Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Шайлоо-2017: Чет жактардагы кыргызстандыктар добуш беришүүдө


Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде ачылган шайлоо түйүнү. 15-октябрь, 2017-жыл.
Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде ачылган шайлоо түйүнү. 15-октябрь, 2017-жыл.

Кыргызстандын убактысы менен саат 12:00гө карата чет өлкөлөрдө жайгашкан шайлоо түйүндөрү көбүрөөк ачылып, иштеп жатат.

Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта Орусиянын Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында, Жапония, Корея, Кытай, Малайзия, Индия, Пакистан, Казакстан, Түркмөнстан,Өзбекстан жана Тажикстанда шайлоо түйүндөрү толук кандуу иштеп жатат.

Ошондой эле Азербайжанда, Бириккен Араб эмираттарында, Иранда, Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында, Түркиянын эки жеринде - Анкара менен Стамбул шаарларында, Беларуста, Сауд Арабиясында, Катарда, Кувейтте, Украинада, Швейцарияда, Бельгияда, Австрияда жана Германиянын Берлин, Бонн, Франкфурт шаарларында добуш берүү түйүндөрү шайлоочуларды күтүп атышат.

Бул мамлекеттерде консулдук каттоосу бар жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган кыргызстандык жарандар 15-октябрда президенттик шайлоого катышып, тиешелүү талапкерди колдоп добуш бере алышат.

Чет мамлекеттерде жалпысы болуп 37 шайлоо түйүнү түзүлгөн. Аларда катталган добуш берүүчүлөрдүн саны - 18 580 киши.(ZKo)

XS
SM
MD
LG