Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Электрондук өкмөттү өнүктүрөлү


Жакшылык кызы Зарылбүбүнүн "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Мына эгемендүү мамлекет болгонубузга 26 жылдын жүзү болду. Бардыгыбыз эле жыл сайын Эгемендик майрамыбызды белгилеп жатып, өзүбүзгө ушул убакытка чейин өлкөбүз кайсы жолдо, канчалык деңгээлде өнүктү деген суроону берсек керек.

Бирок жоопторубуз көңүл жубатарлык болбой келет. Бардыгыбыз эле нааразыбыз: коррупция күчөдү, бюрократиядан баш айланат, жаңылануу жок, өкмөт үнүбүздү укпайт ж.б.

Бирок кейип эле отура бербей башка өнүккөн өлкөлөрдү да анализдеп, алар өнүгүү үчүн кандай стратегияларды, долбоорлорду ишке ашырып жатканын байкап көрбөйлүбү.

Мен чет жакта окуп-жашап жүрүп, күнүмдүк тажрыйбамдан, байкоолорумдан жана университетте алган билимимден пайдаланып жыйынтыкка келдим: жаңы технологияны колдонуу менен өлкөдөгү көпчүлүк маселени чечсе болот экен.

Баарыбыз билгендей, 21-кылым технологиянын гүлдөп-өнүгүп турган убагы. Күнүмдүк жашоодо, дээрлик бардык тармакта кеңири колдонулуп, адамдардын иштерин жеңилдетип, убактысын үнөмдөөдо чоң роль ойноп келет.

Түштүк Корея, Британия, Бельгия, Жаңы Зеландия сыяктуу туруктуу өнүгүп жаткан өлкөлөр технологияны колдонуу менен административдик системада көптөгөн ийгиликтерге жетишти жана калкты тейлөөнү жогорку тепкичке чыгара алышты.

Калктын бюрократия, коррупция сыяктуу көйгөйлөр менен башы оорубайт. Мына ошол жетишкендиктеринин эң негизгиси - Электрондук өкмөт болуп эсептелинет.

Демек адегенде Электрондук өкмөт өзү эмне, кандай функцияларды аткарат жана кайсы принциптердин негизинде иш алып барат деген суроолорго токтолсок.

Электрондук өкмөт - маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды колдонуу менен өкмөттүн эффективдүүлүгүн, жоопкерчилигин көбөйтүү жана калк менен жергиликтүү деңгээлде тыгыз кызматташуусун бекемдөө жана өнүктүрүү максатында өкмөттү трансформациялоо болуп чечмеленет.

Электрондук өкмөт термини 21-кылымдын баштарында пайда болуп, технологиялык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн башкаруу системасында кеңири колдонула баштаган.

Электрондук өкмөттүн негизги максаттары:

Өкмөттүн кылган иштеринин элге ачык-айкын болуусу; калкка жакындан кызмат жеткирүү; жасалган иштердин жемиштүүлүгүн арттыруу; капиталдык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана чыгашаларды азайтуу; экономикалык өнүгүүнү арттыруу.

Электрондук өкмөттү куруу менен кайсы бир мекеменин караңгы коридорунда эки-үч күндөп алакандай кагазды ала албай, бир жерден экинчи жерге чуркап жүргөндөн кутулсак болот. Мисалы, бюрократиялык иштерибизди интернет аркылуу гана үйдө отуруп бат эле бүткөрө алабыз.

Коррупция менен күрөштө да чоң мааниге ээ. Анткени Электрондук өкмөттүн жобосуна ылайык мамлекеттик ар бир мекеме чоңунан кичинесине чейин ар бир кылган ишинин жыйынтыгын чыгарып, өздүк электрондук баракчасына жарыялап, калктын жакындан таанышып чыгуусуна шарт түзүп бериши керек.

Мен билим алып жаткан өлкө - Түркияда Электрондук өкмөт жогорку деңгээлде өнүккөн деп айта албайм. Бирок бир топ жаңы долбоорлор иштелип жатат. Ар бир жарандын мамлекет тарабынан берилген жеке э-өкмөт коду (e-devlet şifresi) бар. Берилген кодду колдонуу менен адамдар интернет аркылуу министрликтер, өкмөт жана президент менен түздөн-түз байланышып, кат жөнөтө алышат. Жогорку окуу жайга катталууну, экзамендерге кирүүнү да эч кыйналбай эле үйдө отуруп ишке ашырып койсо болот. Ошондой эле жыйынтыктарды интернет аркылуу билип алса болот. Ар кандай справкаларды алуу жана жеке өзүң жөнүндө маалыматтарды (салыктардын суммасы, айлык жана пенсиянын көлөмү ж.б) текшерип билүү өтө оңой.

Биздин өлкөдө да жаңыдан иштелип жаткан “Таза коом” долбоору Электрондук өкмөттү өнүктүрүүнү да өздүк программасында камтыйт деп үмүттөнөм.

Жыйынтыктап айтканда жогоруда Электрондук өкмөттүн функцияларынын бир-эки гана өрнөгү менен канчалык маанилүү экенин кыскача баяндап бергенге аракет кылдым, бирок дагы көп багыттуу экенин эске салгым келет.

Бул блогумду окугандан кийин муну жогорку жактагылар эле кылбаса биздин колдон эмне келмек эле деп кайдыгер мамиле кылбаңыздар. Анткени жогорку жактагылардын колуна бийликти биз берип жатабыз, ошондуктан аларга талап койгонду да билишибиз керек. Койгон талаптарыбызды аткара турган, ишеничибизди актай турган адамдарды тандоо биздин колубузда экенин унутпай, жоопкерчиликтүү мамиле кылалы.

Жакшылык кызы Зарылбүбү

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG