Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Ташчайнар - сыноодон коркпогон балбан


Ташчайнар деген каймана ат менен аты чыгып келаткан кара күчтүн балбаны Нурлан Алишеров Украина менен Германияга чакыруу алып, учурда даярдык көрүүдө.

2011-жылы ноябрда 35 жаштагы Нурлан Алишеров “Манас” аба майданында 24 тонналык Ан-24 учагын 4 метрге сүйрөп, Ала-Тоо аянтында 12 тонналык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобуска жип байлап, аны тиши менен 33 метрге сүйрөп барып көрөрмандарды таң калтырган. Былтыр июлда Чолпон-Атадагы аэропортто Ми-8 тик учагын 5 метрге сүйрөгөн.

Ал тиши менен элүүдөй жаңгакты бир жарым мүнөттө жарып, жоондугу сөөмөйдөй темир арматураларды ийип, тактайга кагылган мыктарды тиши менен сууруп, укмуштуудай трюктарды көрсөтө алат.

Ташчайнар жалтырак калайды тиши менен кагаз айрыгансып айрып таштаганын көрүп туруп, анын мындай өзгөчө бир күчкө кандайча ээ болгонуна кызыктым:

- Мен он жашымда түшүмө Бакай ата кирди. Ал түшүмдө аян берген: “уулум, сен күч менен ар кандай нерселерди жасайсың. 35 жашка толуп 36га караганда дүйнө жүзүнө атың дүңгүрөйт”, - деди. Мен ал кезде көңүлүмө деле алган эмесмин. 2011-жылы 5-майда түшүмө Манас атабыз, Бакай атабыз, Кыдыр атабыз кирип, аян берип, белиме кемер кур тагып кеткенден кийин өзүнөн-өзү эле белгисиз күч пайда болуп, ар нерселерди жасай баштадым. Мен 35ке толдум, эми ушундай иштерди аткарыш керек деген ой да келген эмес. Бул да болсо Кудай тааламдын буйругу. Ошондуктан мен ушундай кызыктуу нерселерди колумдан келишинче аткара баштадым.

Ташчайнардын дагы бир өзгөчөлүгү - кулагына 50 килограммдык гирья таштарын илип алып көтөрүп, колунун булчуң терисине кыпчыткыч менен жипке беш-алты жеңил машинени каз-катар байлап, ордунан жылдырып, сүйрөп да кетет.

Бир бөйрөгү жок балбан

Дагы бир таң калычтуусу - Нурлан экинчи топтогу майып. Ал он алтыга чыкканда бөйрөгү ооруп, дарыгерлерге кайрылып, операция болуп, догдурлар бир бөйрөгүн алып таштайт.

- 1993-жылы ооруп калып, Бишкектеги №3 балдар ооруканасына келгем. Ал жердеги врач Чекиров Бекиш Оронович бир бөйрөктү алып салбаса болбойт деп, операция жасап, бир бөйрөгүмдү алып салган. Жасалма бөйрөк салдырайын десем Бекиш Оронович “салдырбай эле кой, өзүңдүн эле бөйрөгүң жакшы, диета кармасаң эч нерсе болбойт”, - деген. Ошентип 8 жыл диета кармап жүрдүм.

Ал канчалык оор трюктарды жасабасын ден соолугуна залакасы тийбейт экен.

- Талас облусундагы ооруканада бөйрөк дартынан каттоодо турам. Ошол жерде невропатолог Сөлпүева деген дарыгер мени көзөмөлдөп турат. Ар бир номерди жасаарда мен ошол дарыгерге көрүнүп турам. Анан трюктарды жасагандан кийин организмде өзгөрүү болобу же болбойбу деп да көрүнөм. Өзгөрүү болгон жок. Өзүмдү жакшы эле сезем.

Нурлан Алишеровдун мындай өзгөчөлүгүн байкаган Орусиянын сыналгы каналындагы “Минута славы” берүүсү бир жарым жыл мурда чакырган. Ошондой эле былтыр Лондондон да чакыруу келген. Бирок кара күчтүн балбаны каражаты жоктугунан ал чакырууларга бара албай калган.

Ташчайнардын ызасы жана кубанычы

Быйыл да Германия менен Украинадагы сейрек кездешүүчү дүйнөлүк таланттардын кароо-сынагына чакыруу алып, жол кире таппай турганда Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков демөөрчүлүк кылып, 20 миң доллар бериптир.

- Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков жардамчысынан чакыртып жибериптир. Барсам, “иним, сен чет мамлекетке барып, кыргыздын атын чыгарышың керек. Дүйнө коомчулугу кыргыздарды жаман жагы менен эле тааныбай, жакшы жактары менен да таанышы керек. Кыргыздын желегин желбиретип, болгон өнөрүңдү көрсөтүп кел”, - деп 20 миң доллар берди. “Замандаштан” Эмил Өмүракунов да колдоо көрсөтүп турат.

Ташчайнар кыргыздын ишкер жигиттери моралдык-материалдык жардам көрсөткөндө мындан эки жыл мурдагы ызасы тарай түшкөнүн мындайча айтып берди:

- Мен жаңыдан тишим менен ушундай татаал трюктарды көрсөтө баштаганда мен тааныган бир кыргыз эки казак ишкерди ээрчитип келиптир. Ал казак "Жамбулдан 3 бөлмө батир алып берейин, 100 миң доллар берейин, казактардын атынан чык" деген талап койду. Мен ачуум келип, “Көкө, сен мени акчага сатып албайсың, сенде намыс болбосо, менде намыс бар. Мен кыргызымдын туусун көтөрүп, кыргыздын атын чыгарам”, - деп, сөзгө жыктым го деп ойлодум. Анда тиги казак “Кыргызсың го, билем. Бирок кыргыздар бири-бириңди көрө албайсыңар, сен өспөйсүң го”, - деп мокок бычак менен мууздагандай кылды. Мына ошол сөз 21-декабрга чейин көкүрөгүмдү өйүп жүргөн. Анан Карганбек Самаков акчаны, кыргыздын желегин көтөр деп тууну бергенде ошол жерден көзүмө жаш тегеренди. Эзели көзүмдөн жаш чыгарган эмесмин. Атам камчы менен сабаганда да көгөрүп ыйлабай туруп берчүмүн. Самаковдун ушундай колдоосунан кийин казактын ызалантканы бир аз көкүрөгүмдөн кеткендей болду.

Ташчайнардын үй-бүлөсү

Нурлан Алишеров Талас облусундагы Бакай-Ата районундагы Ынтымак деген айылда 1976-жылы 24-мартта жарык дүйнөгө келген. Анын ташты чайнап сындырганын көрүп, “Азаттыктын” Талас облусундагы мурдагы кабарчысы Улан Абдырахманов ага “Ташчайнар” деген каймана атты бериптир.

Нурлан Алишеров "дүйнөлүк "Гиннес" китебине кирүү үчүн бардык аракетимди жасайм" дейт. "Гиннеске" арыз менен кайрылыш үчүн эле 2 миң доллар төлөш керек экен. Ал буга чейин Таласта машине оңдоочу жайда ширетүүчү болуп иштеп, жылыткыч, үйлөрдү буу менен жылытуучу меш жасап үй-бүлөсүн багып келген. Эми Жараткан берген шыкты өркүндөтүп, кыргызды ааламга таанытууга бир беткей бел байлады.

Нурлан Алишеровдун атасы Табылды Алишеров, апасы Калбүбү Жумалиева Ынтымак айылында турушат. Бир туугандарынан эки кыз, үч эркек. Бир карындашы былтыр кайтыш болуп калыптыр. Анын Бекжан деген уулу 2-класста окуйт. Кызы Турсунай 6 жашта. Жакында Амир аттуу уулдуу болду.

Нурландын айтымында, жубайы Зарина Калыбекова 2010-жылы Таластагы апрель ыңкылабында башынан жаракат алган жолдошун аянтка издеп барганда, милициянын кызматкерлери чогулган элге көздөн жаш агызчу газ колдонуп, катуу үн чыгаргыч жардыргыч зат менен атканда, Заринанын жанына түшөт. Катуу үндөн чочуганда келиндин эки көзүнүн кан тамырлары үзүлүп кетет. Аны мен деген дарыгерлерге көрсөтүп, бирок эч бир майнап болбой, азиз болуп калат.

Апрель ыңкылабы демекчи, ошол 6-апрелде Ташчайнар да мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы күрөштө жигердүү катышып, башынан жаракат алат. Эртеси аянтта мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди аянттагы кызуу кандуу жигиттер асып өлтүрө турган болгондо ортого түшүп, арачалап калгандардын бири экен. Бирок бир айдан кийин белгисиз бирөөлөр Конгантиевге кол салгандардын бири деп, аны ээн жерге алып барышып, аябай сабашып, чала-жан кылып таштап кетишет. Ошондо сол колунун тамырларына доо кетип, азыр ооруксунуп калат.

Ошол апрель ыңкылабына жигердүү катышкандыгына байланыштуу Бишкектеги Жал кичи районунан бир бөлмө үй берилет. Бирок аны алуудан баш тартат.

- Мен ал квартирадан баш тарттым. Себеби менин он эки мүчөм соо, Кудайга шүгүр, басып жүрөм. Кудайдын каргышына калгым келбейт деп, мага берилген квартираны Таластагы ыңкылапта омурткасына автоматтын огу тийип, баспай калган Тилек Асаналиев деген жигитке бергем. Анын бешинчи омурткасында дагы эле ошол автоматтын огу сайылуу. Эл катары кийинки бөлүнө турган үйдөн алаарбыз деп койгом. Былтыр Туңгучтан үй бөлүнүп, мени тизмеден чийип ташташыптыр. Кийин үйлөрүнөн чыкпай, башын катып отургандар "апрель баатыры" болуп кеткенине ичим күйөт. Аларды Кудайга койдум.

Ташчайнардын түшүнө аян берилгенде Манас атанын арбагы “кырк чоро кура” деген экен. Азыр ал бирин-экин балдарды таап, өзү билген өнөрүн үйрөтүп жүрүптүр.

Алты жаштагы бала менен жети жаштагы кыз жеңил машинени ордунан жылдырбай кармап турганга жарап калганын, алардын өнөрү азырынча жашыруун сыр болуп турарын, кезеги келгенде эл алдына алып чыгарын айтып, Ташчайнар машыгууга кетти.
XS
SM
MD
LG