Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо аяктады
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо аяктады
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо аяктады. Шайлоо 6 шаар жана 21 айыл өкмөтүндө өттү.
Саат 20:00дө добуш берүү бекеттери жабылып, андан кийинки процедуралар башталды.
Өкмөт былтыр октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу сыяктуу эле бул жолу да добуш берүүнү биометрикалык системанын негизинде уюштурду.
Шайлоо жалпысынан 6 шаар жана 21 айыл өкмөтүндө өттү. Алардын ичинен кезектеги шайлоо Ош, Каракол шаардык кеңештеринде жана 11 айылдык кеңеште, ал эми кезексиз шайлоо Токмок, Майлуу-Суу шаарларында, Коңур-Дөбө, Сары-Колот, Көк-Бел айыл кеңештеринде өттү.
Булардан тышкары мөөнөтү 25-мартта бүтүп жаткандыгына байланыштуу шайлоо өткөн аймактардын катарында Балыкчы, Кемин шаардык, Авлетим, Оргочор, Арашан, Милянфан, Будалык айылдык кеңештер бар. Бул шайлоого талапкер катары 24 саясий партия катышты. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы таратты.
Бүгүнкү добуш берүүдө элди шаардык кеңештердеги шайлоолор көбүрөөк кызыктырууда.
Каракол шаарында шайлоочулардын саны 28 миң 609. Ал жерде шаардык кеңешке 13 партиядан 634 талапкер аттанган.
Ал эми 23 миң 966 шайлоочусу бар Балыкчы шаарында 14 партиядан 716 талапкер ат салышууда.
Ош шаарындагы шайлоо
Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттык орунга 13 партиядан миңден ашык талапкер ат салышты. Добуш берүү шаардагы 73 шайлоо участогунда өттү.
Шайлоонун жүрүшүнө партиялардан сунушталган байкоочулардан сырткары "Таза шайлоо" коомунан 40 байкоочу көз салды. Добуш берүүчүлөрдү 352 кызматкер тейледи.
Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, аймакта укук коргоо органдары 17-марттан тарта Нооруз майрамы, оппозициянын курултай өткөрүү ниети жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо жараянына байланыштуу күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.
Бүгүн 73 шайлоо участогунун ар бирине 10дон милиция кызматкери бекитилип, абалга көз салды. Мындан тышкары, аймакта 1050 элдик кошуундун мүчөлөрү иштеди. Добуш берүү маалыматында ар кандай чагымчыл аракеттер чыгып кете турган болсо, аларга каршы алдын ала түзүлгөн резервдеги кызматкерлер иш алып барышат. Күч кызматкерлери кошумча буйрук чыкмайын күчөтүлгөн режимде иштей беришет.
Ош шаарындагы маалымат жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев айрым шайлоо тилкелеринде операторлордун кемчилигинен улам система иштебей калган учурлар болгонун, бирок алардын баары калыбына келтирилгенин айтты.
Мындан тышкары Жапалак айылында бүгүн үч электрондук куту өчүп калганын белгилеп, алар ошол замат калыбына келтирилгенин кошумчалады. Сарпашев бир эле убакта үч кутунун иштебей калышын кызык жагдай деп атап, мунун артында балким жаңы системаны жактырбагандар турушу мүмкүндүгүн, мындан улам ал аймакта күч түзүмдөрүнүн көзөмөлү күчөтүлгөнүн билдирди.
Өкмөттүн милдети-шайлоону таза өткөрүү
Кыргыз өкмөтү 25-мартта жергиликтүү шайлоолорго карата даярдыкты талкуулаган. Анда премьер-министр Темир Сариев бул шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүүгө чакырган.
- Бул шайлоолорду өтө жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек. Бул жолу да жаңы технологияларды колдонуу менен шайлоону дагы ачык-айкын жана калыс өткөрүү тапшырмасы турат.
Сариев ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына шайлоону уюштурууга тиешелүү шарт түзүү жана Ички иштер министрлигине коопсуздукка өзгөчө маани берүү тапшырмасын берген.
Бул жолку шайлоодо ID картасы бар жарандар гана добуш берүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев буга чейин билдиргендей, шайлоочулар биометрикалык маалыматын тапшырып, бирок добуш берүүгө ID картасы жок келсе добуш бере алышпайт. Добуш берүүдө жалпы жарандык паспорт, 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт жарабайт.
Жергиликтүү депутаттар шайланды
1/16Өкмөт былтыр октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу сыяктуу эле бул жолу да добуш берүүнү биометрикалык системанын негизинде уюштурду. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы добуш берүү.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
2/16Бул жолку шайлоодо ID картасы бар жарандар гана добуш берүүдө. Ак-Талаа району.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
3/16Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы шайлоо тилкеси.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
4/16Ак-Талаа районундагы добуш берүү.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
5/16Бүгүнкү добуш берүүдө элди шаардык кеңештердеги шайлоолор көбүрөөк кызыктырууда. Атап айтканда, эл Ош, Кемин, Токмок, Балыкчы жана Караколдо шаардык кеңештериндеги талапкерлер үчүн добуш берип жатат. Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов добуш берүүдө.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
6/16Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, аймакта укук коргоо органдары 17-марттан тарта Нооруз майрамы, оппозициянын курултай өткөрүү ниети жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо жараянына байланыштуу күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Ош шаары.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
7/16Бүгүн 73 шайлоо участкасынын ар бирине 10дон милиция кызматкери бекитилип, абалга көз салууда. Мындан тышкары, аймакта 1050 элдик кошуундун мүчөлөрү иштеп жатат.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
8/16Ош шаарындагы маалымат жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев айрым шайлоо тилкелеринде операторлордун кемчилигинен улам система иштебей калган учурлар болгонун, бирок алардын баары калыбына келтирилгенин айтты. Ош шаары.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
9/16Ош шаарындагы добуш берүү үчун кезек күткөн шайлоочулар.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
10/16Ош шаардык кеңешине шайлоого 13 партия катышып жатат. Ош шаарында жалпы шайлоочулардын саны 117 миң 752 адамды түзөт.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
11/16Байкоочулар Ошто шайлоочулардын тизмесин алып, акча берген учурлар болгонун айтышууда. Сүрөттө шайлоочулардын тизмесин көтөргөн делген адам. Ош шаары,
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
12/16Шайлоочулардын тизмесин алып, акча тараткан делген адамдар. Ош шаары
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
13/16Байкоочулар шайлоо тилкесинин сыртында адамдардын добуштар сатып алган учурлары болгонун айтышууда.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
14/16Ош шаарында шайлоо күнү журналист Жылдыз Бекбаева баштаган активисттер "Добушум сатылбайт!" деген акция жүргүзүштү.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.