Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Батирчилер жаңы мыйзамга каршы


Күнүмдүк ижарага берилген батир.
Күнүмдүк ижарага берилген батир.

Караколдо батирлерин күнүмдүк ижарага бергендер нааразылык билдирип чыгышты. Алар жакында кабыл алынган батирди күнүмдүк ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамга каршы болушууда. Мыйзам 10-январда күчүнө кирет.

Шаар тургундары Караколго келген туристтерге күнүмдүк батир берип келгенин айтып, бул мыйзам көп адамды кирешесинен ажырата турганын билдиришүүдө.

"Мыйзам наныбыздан ажыратат"

8-январда Каракол шаарынын борбордук эс алуучу бакчасына чогулган батир берүүчүлөр президенттен жана Жогорку Кеңеш депутаттарынан мыйзамды өзгөртүүнү суранышты. Алардын көбү батирлерин ижарага берүү менен жан багып келаткандарын айтып, бул кабыл алынган мыйзам жеп жаткан наныбыздан карандай ажыратып жатат дешүүдө:

- Жаңы мыйзамга кабатырланып, нааразы болуп турабыз. Бул бизди нансыз калтырганы жатат. Бул жактагы эл туристтик бизнестен гана үмүт артат. Эгер Чолпон-Ата жайы менен бул бизнес менен алектенсе, бизде жай да кыска болот. Негизинен кышкы туризм, тоо лыжа базасы менен акырындан оокатыбызды таап жатабыз. Азыр болсо ушул мыйзам менен биз кирешебизден ажыраганы турабыз, - деди батирин ижарага берип иштеткен шаар тургуну Анна Попова.

Караколго лыжа тепкени келген туристтер.
Караколго лыжа тепкени келген туристтер.

Назира Абдраева болсо беш жылдан бери ушул иш менен алектенип келатканын, өкмөткө салык төлөп мыйзамдуу иштээрин, эс алуучуларга да жакшы шарт түзөм деп насыя акча алып алганын айтып, кабыл алынган мыйзамга каршылыгын билдирди:

- Туристтер келип, толугу менен өзүнүн үйүндөдөй жашаганды каалашат. Тамагын жасап ичет дегендей. Телевизор коюп бергиле деп, ар кандай нерселерди талап кылышат. Анан алардын талаптарын аткарып, биз насыяларды алып алганбыз. Мисалы, менин эки кредитим бар, атайын ошол патенттин негизинде алгам. Ал кредитти жөнү жок эле короткон жокмун да, телевизор алдым, терезелерди алмаштырдым, үйдү ремонт кылдырдым. Азыр анын бары эле оңой акча болбойт да. Мыйзамдуу түрдө беш жылдан бери салык төлөп иштетип келебиз.

Нааразылык билдирип чыккан батирчилер.
Нааразылык билдирип чыккан батирчилер.

Жаңы мыйзамдын иштешине нааразы болгон батир берүүчүлөр мындан эки күн мурун шаар жетекчилигине кайрылышкан. Каракол мэри ордунда болбогондуктан, кийинки жумага жолугушуу пландалган. Шаар башчысы Данияр Арпачиев менен байланышканыбызда, батир берүүчүлөр боюнча оюн мындайча билдирди:

- Мен эми суткалык батирлердин ижарага берилишине каршымын. Биздеги шаардын борбордук бөлүгүндөгү электр карагайлардын баарына эле сааттык, суткалык деп эле жарнама баракчаларын жайнатып эле чаптап жатышат. Анан мен өзүм мыйзамды окуй элекмин, анан таанышкан соң ошого жараша иш алып барабыз да. Алардын укугун да карашыбыз керек.

Мыйзам эс алуучулардын санын кыскартабы?

Аталган мыйзамды кээ бир серепчилер жеке кызыкчылыктардан улам кабыл алынган деп божомолдошууда. "Кыргызконсепт" ишканасынын жетекчиси, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев эң өнүккөн Европа өлкөлөрүндө мындай кызмат көрсөтүүлөр өнүгүп, тескерисинче эл ошол жол менен киреше табаарын белгиледи:

- Бул мыйзам элдин пайдалануучу мүмкүнчүлүктөрүн кыскартып жатат. Киреше тапкан, өз оокатын кылган адамдардын ишине бөгөт коюуда. Чакан, орто ишкердиктин санын кыскартат. Эгерде мейманканалар эс алуучуларды квартираларга бардырбайбыз, бизге келсин, биз жыргайбыз деп ойлоп жатса, аларга дагы коноктор аз келе баштайт. Эгерде Кыргызстанга коноктор көп келип, ар кайсы жерге жашоого мүмкүнчүлүктөрү болсо, бизди көбүрөөк адам таанып, жакшы маанай калыптанат. Алардын арасында мейманканада жашагандары да, батирлерде жашагандары да болот. Эгер батирде жашагандардын саны азайса, анда дегеле бардык коноктордун саны сөзсүз түрдө азаят.

Эмил Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев.

"Мыйзам элдин суранычы менен кабыл алынган"

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 16-ноябрда кабыл алган. Депутаттар мындай чарага шаардыктардын даттануулары негиз болгонун билдиришкен эле. Мыйзамды жактагандардын бири - парламент депутаты Мирлан Жээнчороев "Азаттыкка" буларды маалымдаган.

- Көп кабаттуу турак үйлөр жай тургундардын жашоо шартына ылайыктуу, үй-бүлөлөр тынч жашашы үчүн салынат. Тилекке каршы акыркы жылдары ошондой үйлөр мейманкана, арак ичүүчү жай, сойкуканага айланып калды. Бул жөнүндө мен шаардык кеңеште иштеп турганда тургундар абдан көп кайрылчу. Балдарыбызды ээрчитип короого чыга албай калдык деп арызданышкан. Бул азчылык эмес, көпчүлүктүн колдоосу менен ишке ашкан мыйзам. Ал эми аткарылышын биз көзөмөлдөйбүз. Ошондой эле жарандык коом, жергиликтүү бийлик, милиция биргеликте иштейт.

Каракол шаарында болжолдуу жети миңдей батир болсо, алардын сексенге чукулу гана салык төлөп, мыйзамдуу иш алып барышат.

Батир берүүчүлөрдүн айтымында, алар бир айда 10 000 сомдун тегерегинде киреше табышат.

  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG