Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:46

Тамекини таштаса болот


18-ноябрь – Тамеки таштоонун эл аралык күнү. Жер жүзүндө ар бир он секунд сайын тамеки тарткан бир киши өпкө рагынан каза табат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда миллионго чукул адам чылым чегет. Ал эми тамекиге азгырылган кыз-келиндердин саны акыркы он жылда 25-30 эсеге өскөн. Бул зыяндуу адаттан арылуунун кандай амалын жасап көрдүңүз? Чылымдын ден соолугуңузга, үй-бүлөлүк бюджетиңизге келтирген зыянын билесизби? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга “Тамекиге каршы күрөшүү” альянсынын жетекчиси, пульмонолог Талант Сооронбаев жана чылымды таштоого эрки жеткен уста Ислам Исраилов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Тамеки таштоонун эл аралык күнү 1977-жылы америкалык онкологиялык коомдун демилгеси менен негизделген экен.

Ислам мырза, адатта тамеки таштоо машакаттуу дешет. Таштагысы келип, бирок таштай албагандар бир топ эмеспи. Тамеки тартып жүрүп эле аны таштап коюуга эмне түрткү болду, же кимдир бирөө таасир тийгиздиби?

Ислам Исраилов: Жаш кезде тамеки тарта баштадым. Кийин ашказан жарасы менен ооруп калдым. Зыян экенин билип, 3 жылдай таштаганга аракет кылдым. Келинчегим "тамекини таштай албайсың, эркиң жок" деп мелдеше кеттик, анан таштап койдум.
Сөзсүз түрдө тамеки зыян экенин, өмүрдү кыскартаарын түшүнгөн жарандар тамекини таштай албай кыйналса, дарыгерлерге кайрылышы керек.

“Азаттык”: Талант мырза, кечээ эле өнөкөт өпкө оорусуна каршы бүткүл дүйнөлүк күн белгиленди. Дүйнөдө бул дарттан 210 млн. адам жабыркайт экен. Ал эми өпкөнүн башкы душманы тамеки да. Кандай зыяндарды алып келет?

Талант Сооронбаев: Тамеки тартуу бүткүл дүйнө жүзүндө чоң көйгөйлүү маселе. Кыргызстанда да өнөкөт оорулардын негизги себеби тамеки тартуу. Анын ичине жүрөк, өпкө, ашказан, бөйрөк, рак оорулары кирет. Эртели-кеч тамеки тарткан адам катуу ооруга чалдыгат. Ал оору адамдын өмүрүн кыскартат.

“Азаттык”: Чылым чеккен адам менен чекпеген адамдын ден соолугунда кандай айырма болот? Жашоонун узактыгына да таасирин тийгизсе керек?

Талант Сооронбаев: Тамеки тарткан адам бат картайат. Териси, өңү башкача болуп калат. Азыркы кезде кыздар, аялдар тамеки чеге башташты. Бул абдан жаман көрүнүш. Бул келечегибизге катуу зыянын тийгизет. Анткени ал аялдардын балдары да оорулуу болуп төрөлүшөт. Тамеки тартуу бул маданиятсыздыктын белгиси, ден соолукка чоң зыян келтире турган, келечекке коркунуч алып келе турган оору.

“Азаттык”: Тамеки негизи үй-бүлөлүк бюджетке деле таасирин тийгизет да, сизде ушундай сезилдиби?
Эртели-кеч тамеки тарткан адам катуу ооруга чалдыгат. Ал оору адамдын өмүрүн кыскартат.

Ислам Исраилов: Ооба. Эсептеп көрсөк, тамекинин баасы 30 сомдой болуп калды, айына миң сомго чейин болот. Бирок акчадан да, тамеки ден соолукту канча алып атат.

“Азаттык”: Тамекини таштайт элем деп кеңеш сурап келишеби, кандай кеңештерди берет элеңиз? Азыр угармандар да бир натыйжалуу кеңешин берсе деп кулак түрүп турушкандыр?

Талант Сооронбаев: Ар бир тамеки тарткан адам тамекини таштайм деген чечим кабыл алыш керек. Эрк менен тамекини таштаса болот. Сөзсүз түрдө тамеки зыян экенин, өмүрдү кыскартаарын түшүнгөн жарандар тамекини таштай албай кыйналса, дарыгерлерге кайрылышы керек.

“Азаттык”: Сиздерге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG