Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Президенттин сыны, талапкерлердин таарынычы


15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Ага 11 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 17:00гө берген маалыматына караганда, шайлоочулардын 40% добуш берди. Алар менен катар мамлекет жетекчилери жана талапкерлер да болочок президентти шайлоо жараянына катышып, журналисттердин айрым суроолоруна жооп беришти.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев биринчи айым Раиса Атамбаева менен Бишкектеги №5 кесиптик-техникалык окуу жайда жайгашкан №1209 шайлоо участогуна добуш берди. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип шайлоочуларды эч нерседен кооптонбой добуш берүүгө үндөп, шайлоо таза өтөрүнө ишенерин билдирди. Өзүнүн ишин уланткан адам анын мураскери болорун белгилеген Атамбаев, бүгүн эл өз тагдырын өзү чечерин кошумчалады:

- Бийлик элине жараша болот. Өзүңөр шайлагыла дедим. Кандай бийлик кааласаңар, ошону шайлагыла кимди шайласаңар, ошону кабыл алыш керек, ошону президент кылып расмий түрдө кабыл алыш керек. Ошондуктан эл кимди шайласа, ошого жараша эл өзүнүн тагдырын өзү чечсин.

Атамбаев: Президентти эл тандасын
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00

Мамлекет башчы ошол эле кезде айрым талапкерлерди катуу сындады:

- Бабанов ушул жылы дээрлик ар бир жумада, эки жума сайын үйүмө барып турчу. Биздин үй-бүлө жазында, жайында Бабановдун шаар четиндеги чарбасынан кулпунай, бүлдүркөн жеп келишчү. Анан эле 1,5 ай мурда мени “аби” деген (түркчө "ага" – авт.) Бабанов мени жамандап чыкты. “Сиздин жолуңузду мен гана улантам” деген Бабанов “биз башка жол менен баратабыз” деп билдирип чыкты. Мага Бабановду колдоо үчүн анын атынан чет өлкөлүк олигарх келип 20 млн доллар сунуштаган. Мен сатылбай турган нерселер бар экенин айттым.

Атамбаев: Ким жолумду уласа, ошол "мураскерим"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

Президенттик кызматка ат салышып жаткан саясатчылардын ичинен Өмүрбек Бабанов алгачкылардан болуп №70 мектеп гимназияда жайгашкан №1216 шайлоо участогунда жубайы, уул-кызы менен барып добуш берди. Ар бир адамдын шайлоо укугу бар эркин өлкөдө жашап жатканына бактылуу экенин айткан Бабанов мамлекет башчынын айткан сынына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады. Шайлоого катышар алдында Атамбаевден бата алганын айтты:

- Президенттикке талапкерлигимди коёр алдында мен президент менен кеңешкем. Жеке өзүнүн батасын алгам. Ал “ооба, президенттикке катыш. Биз өз талапкерибизди көрсөтөбүз, сен да катыш. Ким утса ошол утат", - деди. Күбөлөр бар. Ал шайлоо таза өтөт деп кепилдик берген. Бирок бирдей шарт жок болууда. Соңку апта ичинде, мен буга толук ишенем, Алмазбек Шаршенович Атамбаевди дезинформациялашты. УКМК жана милиция берген маалыматтын баары аны дезориентациялады. Мен анын бүгүнкү сөзүнө өтө капа болуп жатам.

Атамбаев-Бабанов: шайлоо күнү айтылган айыптоолор
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев буга чейин эл менен жолукканда шайлоо таза жана демократиялуу жол менен өткөрүлүп, жарандардын добушун толугу менен ачык эсептөө камсыз болорун билдирип келген. Анткен менен айрым талапкерлер бул шайлоодо “кара пиар” күч алып, административдик ресурс колдонуу күч болуп жатканын белгилешти.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров бул жолку президенттик шайлоонун өзгөчөлүгү - өлкө жетекчилеринин үгүт иштерге мурда болуп көрбөгөндөй кийлигишкени болду деп эсептейт:

- Эч качан мындай шайлоодо мамлекеттин башчысымын, өкмөттүн башчысымын деген кишилер чимирилип жүргөн эмес. Өздөрү үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, мыйзамды бузуп, Конституцияны тебелеп, көз боёмочулук менен алектенип жатканы биздин тарыхта биринчи жолу болуп жатат. Аябагандай катуу көз боёмочулук менен жүрүштү. Экөө тең. Административдик, акча ресурсу абдан катуу колдонулуп жатат.

Ошондой эле Мадумаров шайлоодо экинчи тур болот деп эсептерин билдирди.

Мадумаров менен Үмөталиева добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00

Бул жолку шайлоодо каралоо абдан көп болду деген оюн ортого салган "Ак шумкар" партиясынан президенттикке талапкер Темир Сариев талапкерлерди токтоолукка жана кечиримдүүлүккө чакырды:

- Үгүт иштери жүрдү. Абдан чоң талаш-тартыш, карама-каршылык болду. Кара пиар суудай куюлду. Талапкерлерге токтоолукту жана кечиримдүүлүктү каалайм. Шайлоонун шайтан оюндары менен мындан ары да өлкөбүздүн ичинде кандайдыр бир чыңалуу болуп кетпеши керек. Шайлоо бүгүн түнү бүтүш керек. Ал эми бюллетендерди топ-тобу менен салуу жана шайлоочуларды ташып алып барып улам бир жерден добуш бердиртүүгө биометрикалык каттоо жол бербейт.

Ошону менен катар Сариев бул жолку шайлоодо бурмалоого эки жагдай, бюджеттик кызматкерлерди мажбурлап добуш бердирүү жана добуш сатып алуу сыяктуу терс көрүнүштөр шарт түзүшү ыктымал деген пикирде.

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги №5 мектеп гимназияда өзү жалгыз барып добушун берди. Ал утушка жетсе азыркы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин курсун улантарын бүгүн добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып кайталады:

- Мен Алмазбек Атамбаевдин курсун улантам. Менин негизги максатым – жетишкендиктерди бекемдөө жана реформалардын жаңы этабын ишке ашыруу. Ким президент болорун билбей жаткандын өзү таза, ачык-айкын шайлоо болот деп көп жылдан бери ушуга жеткенибизди көрсөтөт. Ал эми экинчи тур боло турганын эл чечет.

Талапкерлер добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:58 0:00

Ушул күнү президенттикке башка талапкерлер Токтайым Үмөталиева, Арстанбек Абдылдаев, Таалатбек Масадыков, Улукбек Кочкоров Бишкекте добуш беришти. Улукбек Кочкоров "Азаттык" радиосунун суроосуна жооп берип жатып добуш берүүнүн купуялуулугу сакталбай жатканын айтты.

- Бул шайлоодо административдик ресурска бийлик кызматкерлери аралашып кеткени менен өзгөчөлөнүп атат. Муфтият, казыят толугу менен иштеп жатат. Криминал иштеп жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынан да чыгып жатат, добушкананын өзүндө урнанын жанына келип алып кайсыга добуш берип жатканын көзөмөлдөп, добуш берүүнүн купуялуулугу бузулуп жатат. Бир тараптан деп айтпайм, эки-үч тараптан болуп көрбөгөндөй акча иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өлкө тынчтыгы үчүн добушун бергенин билдирди.

Турсунбеков: Кыргызстан келечегин аныктоодо
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:31 0:00

Мамлекет башчы баш болгон саясатчылар менен талапкерлер азыркы кездеги талылуу маселелер чек ара, коопсуздук, шайлоонун ачыктыгы боюнча суроолорго да жооп беришти.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо атаандаштык негизде өтүп жатат. Алты жыл өлкөнү башкара турган президенттик орун үчүн 11 талапкер ат салышууда.

Парламенттик демократияга карай багытты жар салган Кыргызстанда жыл соңунан тартып президенттик ыйгарым укуктар мурдагыдан да кыйла чектелмекчи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG