Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Күйдүргү күттүрбөй келет


Кыргызстанда июль, август айларында 9 адам күйдүргү илдети жукту деген шек менен ооруканага кайрылып, алардын бешөөнүн илдети тастыкталды жана калганы текшерүүдөн өтүүдө.

Миңдеген адамдар соода кылган эт базарга байланышкан мындай кабар коомчулукту кооптондуруп койду.

Андыктан эт базарга кантип келерин, кандай шартта сатыларын көрүү үчүн Ош базарына бардык. Сатуучулар дүңүнөн саткандар этти лабораториядан өткөрүп, сертификаты менен алып келерин айтышты. Эт муздаткычта эмес, ачык турганын сатуучу Айгүл мындайча түшүндүрдү:

- Ачык жерде бир күн кечке сатып, кечинде муздаткычка салып кетебиз. Эртең менен келип, кечке сатып түгөтөбүз. Күндүз 12 саат турганга болот.

"Азаттык": Эртең кайра сата берсеңиз, дагы 12 саат турат экен да...

- Негизи бүгүн өткөргөнгө аракет кылабыз. Кечээ баарыбыз ооруларга каршы эмделдик, буга чейин деле ошентчүбүз. Этти дайыма алып келген балдар бар, Ат-Башыдан, Кочкордон алып келишет, ошолордон алабыз.

Эт текшерилет

Эт чын эле лабораторияда текшерилеби, борбордогу элди эң көп тейлеген базардын эт сатуучу жайын адистер карайбы деп кызыгып, базардын лабораториясына кирдик.

Лабораториянын ветеринар дарыгерлери микроскоптон текшерип жаткан азыктарын көрсөтүп беришти. Ош базарындагы ветеринардык дарыгер Руслан Ибраимов Кыргызстандын эч бир жеринде эт текшерилбей сатыкка коюлбайт деп ишендирди:

- Малдын оорусу инфекциялык жана инвазиялык оору деп экиге бөлүнөт. Инвазиялык ооруга, мисалы, эхинококк кирет, өпкө, боордун оорусу. Ич эттерде мындай көп табылат, аны биз идишке салып, хлор сээп, шаардын четинде мэрия бөлүп берген жерге көмүп салабыз. Ал эми инфекциялык оору Кыргызстанда кездеше элек.

Ушул аптада Саламаттык сактоо министрлиги 5 адам күйдүргүгө кабылганын маалымдады. Дагы 4 адам ушул илдетти жуктурду делип, азырынча лабораториялык тастыктоосу чыга элек. Алардын арасында бир кыз Ош базарында эт сатып иштегени айтылды.

Кыргызстандын башкы ветеринардык инспектору Самат Алиев “бул жылы өлкөдөгү бардык мал күйдүргүгө каршы эмдөөдөн өткөн болчу” деп, Ош базарда иштеген кыз боюнча буларды белгиледи:

- Ал 20 күндөн бери эт сатып иштеген эмес, демек эт менен байланыш болгон эмес. Сибирь жарасынын инфекциясы кирип, биринчи белгилер пайда болгон учурду инкубациялык мөөнөт деп койот, ал 14 күн. Эгерде диагнозду так коюлду деп эсептесек, ал илдетти башка жерден жуктурган болушу мүмкүн. Ал эми лабораториялык диагнозу чыкса, башка оору да болуп калышы мүмкүн.

Малдан, аштан, абадан

Жугуштуу оорулар бейтапканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалыев Ош базарында иштеген кыздын жарасында күйдүргүнүн таякчалары табылганын тастыктады. Андан башка да ушул ооруканага эки адам жатып, бирөөсүнө топурактан жукканы аныкталды. Гүлжигит Аалыев күйдүргү үч жол менен: аба, тамак-аш жана малдын эти, терисинен жугарын айтты.

- Териге, өпкөгө жана ичеги-карынга жуккан түрү болот. Териге жукканда адегенде кичине жара чыгат, ал жерде ыйлакча пайда болуп, жарылат. Анан теринин ошол жери капкара болуп калат. Өпкө менен ашказанга жукканда ушул ички органдарда жара пайда болот. Бул өтө оор түрү.

Дарыгер жугуштуу, кооптуу илдет болгон менен андан толук сакайууга болорун кошумчалады.

Ушул аптада коомчулукту дүрбөтүп жатканына карбай мындай коркунучтуу илдеттерди алдын алуу менен алектенген Карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун директору Жалалидин Гайбулин абал жылдагыдан дурус дейт.

- Күйдүргүнү жуктуруп алгандардын бирөө Бишкекте, экөө Ошто, бирөө Баткенде, дагы бир-бирден Кемин менен Панфиловдо. Бул сейрек гана учурлар. Эпидемия болду деп айтууга болбойт.

Күйдүргүнү алдын алуу үчүн этти көпкө кайнатып, малды учурунда эмдеп, тазалыкты сакташ керек. Мүмкүн болсо адамдар да бул ооруга каршы эмделиш керек.

Күйдүргү өтө кооптуу жугуштуу ооруларга кирет. Ал малдан, жаныбарлардан гана жугат. Ал бацилла деген микробдон пайда болот. Бацилла 20 мүнөт кайнатканга чейин өлбөгөн эң ири микроб болуп эсептелет. Ошондуктан инфекция жүздөгөн жылдарда гана жок болот. Бацилланы биологиялык курал жасоодо колдонушат.

Бул илдетти илгери кыргыздар күйгүзүп дарылагандыктан күйдүргү деп коюшкан.

XS
SM
MD
LG