Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Кумтөрдүн төлөнбөгөн дивиденди


Кумтөр.
Кумтөр.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Кумтөр боюнча жаңы сүйлөшүүлөр 1-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кенге барганда өттү. Сүйлөшүүгө катышуу үчүн кенге канадалык «Центерра Голд» компаниясынын президенти Скотт Перри да келген.

Жолугушууда Кумтөрдү иштетүү боюнча жакында кол коюлган стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу жана Кыргызстанга дивиденддерди төлөө, айлана-чөйрөнү калына келтирүү фондунун каражатын өлкөгө которуу жөнүндө сөз болгон.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттерге сүйлөп жатып билдирди:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Биздин талабыбыз 2016-жылдан бери төлөнбөй жаткан дивиденддерди төлөп берүү болду. Экинчи маселе катары бизде рекультивациялык фонд бар. Ошол фонддо 40 миллион долларга бир аз жетпеген каражат башка чет мамлекеттеги банктарда колдонулуп жатат. Биз учурда кен иштетилип бүткөндө айлана-чөйрөнү кайра калыбына келтирүү боюнча фондду Кыргызстанга которуп иштетишибиз керек.

Өкмөт сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Центерранын» президенти дивиденддер боюнча маселени жакын арада компаниянын директорлор кеңешинин кароосуна алып чыгып, чечүүгө убада бергенин кабарлады.

Ал эми рекультивация (айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү) фондунун каражатын өлкөгө кайтаруу боюнча кандай жыйынтык болгону жөнүндө кыргыз өкмөтү да, «Центерра Голд» да унчукпай турушат.

Негизи Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясынын акционери болгон Кыргызстанга түшкөн пайдадан үч жылга жакын убакыттан бери дивиденд төлөбөй жатканы туурасында буга чейин бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. Анда канадалык компания кен боюнча жаңы келишим күчүнө кирбей жатканын негиз кылып, ал каражатты төлөөнү токтоткон.

Келишимге ылайык, «Центерра Голд» тапкан кирешесинен квартал сайын 3 миллион доллардан, жылына 12 миллион доллар которуп турушу керек. Үч жылда ишкана 36 миллион долларга жакын каражат төлөмөк. Бюджетинде тартыштык чоң Кыргызстан үчүн бул абдан чоң акча.

Кыргызстандын Тоо кенчилер бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков бул маселеде өлкө атынан «Центерра Голддун» директорлор кеңешине кирген адистер ыкчам иш алып барбаса майнап чыгышы кыйын экенин эскертти:

Дүйшөнбек Камчыбеков.
Дүйшөнбек Камчыбеков.

- Директорлор кеңешинде биздин атыбыздан отурган мүчөлөр акыркы жылдары бир да маселени чечкенге катыша алган жок. Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн бир да чечим болгон жок. «Биз көтөрдүк, бирок чечилбей калды, директорлор кеңеши ушундай чечим кабыл алып койду» деген түшүндүрмө менен келатышат. Азыр деле жандуу аракет кылбаса акыркы иштерден жыйынтык чыгышы күмөн.

Учурда Кыргызстандын атынан үч адам канадалык компаниянын директорлор кеңешине мүчө болуп отурат. Алар - «Кыргызалтын» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Аскар Өскөмбаев, «Кумтөр Голд компани» ишканасынын башкармалыгынын мүчөсү Дүйшөн Касенов жана кен боюнча адис Максат Көбөнбаев.

Ал эми айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү фондундагы каражатты Кыргызстанга алып келүү боюнча аракеттер көптөн бери жүрүп келет. Бул маселе менен өз убагында алектенген Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун айтымында, ал каражатты Кыргызстанга которуу менен бир топ пайдалуу иштерди жүргүзсө болот.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

- Рекультивациялык фонддун каражатын илгери эле Кыргызстанга алып келиш керек болчу, - деди ал. - Бул да өзүбүздүн чабалдыгыбыздан ишке ашпай келет. 40 миллион доллардай акча келип, жок дегенде Улуттук банктын эсебинде турса жакшы болмок. Муну атайын чечим менен коммерциялык банктарга узак мөөнөттүү депозит кылып берсек, бизге каражат түшмөк. Анын эсебинен алтынды кайра иштетүүчү ишканаларды түзүп, келечегибизге кам көрсөк жакшы болмок.

Кумтөр кени буга чейин 2026-жылы жабылары айтылып келген. Бирок акыркы жылдары кенде чалгындоо иштерин жүргүзүп, анын мөөнөтүн 2040-жылга чейин узартууга мүмкүн экени, бул үчүн «Центерра Голд» кийинки жылы 20 миллион доллар бөлөрү кабарланды.

Ал эми кыргыз өкмөтү менен Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясынын ортосундагы эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишим өткөн айда күчүнө кирди. Анын шартына ылайык, канадалык компания Кыргызстанга төлөп бере турган сумманын көлөмүн мурдагы келишимде көрсөтүлгөндөн 150 миллион долларга көбөйткөнүн өкмөт маалымдаган. Бул келишимдер жаңыдан түзүлгөн жаратылышты өнүктүрүү жана социалдык өнөктөштүк фонддору аркылуу келет. Ал эми өз кезегинде кыргыз тарап «Центерра Голдго» карата соттук доосун токтотту.

Жаңы келишимге ылайык Кумтөр кенинин аянты 16 миң гектарга кеңейтилери белгилүү болгон. Бир катар активисттер бул жер Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунун аймагына кирет деп чочулап, өз далилдерин айтып келет. Бирок өкмөт мындай маалыматты четке кагууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG