Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Аспековдун камалышынын бүдөмүк жагдайлары


Мелис Аспеков
Мелис Аспеков

"Мекенчил" саясий партиясынын мүчөсү Мелис Аспековду УКМК "массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген негизде кылмыш ишин козгоп, камакка алды.

Анын алдында Аспеков кайсы бир топ менен бирге башаламандык уюштурууга даярданган телефондук сүйлөшүүлөрү деп жазылган аудиотасма интернетке жарыяланган.

Аудиотасмадагы телефон аркылуу сүйлөшкөн адамдардын бири Мелис Аспековдун бир нече жолку телефон чалышы таңкалычтуу жана атайылап чагым салуу үчүн жасалгандай болду деп билдирди.

Аспеков бийликти басып алууга шектелди

Мелис Аспековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны белгилүү бир топ менен келишип алып, президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганда бийликти басып алуу максатында массалык башаламандык уюштурууга далалат кылган деп кылмыш ишин козгоду. Козголгон иштин негизинде атайын кызмат кылмышка шектүүнү 9-октябрь күнү үйүнөн кармап кетти.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Мелис Аспеков депутат Канат Исаев менен биргеликте башаламандык уюштуруу үчүн адамдарды чогултууга аралашкан деп билдирди:

- Аспеков айрым жарандар менен бир бүтүмгө келип, Кыргызстандагы кырдаалды туруксуздаштыруу пландарына катышкан. Ошентип Мелис Аспеков Канат Исаев жана "Республика" партиясынын айрым жактоочулары менен бирге болуп, президенттик шайлоодо жана андан кийин башаламандыкка катышуу үчүн тарапкерлерди чогултуу аракетин көргөн.

"Башаламандык уюштуруу боюнча сүйлөшүү" деген аталышта интернетке тараган тасмада үнү Мелис Аспековдукуна окшош адам бир нече жарандарга чалып, шайлоодон кийинкиге адам чогултуу сунушу менен чыккан. Анда Мелис Аспеков чалган адамдарына бул иш кайсы бир чоң күчтөр менен алдын ала сүйлөшүлгөнүн айткан үнү жазылып алынган:

- Азыр биз Бабан менен сүйлөштүк. Он бешине карата чоң бир нерсе болуп кетчүдөй. Ошондой нерсе мүмкүн болуп жатат. Ага абдан чоң күчтөр иштеп жатат. Анан биз дагы ал жакка 1000-2000 адам чогултуп, ошол иш болуп кетсе, аны ошол жактан сүрүп чыгыш керек да. Азыр ал көпчүлүктүн астында кол берип, мына ошентип айтты. Бул жолу ал аягына чейин барчудай болуп жатат. Бизде эми курал жок. Бирок биз ошол жакта кетмен-күрөк, айры менен жыга чабышыбыз керек. Ошол күнү аянттан жолугабыз баарыбыз. Сен беш балаңбы болобу же 10 бала болобу, даярдап мына ошол күнү ошол жакта тура бергин...

Шектүү чалуулар чагымга ташталган торбу?

Интернет аркылуу тараган аудиотасмада Мелис Аспековдун "Нурбек", "Жусуп аке", "Абдумалик Мырзаев" жана "Мурат Жетимишбаев" деп аттары тасмада көрсөтүлгөн адамдар менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү угузулуп, ал жазуу жүзүндө чечмеленген. Үнү жазылып алынгандардын бири, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын мүчөсү Мурат Жетимишбаев Мелис Аспеков ага чынында эле бир нече жолу чалганын, бирок анын максаты чагымга окшоп, шек саноолорду жараткан деп билдирди.

Ошондой эле Мурат Жетимишбаев сүйлөшүү кескиленип, жазылып алынган үн толук эмес түрүндө интернетке жайгаштырылганын белгиледи:

- Мына ошол жигит мага бир нече жолу чалып, "кошулганы жатабыз, биз силердин партиялардын жетекчилери менен жолугушубуз керек. Сиз мени алар менен байланыштырып коюшуңуз керек" деди. Анан мен "сени алар менен мен кантип байланыштырайын? Өзүңөр эле билдирүү жасап чыккыла да" дедим. "Төрөбаевге бир ооз айтышым мүмкүн, чынында талапкердин өзү менен байланыштыра албайм" деген болчумун. Бирок чыккан аудиотасмада менин үнүмдүн көп жери жок. Кесилип салыныптыр. Анан мага кандайдыр бир шектүү телефон номурларды жазып жиберди. "Мына ошол адамдарга чалып койсоңуз, аларды сизди күтүп жатышат" деди. Ошол жерде мен бир жакшы эмес жагдайды шекшип калдым. Ошондуктан ал берген номурларга чалган жокмун. Бул жерде менин оозумдан бир нерсе чыгарып алууну көздөгөн таза эле чагым салынып жатат.

Мындан сырткары Мелис Аспеков жогорудагы жарандар менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда Эдил Байсалов, Адахан Мадумаров, Улукбек Кочкоров, Өмүрбек Бабанов жана Азимбек Бекназаров сыяктуу саясатчылардын айрымдарынын ысымдарын атаса, кээ бирлерин лакап аты менен тергеген.

Саясатчы Эдил Байсалов Аспековго коюлган айыптоону жасалмалуулук жана башка оппозицияны өкүлдөрүн коркутуу деп атады:

- Кандайдыр бир массалык башаламандык иш жүзүндө болмоюнча мыйзам боюнча "болот экен" же "даярдалып жатыптыр" деген негизде эч качан кылмыш иши козголбошу керек. Анан эми бизде мыйзам митинг-пикеттер сыяктуу тынч саясий акцияларга уруксат берет. Ошол айып койгондордун ою боюнча анда бизде эч качан андай митинг-пикеттерди өткөрүүгө болбойт. Анда ар бир эле кишини "митинг даярдап жатасың, демек башаламандык уюштурасың" деген негизде айып коюп, митинг боло электе эле аны камап сала берсе болот турбайбы. Бул бөйрөктөн шыйрак чыгарган укуктук жактан арык аттап, суу кечпеген айыптоо. Дал ушул бийлик мына ушундай жасалма доомат коюп, анын негизинде кээ бир оппозициялык активисттерди камап, ошону менен көпчүлүгүбүздү коркуткусу келип жатат.

Мелис Аспековго Кылмыш-жаза кодексинин кылмышка даярдануу үчүн жаза чарасын караган 27-берененин негизинде 233-беренедеги (массалык башаламандык уюштуруу) жана 295-беренедеги (бийликти күч менен басып алуу) сыяктуу кылмыш белгилери боюнча иш козголду. Ал мындан мурун таксистти тапанча менен коркуткан деген айыптоо менен төрт жылга кесилип чыккан.

Аспековдун телефондук сүйлөшүүлөрү качан жана кимдер тарабынан жазылып, жарыяланганы жана ал тыңшоолордун мыйзамдуулугу азырынча белгисиз. Мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген негиз менен буга чейин Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаев кармалып, эки айга камакка алынган.

Канат Исаев камакка алынган учурда да саясатчы кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен сүйлөшкөн деген аудио жана видео тасмалар интернет булактары аркылуу тараган болчу.

Мына ошондой эле жазылып алынган аудио-видео тасмалардын негизинде 2013-жылдан бери мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга айыптоо боюнча жыйырмадан ашуун саясатчы кармалып, алардын алды узак мөөнөткө соттолушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG