"Азаттык": Кыргызстандын атайын кызматы Фейсбук колдонуучуларын тескей баштаганы туурабы?
Акимов: Фейсбук мыйзам чегинде массалык маалымат каражаты деп бекитилген эмес. Дүйнөлүк мыйзам мейкиндигинде «жеке пикирге болгон укук» деген түшүнүк бар. Мисалы, Испанияда бир колдонуучу ушундай укуктун негизинде жөөттөргө карата геноцид тууралуу пикирине байланыштуу сотту утуп алган. Испаниянын соту “жеке пикир” деген чечим чыгарган. Себеби ал эч кимди тукурган эмес, жар салып, козуткан эмес.
Экинчиден, Кыргызстанда сөз эркиндиги абдан күчтүү. Мисалы, президентибиз каалаганын “теке” дейт, каалаганын “койсуңар” деп коет. Анын баарын массалык маалымат каражаттары аркылуу көрүп, угуп эле жатпайбызбы.
“Азаттык”: Ал эми укуктук жагынан алып карагандачы? Бизде интернетке жазган пикирге баа берип, тескеп, ошол адамды аныктап, күнөөлүү экенин далилдөөгө шарт түзүүчү мыйзамдар, ченемдер барбы?
Акимов: Эгер кайсы бир пикирге таарынган, нааразы болуп, иренжиген жеке адам болсо ал “аброюма шек келди” деп кайрылса болот. Анда тергөө органдары иш жүргүзөт. Эгер президент өзү жазбаса, карап көрүш керек, депутат Карамушкинага укук берилди беле же ал өзү эле чуркап жүрөбү?
Ошол эле Өмүрбек Текебаев же Өмүрбек Суваналиев өз дарегине карата айтылган сөздөргө байланыштуу эч кандай укук коргоо органдарына кайрылган эмес.
Бул жерде маселе адамдар укук коргоо системасына кайрылабы же жокпу дегенде эле. Эгерде кайрылса, албетте, тергөө болуп, жарандык сот мейкиндигинде чечилиши мүмкүн.
“Азаттык”: Айрым интернет колдонуучулар мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жеке өзүнө мындай тескөө аракеттери кереги деле жоктур, балким ага жагынууну каалагандар бар деген пикирин жазууда. Сиз мындай ойго кошуласызбы?
Акимов: Кошулам. Анткени президент өзү эркин сүйлөгөн киши, көңүл деле бурбайт. Бирок ага жагалданып чуркап, камчысын чапкандар көп боло берет. Ошондуктан Карамушкинаныкын билиш керек, ага ошондой укук берилгенби же жокпу.
“Азаттык”: Ал шайлоочулардан президентти Фейсбуктан сындагандар тууралуу кат келгенин, ошонун негизинде УКМКга кайрылганын айтып жатат.
Акимов: Карамушкина билип коюшу керек, дүйнөлүк түшүнүктө “сөз эркиндигин аныктоодо демократия компетенттүү эмес” деп айтылат. Сөз эркиндиги адам төрөлүп, бул дүйнөгө келгенде эле берилет. Аны эч ким токтото албайт.
Албетте, эгер эл алдына чыгып, кимдир бирөөгө зыян келтирүүчү чакырыктарды таштаса, бул экстремизм деп аталат. Эгер, мисалы, президентти атыш керек же жок кылыш керек деп чыкса. Анан эч нерсеге үндөбөстөн, Фейсбуктан жөн гана пикир алышып жаткан болсо, миллиард колдонуучунун жазышканын АКШнын АНБ менен ЦРУсу деле көзөмөлдөй албайт.
Саясий деңгээлдеги маселелерди жарандык маселелер менен чаташтырбаш керек. Адамдын пикир алмашуусу ашканада деле боло берет. Бирине Акаев жакпайт, экинчисине Бакиев, дагы бирине Атамбаев... Анын баары кечиримдүү болушу керек. Сиз деле бирөөгө жакпайсыз балким, мен дагы...
“Азаттык”: Фейсбук жана башка социалдык түйүндөр жарандык журналистиканын бир түрүнө айланып калды деп жатышпайбы. Демек, ага тоскоолдук жарата алчу техникалык да, логикалык да жагдайлар түзүлүшү мүмкүн эмес десек болобу?
Акимов: Ооба. Негизи интернет дүйнөлүк глобалдашуунун инструменти катары жаралган. Ал сөз эркиндигин жайылтууда. Эртең мындай түйүндөр көбөйгөнү көбөйө берет. Мисалы, Фейсбук бир күнү жок болуп же банкрот болуп, сатылып кетиши мүмкүн, бирок анын ордуна башкалар чыгат. Адамдын акылы бир жерде токтоп калбайт да.
“Азаттык”: Демек, муктаждык боло берет...
Акимов: Албетте, боло берет. Мейли, бүгүн сиздин Фейсбуктагы Гүлбарчын деп аталган баракчаңызды жаап коюшту дейли. Эртең Жоогазын деп ачып алсаңыз болот. Сиздин компьютериңизди тартып алышмак беле? Иликтөө-издөө иштерине санкцияны ким берет? Башкы прокурорду чакырып сураш керек болот.