Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Депутат активистти доого жыкты


Кыргызстанда интернетте социалдык тармактагы жазган пикири үчүн айыпка жыккан алгачкы соттук прецедент пайда болду.

Бишкектин Октябрь райондук соту КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешевдин "жарандык активист Мавлян Аскарбеков Фейсбуктагы баракчасында аброюма шек келтирди" деген дооматын канааттандырды.

Жарандык кодексте "абройго шек келтирген маалымат үчүн жоопкерчилик массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтылганда каралат" деп көрсөтүлгөн. Бирок интернеттеги Фейсбук социалдык тармагы мыйзам боюнча маалымат каражаты болуп саналбайт.

Депутат Дастан Бекешев кайсы гана жерде болбосун абройго шек келтирүү үчүн соттук жоопкерчилик каралышы керек деген жүйөнү келтирди.

Жүйөлөр четке кагылды

Былтыр жай мезгилинде өткөн жыйында жарандык активист Мавлян Аскарбеков менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишине байланыштуу араздаша кетишкен. Анда депутат жарандык активистти залдан чыгып кетишин талап кылган. Кийин Мавлян Аскарбеков Фейсбуктагы баракчасына Дастан Бекешевдин бир тууган иниси Аман Бекешев аталган коомдун бир мүчөсүнө кол көтөргөнүн жана депутаттын башка бир жакындары аларга ыдык көрсөткөнүн жазган. Ушул жазганы депутат Дастан Бекешевдин сотко кайрылуусуна негиз болгон.

Бишкектин Октябрь райондук соту Мавлян Аскарбековду Фейсбук баракчасы аркылуу жазганын төгүндөөнү жана бул жазууну бир ай бою өчүрбөөгө милдеттендирди.

Мавлян Аскарбеков сотко басым болгонун айтып, келтирген жүйөлөрү эске алынбаганын белгиледи:

- Судья Гүлчехра Оморова "мага Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынан бул сот иши боюнча чалышты" деп ачык эле айтты. Менде бул боюнча аудио жазуу дагы бар. Ошондой сот жараянынан кийин ушундай чечимдин чыгышы анык эле болчу. Мен сотко келтирген өтүнүчтөрдүн бири дагы эске алынган жок. Фейсбук баракчасы – ал менин ой-пикиримди жаза турган жай экени тууралуу сотко айткам. Доо арызда келтирилген жагдайлар боюнча видео тасманы сотко сунуштап, анан окуяга күбө болгон майып адамдарды сотко чакырып келдим эле. Бирок сот алардын айткандарынын бирин дагы күбө катары угуп койгон жок. Ошондон кийин сот чечимин менин катышуумсуз эле чыгара берсе болмок экен деп калдым. Анткени мен аябай убара болуп, убактымды кетирдим эле.

“Жоопкерчилик – бардык жерде”

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жарандык активисттин соттун айыптоо чечимине байланыштуу дооматына макул эмес. Ал Азиздер менен дүлөйлөр коомунун жыйынына бир тууганы жана жардамчысы барбаганын айтып, андагы адамдарга ыдык көрсөтүлгөн эмес деп эсептейт. Бирок Мавлян Аскарбеков сотко көрсөткөн видеодо депутатка караштуу 2-3 адам жыйындын айрым катышуучуларын тынчтандырганы чагылдырылган.

Мавлян Аскарбеков майып адамдардын бири Тобокел уулу Алтынбек сабалган ал окуя боюнча кийин кылмыш иши козголгонун да кошумчалады. Бирок мунун бардыгын жокко чыгарган депутат Дастан Бекешев анын аброюна шек келтирилгенин айтты:

- Туура эмес, жалган маалыматты айтса, аны короонун сыртына жазып калтырса, үйүндө отуруп алып, дептерге жазып, анын барактарын кийин таратса дагы кайсы гана адам болбосун жооп берүүгө тийиш. Ошондуктан социалдык тармак, же башка тармактар аркылуу болобу кара өзгөйлүк менен жалган маалымат тараткан иш боюнча арызды сот карабай койо албайт да. Биздин мыйзамдарда социалдык тармактардагы жалган билдирүүлөр үчүн жоопкерчилик каралбайт деген ченем жок. Мен ага моралдык зыяндын ордун төлөп берүүнү талап кылган жерим жок. Болгону адвокаттын чыгымын төлөтүп берүүнү гана сураган болчубуз.

Жарымы жарыяланып, калганы кечиккен чечим

Ишти караган Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморова депутат Дастан Бекешевдин доо арызындагы адвокат жалдоого кеткен чыгымды жоопкерден өндүрүү боюнча талабын канааттандыруусуз калтырган. Жоопкерден соттон утулган тарап катары мамлекеттин пайдасы үчүн 700 сом төлөтүү жагы чечимде көрсөтүлгөн. Бирок сот чечиминин жүйөлөштүрүү бөлүгү кийин чыгары эскертилген.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова сот өзүнүн чечиминде далилдерди баалоодогу таянган укуктук ченемдери менен бирге негиздеши керек экенин айтты:

- Сот өзү бардык далилдерди карап чыгып, мыйзам чегинде баалап, анан өз чечимин ошол укуктук-ченемдерге карата жүйөлөштүрүп туруп чыгарат. Аскарбеков боюнча соттун чечиминде анын эч нерсеси жок экен. Чечимди окуп, анын жүйөлөштүргөн бөлүгүн кийин чыгарган практика өзү оор же өтө оор иштерди териштирүүдө колдонулат. Бирок мында андай деле оор эмес эле жарандык иш каралып жатпайбы. Ошондуктан сот бул ишти кароого даяр болбогону көрүнүп калдык. Сот чечимин окуп отуруп, биз андан укукка негизделген соттун позициясын көрө алган жокпуз. Мыйзамда “жалган жана абройго шек келтире турган билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтылганда гана жоопкерчилик каралат" деп турат. Бирок мында социалдык тармак ага кирбейт да.

Буга чейин активист Мавлян Аскарбеков депутат Дастан Бекешевди Азиздер жана дүлөйлөр бирикмесиндеги мыйзамсыз иштерге аралашкан деген мазмунда айыптап келген болчу. Ага аталган коомдун мүчөлөрүнүн даттануусу себеп болгон. Бирок муну четке каккан депутат Бекешев аны сотко берген эле. Соттун чечимине нааразы болгон Мавлян Аскарбеков аны шаардык сотко даттана турганын билдирди. Бул сот чечими социалдык тармактардагы жеке баракчага жазылган билдирүү үчүн айыпка жыккан алгачкы соттук прецедент болду. Буга окшогон көрүнүштөр Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG