Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Исаковдун электрондук өкмөткө өтүү дымагы


Сапар Исаков
Сапар Исаков

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик органдардын ишмердигинин ачык-айкындыгын талкуулады.

Жыйында бир нече жылдан бери көтөрүлүп келаткан электрондук өкмөткө толугу менен өтүү маселеси "Таза коом" долбоорунун алкагында талкууланды.

Премьер-министр Сапар Исаков жыйында мамлекеттик органдар маалыматтарды толугу менен өз сайттарына жайгаштырып, бардык материалдар кагаздан санарипке мүмкүн болушунча эртерээк өткөрүү аракеттерин көрүшү керек деп белгиледи:

- “Таза коом” долбоорун ишке ашыруунун алдында биз бардык маалыматтарды ачыкка чыгарышыбыз керек. Коомчулук өкмөт эмне кылып жатканын так билиши керек. Андыктан өзүбүз иштеп жаткан материалдарды санариптештирели. Ал материалдардын бардыгы электрондук кутучада болушу керек.

Премьер-министр Исаков маалыматты жашыруу жакшылыкка алып келбейт деп, өкмөттүн кетирген каталарын коомчулуктан жашырбастан, ачык айтууга министрлерди чакырды.

"Шайлоо алдындагы аракет"

Эксперт Жумакадыр Акенеев өкмөттүн алгачкы жыйыны электрондук өкмөт түзүүнүн биринчи этабына жол ачуу катары баалады:

- Менимче электрондоштуруу параллелдүү түрдө кетиши керек. Себеби кээ бир айыл, райондордо дагы деле интернет жок. Ошондуктан бүт өлкө боюнча электрондоштуруу азыр мүмкүн эмес. Бирок убакыттар менен министрликтердин иш ыргагына, облус жана райондук бийликтер кошулуп кете берет.

Активист Мирсулжан Намазалиев электрондук өкмөттү түзүүдөн мурун бюрократиялык системаны жоюу зарыл деп эсептейт. Ал премьер-министрдин сөзүн шайлоо алдындагы популисттик кадам катары баалады:

Мирсулжан Намазалиев
Мирсулжан Намазалиев

- “Таза коом” долбоорун жаңыдан баштаганда Сапар Исаков каттоо институтун жоёбуз, "ачык асман" саясатын киргизебиз деген демилгелерди айткан болчу. Бирок көп өтпөй эле азыр ал демилгелерден баш тартып калганын көрүп жатабыз. Ушундан улам канчалык деңгээлде азыр айтып жаткан демилгелерди аягына чыгарып, саясий эркин көрсөтө аларын билбей турам. Экинчи жагынан айтылган сөздөрдүн саясий маселеси да бар. Алдыда шайлоо келатканына байланыштуу жаңы өкмөт популисттик иш-чараларга бармакчы.

"Эч бир маалымат четте калбайт"

Анткен менен премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн ачыктуулугун жарандар тез арада сезе билиши үчүн өкмөттө атайын коомчулук менен байланыш бөлүмүн ачканы жатат. Ага ар бир министрликтен өкүлдөр кирип, жарандардын кайрылууларына, коомчулуктагы сындарга ыкчам жооп берилмекчи. Бул бөлүм алдыдагы эки аптанын ичинде толук иштей баштайт деп күтүлүүдө.

- Бул бөлүмгө ар бир министрликтен бирден өкүл кирет. Алар жөн эле кызматкер эмес, көз карашы кеңири, бир нече тилди билген адамдар болушу керек. Биз бардык маалыматтарга реакция жасайбыз. Мейли ал өкмөттүн дарегине карата негативдүү маалымат болсун, министрлик, ведомстволорго доомат болсун, социалдык түйүндөрдө жазылган бардык кайрылууларга адекваттуу жооп беребиз.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Назира Ахмедова өкмөттө түзүлчү жаңы бөлүмдү колдоого алганы менен, иш жүзүндө андай болбошу мүмкүн дейт.

- Бул бөлүм түзүлсө ал керектүү бөлүм болот. Бирок иштөө процедурасы өтө оор болот. Бүгүнкү күндө социалдык түйүндө жасалма (фейк аккаунт) адамдар бар, компроматтан турган маалыматтар бар, атайылап чагым жасоо максатында жазылган билдирүүлөр болот. Анан аларды кантип иргейт? Реалдуу адамдарга жооп береби же фейк аккаунттаргабы? Айтор жардамга чындап муктаж адамдардын кайрылуусу четте калышы мүмкүн. Ошон үчүн маалыматты издөөгө, тастыктоого бөлүмдөгү адамдардын көп убактысы кетип калабы деп ойлойм.

Сапар Исаков башында турган жаңы өкмөт алдыдагы беш жылда өзү сунуштаган "Жаңы доорго кырк кадам" программасы, "Таза коом" долбоору аркылуу өлкөнү өнүктүрөөрүн убада кылып жатат.

Мамлекеттик органдардын ачык-айкындыгын талкуулаган күнү өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңеште ант берди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG