Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Чыкпай жатып чыр ээрчиткен номурлар


Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев жаңы номурларды көрсөтүүдө.
Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев жаңы номурларды көрсөтүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаалар үчүн жаңы чыгарылган номурларды эми техникалык экспертизадан өткөрүү боюнча тендер жарыялады. Мындай кадамга номурлар боюнча айтылган сындар себеп болгон.

Жергиликтүү адистер жаңы үлгүдөгү номурлардын эл аралык стандарттарга жооп бербей турганын билдиришүүдө.

Автоунаалар үчүн жаңы үлгүдөгү номурларды экспертизадан өткөрүү үчүн тендерди Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Инфоком” компаниясы жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматка ылайык, анын баасы 304 миң сомго эсептелүүдө.

Мамкаттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, буга чейин номурларды даярдоо үчүн калыптар Польшанын Utal компаниясынан тендердин негизинде сатып алынган.

Аталган компания эл аралык экспертизадан өткөн. Бирок жергиликтүү эксперттердин улуттук экспертиза болушу керек деген талабы боюнча кайрадан тендер жарыялоо чечими кабыл алынган:

- Бул жерде жеке көралбастык аракеттер да роль ойноп жатат. Номурлар эл аралык экспертизадан өткөн болсо да, кайра жергиликтүү экспертизадан өткөрүүгө макул болдук.

Эржигитов кошумчалагандай, экинчи экспертиза аркылуу жаңы үлгүдөгү номурлардын сапаттуулугун жана эл аралык стандарттарга жооп берерин далилдөөнү максат кылууда.

Жаңы үлгүдөгү номурларды экспертизадан өткөрүүнү талап кылгандардын бири Таалайбек Жумадылов. Ал буга чейин Кыргызстанда ички паспортторду чыгарган жеке менчик компаниянын өкүлү болчу. Эки жыл мурун Мамлекеттик каттоо кызматы паспорт чыгарууну өзүнө алган.

Таалайбек Жумадылов жаңы үлгүдөгү номурлар эл аралык стандарды бузуу менен даярдалганын билдирип, өз аргументтерин төмөнкүчө келтирди:

- Мамлекеттик каттоо кызматы эл аралык стандарттарга жооп берген номур беребиз деп мактанышкан. Бирок иш жүзүндө башкача болду. Жол кыймылы боюнча Вена конвенциясы бар. Биз бул конвенцияга 2007-жылы кошулганбыз. Мына ушул конвенцияга ылайык, ар бир өлкөгө атайын код берилет. Бизге КS деген код берилген. Бирок ага карабай Мамкаттоо жаңы номурду KG деп чыгарып калды. Муну менен эл аралык стандарт бузулду. Мамкаттоо кызматы муну менен өзүнүн компетентсиздигин көрсөттү.

Буга байланыштуу Жумадылов экспертизаны өткөрүү менен кетирилген кемчиликтерди оңдоо зарылдыгын билдирүүдө. Эгер экспертиза жаңы үлгүдөгү номурлар талапка жооп бербейт деген тыянакка келсе, анда чоң чатак чыгарын Жумадылов эскертүүдө:

- Мамлекеттик каттоо кызматында абдан чоң чатак чыгат. Ал техникалык сапаты эмес, эл аралык келишимди аткарбоо боюнча. Эл аралык автомобилдик кыймылга кошулгандан кийин бул талаптарга жооп берүү керек болчу. Эртең эл аралык чатак чыкса ким жооп берет?

Ал эми жаңы үлгүдөгү номурду жасачу жабдыктарды сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү болгон активист Айбек Баратов тендер учурунда мыйзам бузуу болбогонун билдирүүдө:

- Мен тендердик комиссиянын мүчөсү болгом. Бизге бардык документтер берилген. Ага ылайык, польшалык компания номурду жасоочу жабдыктарды алып келген жана эл аралык стандарттарга жооп берери тууралуу экспертиза жыйынтыгын көрсөтүшкөн. Ошондуктан, кайрадан экспертиза өткөрүү логикага жатпайт. Анткени мурун эл аралык деңгээлде далилдеген нерсени кайра улуттук экспертизага берүүгө керек жок болчу. Экинчи жагынан Мамлекеттик каттоо кызматы бул экспертизага макул болуу менен өзүнүн кадыр-баркына шек келтирип жатат.

Кыргызстандагы автоунааларга жаңы үлгүдөгү номурлар 1-июндан тарта бериле баштаган. Эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылганы айтылган номур үч тамга жана үч сандан турат. Ар бир аймактын белгиси тамга менен эмес, 01ден 09 чейинки сан менен көрсөтүлгөн. Номурлар таратылган учурда унаанын номур такчу ордуна туура келбей, маселе жаралган учурлар болгон эле.

Бишкектик айдоочу Алмаз жаңы үлгүдөгү номурлар көпчүлүктүн көңүлүнө туура келгени менен, айрым кемчиликтери бар экенин белгилейт:

- Номурлар көпчүлүккө эле жакты окшойт. Андай орой катасы деле жок. Бир гана кайсы аймакка катталганын көрсөткөн сандар абдан кичинекей экен. Байкай албайсың. Жалпысынан жакшы эле деп баа берем.

Ал ортодо Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы номурлардын сапатын далилдөө ишин аягына чыгарарын билдирүүдө.

Жаңы үлгүдөгү номерлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG