Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Баткен: Прокурордун өлүмү тергелип бүтө элек


(Оңдон солго): катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынды.
(Оңдон солго): катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынды.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрдү деп айыпталган Мелис Калыковдун жакындары президентке кайрылды. Алар шектүү кыйноого алынып, иш акыйкат иликтенбей жатканына даттанышты.

Маркум прокурордун жакындары да дээрлик беш ай мурда болгон кылмыш ишти тергөө созулуп жатканына нааразы. Алар бул үчүн айыпталуучунун жакындарын күнөөлөшүүдө.

Президенттин көзөмөлүндөгү иш

Президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон кайрылуусунда прокурорду өлтүрүүгө айыпталып, абакта жаткан Мелис Калыковдун жакындары тергөө иштери бир тараптуу жүрүп жатканына даттанышты. Алар окуяга тиешеси болушу мүмкүн деп шектелген прокурорлор жоопко тартылбаганын, Калыковду кыйноо менен ага бардык күнөөнү оодаруу аракети жүрүп жатканын билдиришти.

Шектүүнүн бир тууган эжеси Дарийка Калыкова арыз-муңун мындайча жеткирди.

“Кайрылбаган жерибиз калбады, беш айдан бери жыйынтык жок. Президенттин көзөмөлүндө деп коюп, өтө жаман нерселерди жасап жатышат. Инимди кыйноого алышкан ИИМдин түштүк аймактык башкармалыгынын төрт кызматкери дагы деле иштеп жүрүшөт. Алар машинесине Мелисти салып алып, уруп-сабашпаса да, моралдык жактан түрдүү кыйноону көргөзүп жатышат. Суракка алып барганда суу, тамак бербей, же дааратканага киргизбей кыйнашууда. Үй-бүлөсүн айтып, башканы айтып коркутуп, “мойнуңа аласың” деп эле мажбурлашууда. Ал “окуя болгон жерде бул бар эле, тиги бар эле” деп, бир топ кишилерди айтса, бирин да беттештирбейт. Тергөө акыйкат жүргөн жок. Иштин жүрүшүндө бир топ жаңы адамдардын аты аталыптыр, бирок тергөөчүлөр бирин да суракка алышкан жок. Булар ишти эптеп узартып эле, бардык күнөөнү менин иниме артып салууну каалап жатышат. Биз инимдин адам өлтүргөнүнө ишенбейбиз, чыныгы күнөөлүүлөрдү табышын талап кылабыз”,-деди ал.

Мелис Калыков.
Мелис Калыков.

Дарийка Калыкованын айтымында, алар иниси кармалган күнү аны кыйноого алган кызматкерлердин үстүнөн сотко арыз жазышкан. Алар биринчи күнү тергөөчүлөр Мелис Калыковду 20 саат сурак алышканын, ошол учурда анын башына пакет кийгизип, муунтуп, сабашканын жазышкан. Бирок ал иш райондук сот менен облустук соттун ортосунда барды-келди каралып, аягына чыга элек.

Ушул эле даттануу боюнча кезинде Кыйноонун алдын алуу борбору да билдирүү таратып, шектүү Калыков кыйноого кабылганын айтып чыккан. Борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов бул фактыны иликтөөнү талап кылып Башкы прокуратурага кайрылган эле. Ошондон кийин президент Сооронбай Жээнбеков ишти өз көзөмөлүнө алган.

Ошол эле кезде Ички иштер министрлиги бул айыптоолорду төгүндөп, шектүүнүн тергөөгө чейин жаракаттары болгонун кабарлаган.

Министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов Мелис Калыковго карата түрдүү кыйноо колдонулуп жатканын четке какты. Ошол эле учурда ал буга чейин эки-үч жолу узартылган тергөө качан аяктарын тактаган жок.

Бакыт Сеитов
Бакыт Сеитов

Кармалган учурда кыйноо болгон деген арыз боюнча биз кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бирок биздеги маалыматтар боюнча аны эч ким кыйнаган эмес, бардыгы мыйзам чегинде жүрүп жатат. Муну коомчулук, басма сөз каражаттары көз салып, кандай жыйынтык чыгаар экен деп карап турат. Бул иш башка адам өлтүрүү фактыларынын катарында турган жок, иш өзгөчө көзөмөлдө. Шектүүнүн ден соолугуна баары байкоо салып турат, ага бүгүнкү күндө да эч ким зордук-зомбулук же башка нерсе көрсөтө албайт. Биз ишти акыйкат иликтеп, сотко өткөрүп беребиз, сот кандай чечсе калганы ошого жараша болот. Иш жакын арада сотко жиберилет”,-деди.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп, сөөгү 2018-жылдын 18-ноябрында Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголгон.

Шектүү катары аны менен тоого аңчылыкка чыккан, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Ал өз айыбын четке кагып келет.

Калыковдун жакындарынын митинги. Баткен. 26-ноябрь, 2018-жыл.
Калыковдун жакындарынын митинги. Баткен. 26-ноябрь, 2018-жыл.

Калыковдун жакындары былтыр ноябрдын этегинде Баткен шаарында нааразылык акциясына чыгышып, тергөөнү калыс жүргүзүүнү өтүнүшкөн. Алар маркумдун кесиптештери прокуратурада иштегендиктен алар тергөөгө таасир этип коюшу мүмкүн деп кабатырланышкан.

Күмөндүү жагдайлар көп

Бирок Анарбай Мамажакыповдун туугандары иштин созулушуна тескерисинче айыпталуучу тарап түртүп жатканын айтууда. Маркумдун агасы Мамашарип Мамажакыпов буларга токтолду.

“Калыков өзү же көрсөтмө бербей, же койбой, ишти эптеп созуп жатат. Коңгуров деген адвокаты бар экен, ал тоскоолдук кылып жатат. Ар нерсени бирден айтып, ар кимге даттанышып, беттештирүүгө жеткирбей, кечиктирип жатат. Мелис Калыков болгонун болгондой айтып бербей жатат. Күнөөсү болсо, кылмышты кылса аны так айтып, же башка күнөөлүү болсо, анын да аты-жөнүн ачык айтпайбы. Баарын кылган ошол, билген ошол. Биз тергөөчүлөрдөн ишти мүмкүн болушунча тез бүтүргүлө деп талап кылып жатабыз”,-деди.

Бирок ошол эле кезде байкоочулар чуулгандуу ишти иликтөөнүн созулушу коомчулукта күмөн ойлорду туудуруп жатканын айтышууда. Серепчи Төлөгөн Келдибаев мындай дейт.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

“Бул кылмыштын арты башка кылмыштар менен байланыштуу болушу мүмкүн. Алар балким кандайдыр бир коррупциялык нерселерди, же акча бөлүшө албай калгандыр. Же андан башка нерселер менен байланыштуу болушу мүмкүн. Балким ага ошол эле прокурорлор, же башка бир аткаминерлер аралашышы мүмкүн. Себеби "Архитектор эмне үчүн прокурорлор менен эс алууга чыгат? Ал аң уулоону ким уюштурду?" өңдүү бул иштин артында күмөндүү жагдайлар бар. Ошондуктан бийлик азыркы жагдайда миң күчкө салып, иликтеп, аягына чыгарам деген менен да бул кылмыштын артында көп нерселер калып кетет. Балким ошол эле шектүү камалышы мүмкүн, жоопко тартылышы мүмкүн, бирок тергөөдө башка фактылар ачыкка чыкпай калат деп ойлойм”,-деди ал.

Мелис Калыковдун жакындары кайрылуусун президенттен сырткары, Коопсуздук кеңешине, Башкы прокуратурага, акыйкатчыга, Кыйноонун алдын алуу борборуна жана башка органдарга жөнөттү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG