Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:08

Тиленов: Чек ара күчөтүлгөн көзөмөлдө


УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов коопсуздук тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Шайлоо күнү чек араны кайтаруу күчөтүлөт деп маалымат тараттыңыздар. Кандай болуп күчөтүлөт? Кошумча аскерлер тартылабы? Анткени чек араны кайтарган аскерлер аз экени белгилүү эмеспи.

Закир Тиленов: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара аскерлиги Коргоо кеңешинин чечими менен 3-октябрдан бери чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарып жатат. Коргоо кеңештин чечими менен бизге чек араны бек кармап, курал-жарак, ок-дары жана маңзатты өткөрбөө боюнча атайын буйруктар берилген. Ушунун негизинде биз өзүбүздүн чек арадагы бардык дозотторго, бекеттерге буйрук берип, ошол күндөн бери күчөтүлгөн режимде иштеп жатабыз.

Ошол эле учурда биз менен чектешкен мамлекеттердин чек ара кызматтарынын жетекчилери, чек арада турган командирлери менен жолугушууларды өткөрүп, чек арадагы кырдаал боюнча маалыматтар менен алмашып, бири-бирибизге кабар берип, жолугушууларды өткөрдүк.

Чек арадагы айылдарда элдик кошуундар бар. Алар да бизге чек араны кайтарганга жардам берип турушат.

“Азаттык”: Эки күн мурун Ошто "Достук" кыргыз-өзбек чек ара бекети ачылды. Бул бекет шайлоо күнү да ачык эле болобу? Сиз Анжиянга барып, өзбек чек ара кызматынын өкүлдөрү менен жолугуп келдиңиз. Өзбек тарап башка бекеттерди качан аччудай?

Закир Тиленов: 25-октябрда Анжиян шаарында эки мамлекеттин Чек ара аскерлеринин кол башчылары чогулуп, сүйлөшүү өттү. Жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелер талкууланды. Өзбек тарап “Достук” чек ара бекетин ачуу тууралуу чечим кабыл алды. Былтыртан бери жабылып турган бул бекетти өзбек тарап ачты.

Бекет толук режимде иштеп жатат. Биздин, Өзбекстандын жана үчүнчү мамлекеттин жарандары ошол жерден беймарал ары-бери каттап жатышат.

"Достук" чек ара бекети
"Достук" чек ара бекети
Бекет күндүз гана ачык болот. Эртең мененки саат жетиден кечки саат сегизге чейин иштейт. Өзбек тарап бекетти ачып жатып, оң рулдуу жана терезеси караңгылатылган унаалар өтпөсүн деген эки талап койду. Биз бул талаптар тууралуу маалымат каражаттары аркылуу элге жеткирдик.

“Азаттык”: Баткен тараптагы чек ара бекеттерди ачуу тууралуу сөз болдубу? Аларды качан ачышат экен?

Закир Тиленов: Бул маселени чек ара жабылгандан бери биздин мамлекеттин жетекчилери, өкмөт мүчөлөрү ар бир жолугушууда, ар бир мүмкүнчүлүк болгон учурларда көтөрүп келатышат. Акыркы жолугушууда өзбек чек ара кызматынын өкүлдөрү "бул маселе сөзсүз каралат, бирок учуру келгенде алар да ачылат" деп айтышты.

“Азаттык”: Оштун Кара-Суу районунда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин бир кызматкерин өзбек чек арачылары атып, жарадар кылды деп маалымдалды. Бул факт боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

Закир Тиленов: 23-октябрь күнү түнкү саат 11-12лер чамасында Кара-Суудагы Суроо-Таш деген жерде биздин жараныбыз жарадар болду. Бул окуя боюнча эки тараптуу иликтөө жүргүзүп жатабыз. Эки тараптан комиссия түзүлгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча дагы маалымат беребиз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG