсун. Экинчиден, анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп үй камагына же болбосо эки жакка кетпөө боюнча чарага которулсун. Биз Канатбек Исаевге жоопкерчилик менен кепилдикти алабыз. Кайсы мезгилде болбосун сот органдарына болобу, тергөө органдарына болобу өз маалында келишине милдеттенме алабыз.

Исаевди коргоо комитетинин мүчөлөрү
Исаевди коргоо комитетинин мүчөлөрү

УКМК: көрсөтмөлөр туура чыгып келатат

Кеңешбек Дүйшөбаевдин баамында Канатбек Исаев шайлоо алдында күч органдардын чагымдан куралган кылтагына илинип калды. "Криминалдык чөйрөнү пайдаланып, кош стандарттуулукту карманган атайын кызматтын бул аракети чоң жаңжалга алып келиши мүмкүн" деп болжоду депутатты коргоо комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.

Бул арада Улуттук коопсуздук комитети Канатбек Исаевдин бийликти басып алуу аракети тергөө ишинде далилдене баштады деген маалымат таратты.

Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда Исаев менен чогуу кармалган адамдар депутаттын күнөөсү бар экенин жана анын катышуусун толугу менен ырастай турган көрсөтмөлөрдү берген.

- Канатбек Исаевге коюлуп жаткан күнөөлөр тергөө учурунда алынып жаткан далилдер менен дал келип жатат. Ал эми материалдардын арасында соттор аркылуу санкцияланган видео жана аудио материалдар Исаев жана анын тарапкерлери президенттик шайлоодо "добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланды" деген шылтоо менен өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирип, бийликке мыйзамсыз жол менен келүү максатын көздөгөг. Бул планды ишке ашыруу максатында Канатбек Исаев жана анын шериктештери ири өлчөмдөгү акча каражаты менен жаш балдарды үгүттөп, чогултуп жаткан.

"Караларды" ким колдонууда?

УКМК депутат Исаев жана шериктештери менен бирге уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрү да бар экенин жана алар план боюнча башаламандык учурунда укук коргоо органдарына каршы турмак деп ырастоодо.

Канатбек Исаевди коргоо комитетинин мүчөсү, коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов, “каралар” тескерисинче бийликке иштеп жатканын телефон аркылуу уюшма кылмыш топторунун сүйлөшкөндөрү далилдеп турганын айтты:

- Канатбек Исаевдин бирөөгө акча берип жаткан видеосу интернетке чыгып кетти. Ал видеодо Исаев кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө акча берген жок. Ал шайлоодо кызмат кылчу адамдарга акча берди. Эми ошол видеону эки криминалдын телефон сүйлөшүүлөрүнө байлап жатпайбы. Алардын бири-бирине тиешеси жок, бул чагым. Бул жерде, тескерисинче, бийлик саясий оппоненттерин куугунтуктоо үчүн криминал чөйрөсүн колдонду.

Ошол эле учурда Канатбек Исаевге коюлган доого ишенгендердин бири коомдук ишмер Жыпар Жекшеев өз оюн минтип негиздеди:

Жыпар Жекшеев
Жыпар Жекшеев

- Исаевдин акча берип, кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүн чогултуп жатканына ишенсе болот. Бул кыргыз саясатчыларына абдан мүнөздүү көрүнүш болуп калды. Чындыгында Исаев бийлик үчүн коркунуч туудурган фигура эмес. Ал өзүнө кылмыш иши козголгондуктан өз жанын сактоонун амалын издеп жаткан. Биздин саясатчылар кичине эле көйгөйлүү маселеге дуушар болуп калса көтөрүлүш кылып, кайра бийликке келүүгө далбастап жатканы эң типтүү көрүнүш болуп жатпайбы.

30-сентябрда Youtube порталында Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдап жаткандыгы тууралуу үч видео тасма тараган. Анын биринде Канатбек Исаевге окшош адам видео тасма тартып жаткан белгисиз жаранга 5 миң сомдуктардан куралган ири сумманы берип жатканы көрүнөт. Ошол күнү эле УКМК депутат Канатбек Исаевди “бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек" деген шек менен кармаган.

Аны менен менен кошо салык кызматкери Рамис Жунусалиев жана Сокулук районундагы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Деңиз Раимкулов кармалып, соттун чечими менен эки айлык мөөнөткө камалган.

2-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаевдин баш коргоо чарасын аныктап, депутатты тергөө аяктаганча камакта кармоо чечимин чыгарган.

Ушул эле күнү Исаевдин агасы, Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, аны бир тууганынын камакка алынышы менен негиздеди.

Бул арада Канатбек Исаевди коргоо комитетине экс-спикер Зайнидин Курманов, коомдук ишмерлер Чолпонбек Абыкеев жана Мамбетжунус Абылов, “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Нурлан Кудайбергенов, Нарын ИИБнын мурдагы жетекчиси Нарынбек Молдоисаев өңдүү адамдар киргени кабарланды. Алар бул өңдүү коргоо комитет Нарында да түзүлөрүн айтышууда.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясы өз мүчөсүнүн жана партия лидеринин камалышына баа бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG