Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Шайлоонун эртеси да болду


11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана референдумда мурдагыдай эле административдик ресурстар көп колдонулуп, ал мыйзам бузуулар менен коштолгону айтылууда.

"Арай көз чарай" талкуусуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бегматов, Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Мирлан Бакиров жана “Таза шайлоо” бирикмесинин аткаруучу директору Тагир Осмоналиев катышты.

“Азаттык”: Абдыжапар мырза, шайлоо жана референдум буга чейинки саясий окуялардан эмнеси менен айырмаланды? Кандай өзгөчө жагдайларын белгилей алат элеңиз?

Абдыжапар Бегматов: Кечээ күнү эки өнөктүктүн бир күндө өтүшү өзгөчө болду. Дагы бир айырмачылык - мурдагы шайлоолорго караганда бул жолку шайлоодо жаңы технологиялар толук колдонулду. Мунун баарын шайлоого келип добуш берип жаткан ар бир шайлоочу көрдү, байкады. Бул убакка чейин шайлоолор туура эмес, мыйзам бузуулар менен өткөнү көп айтылып келсе, бул жолу шайлоочу добуш берүү таза система менен акыйкат өткөнүнө өзү күбө болду.

“Азаттык”: Мирлан мырза, сиз 11-декабрга чейин да Жалал-Абадда болуп шайлоого даярдыкты көргөнсүз. Кечээ шайлоонун өзүнө катыштыңыз. Бийлик тараптан административдик ресурстар колдонулганын байкадыңызбы, болсо кандай фактылар менен бекемдей аласыз?

Шайлоонун күтүүсүз жыйынтыктары

Шайлоонун күтүүсүз жыйынтыктары

Кыргызстанда Бишкек баштаган 22 шаардык кеңешке келчү партиялар белгилүү болуп калды.

Мирлан Бакиров: Туура. Биринчиден, шайлоо системасында салыштырмалуу бир топ өзгөрүүлөр болду. Техникалык жагы жүз пайыз өзгөрдү десек жаңылышпайбыз. Тилекке каршы, биздин аткаминерлердин көз карашы, ыкмалары өзгөрдү деп айта албайм. Ага биз, жалпы коомчулук күбөбүз. Мэриядагылар, жергиликтүү башка жетекчилердин арасында кол алдындагыларды чогултуп, тигил же бул партияга добуш бересиңер деген тапшырмаларды бергендер болду.

Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн мыйзамдык талаптарды толук билбегендин айынан көп каталар кетип жатат. Мисалы, Жалал-Абаддагы аймактык шайлоо комиссиясы бир партия үчүн мыйзамсыз чечим чыгаргандыгын Борбордук шайлоо комиссиясы моюнга алган. Кийин БШК кайра ал чечимди жокко чыгарган.

“Азаттык”: Тагир мырза, ИИМ шайлоо күнү 27 мыйзам бузууну аныктады, анын көбү Бишкек шаарында болуптур. Анда: добуш сатып алуулар, үгүт жүргүзүү, шайлоочуларды ташуу ж.б. белгилеп жатат. Сиздердин байкоочулар эмнелерге күбө болушту?

Тагир Осмоналиев: Биздин “Таза шайлоо” бирикмеси тарабынан республика боюнча шайлоого, референдумга 200 байкоочуну жөнөткөнбүз. Алардын негизги максаты - шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактыларын аныктоо болчу. Биздин байкоочулар добуштарды сатып алуу фактыларын аныктай алган жокпуз. Бирок, биздин шайлоочуларыбыздан кайрылуулар көп болду. Мисалы, Кара-Балтадагы бир шайлоочу шайлоо участогуна келгенде үч топко жолуккан. Алардын эки тобу эгер алардын пайдасына добуш салса, биринчиси азык-түлүк формасында, экинчиси акчалай берем деп убада кылган, 200 сом акча берген.

Кыргызстанда референдум жана шайлоо өттү

Кыргызстанда референдум жана шайлоо өттү

Мындан сырткары Бишкек шаарында 1044-шайлоо участогунун ичинде бюллетень салган автоматтык урна иштебей калып, добуштарды бош кагаз жащикке эле сала беришкен. Бул одоно мыйзам бузуу, эгер урна иштен чыкса башка урна алып келиш керек болчу. Биз бул факты боюнча акт түзүп, аймактык шайлоо комиссиясына ошол шайлоо участогундагы добуштарды жокко чыгаруу боюнча арыз менен кайрылдык. Ошол эле участокто чектердин саны менен бюллетендердин саны дал келбей калганы катталды.

Абдыжапар Бегматов: Эки факты тең одоно мыйзам бузуу болуп эсептелет. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы бул актыны тыкыр иликтеп чыгыш керек, тиешелүү чечим кабыл алат деп ойлойм.

Шайлоо күнү орун алган мыйзам бузуулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:45 0:00

“Азаттык”: Абдыжапар мырза, 11-декабрда Жалал-Абадда жергиликтүү кеңешке шайлоого талапкер катары катталган 37 жаштагы жаран кармалды. Ага шайлоого чейин эле кылмыш иши козголгон экен. Кылмышка шектүү адамдын талапкер катары катталышына ким күнөөлүү?

Абдыжапар Бегматов: Кылмышка шектүү деп кармалса же кылмыш иши козголсо да соттун күнөөлөгөн өкүмү чыкмайынча биз анын шайлоого жана шайланууга болгон укугун чектей албайбыз.

Мирлан Бакиров: Эгер урнадан бюллетень менен чектерде айырма болсо, анда ошол участоктогу шайлоо жараксыз деп табылат деп мыйзамда так жазылган. Ушундай көрүнүштөр Жалал-Абаддагы кээ бир участоктордо кайталанды. Шайлоо бүткөндөн кийин пачкеси менен салып жаткан фактылар интернетке чыкты. Ушуларды көрүп отуруп, кантип ачык-айкын жана мыйзамдуу шайлоо болду деп айта алабыз? Бул маселеде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын жоопкерчилигин кароо керек.

“Азаттык”: Мирлан мырза, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо туугандык, жердештик принциптер чоң роль ойноду. Добуш берүүдө чоң уруунун өкүлдөрү көп өткөнгө шарт түзүлдү деген пикирлер арбын болду. Бул баарыбыз эсептеше турган кыргыз реалдуулугубу? Мындан кутулуунун жолдору барбы?

Мирлан Бакиров: Албетте коом болгондон кийин ар кандай көрүнүштөр болууда. Бирок, жыл өткөн сайын сүйүндүргөнү аз болсо дагы уруу-уруу, кокту-колот деген түшүнүктөрдөн арылып баратабыз. Жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин басымдуу бөлүгү жаштар, алардын билимин, мурда-кийин кылган эмгегин калыс баалап жаткандар бар.

Абдыжапар Бегматов: Биз мурда болуп келген мыйзам бузуулардын көпчүлүгүнөн арылдык деп ишенимдүү айта алабыз, ага шайлоочулар да күбө болууда. Добуштарды сатып алууга байланышкан мыйзам талаптарын аткаруу механизмдерин ишке киргизүүнү жакшыртуу боюнча сунуштар бар, алар таза шайлоону өткөрүүгө ишенимдүү кадамдар болот деп ишенем.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG