Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Таштандыны иргегенди үйрөнөлү


Нурбакыт Шеримбеков
Нурбакыт Шеримбеков

Германиядан окуган Нурбакыт Шеримбековдун "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Учурда мен Германиянын Плен шаарында төрт айдан бери практикадан өтүп жатам. Практиканын келишими бир жылга түзүлгөн.

Германия уникалдуу жана абдан өнүккөн өлкө. Төрт ай ичинде көп шаарларды жана кызыктуу жерлерди кыдырдым. "Журтташтардын жүз сунуш" сынагына эки реалдуу мисалды сунуштайт элем.

Биринчи мисал - таштандыны сорттоо. Германияда таштандыны ыргытаар алдында эреже боюнча иргешет. Бул бардык жашоочулар аткара турган талап.

Таштандыны сорттоо мындай категорияларга бөлүнөт: айнек, кагаз-картон, пластик жана тамак калдыктары.

Таштанды челектер. Германия
Таштанды челектер. Германия

Ошентип Германиянын тургундары бир жөнөкөй сүттүн бөтөлкөсүн ыргытуу үчүн үч таштанды салынуучу урнаны колдонот. Биринчи урна капкактын фольгасына, экинчиси сыртталган кагазга, үчүнчүсү болсо айнекке ылайыкталган.

Эгер тургун эрежелерди сактабаса, ага өкмөттөн санкция келет. Бул биз үчүн укмуш көрүнөт. Таштанды салынуучу контейнерлер ар бир үйдө гана эмес, ошондой эле шаарлардын көчөлөрүндө, дүкөндөрдө да орнотулган.

Таштанды урналары
Таштанды урналары

Эмне үчүн немистер таштандыны сорттоого мындай чоң көңүл бурушат? Биринчиден, ресурстарды үнөмдөө, экинчиден, таштандыны кайра иштетүү, үчүнчүдөн, утилизация процессин жеңилдетүү.

Эгер бул ишти биздин Кыргызстанда колдонсо, экономика жана экология тармактарына чоң пайда алып келмек.

Экинчи мисал катары "Күзгү жол эрежелерин” тандадым. Күзгү жол эрежелерин биринчи жолу Германиядан көрдүм. Мындай эрежелер шаар жана айыл ичиндеги чукул бурулуш жерлерде орнотулган. Көпчүлүк жол кырсыктардын себеби бурулуш жерлерде начар көрүнүшү болуп эсептелет.

Мисалы бул сүрөттө он тараптын бурулушунун көрүүнүсү начар, бирок айдоочуга күзгүдөн баары көрүнүп турат.
Мисалы бул сүрөттө он тараптын бурулушунун көрүүнүсү начар, бирок айдоочуга күзгүдөн баары көрүнүп турат.

Германияда жол кырсыктардын мүмкүнчүлүгүн азайтуу үчүн күзгү жол эрежелерин колдонушат. Биздин жолдорго да күзгү жол эрежелерин орнотсо, көп пайдасы тиймек жана жол кырсыктары да азаймак.

Шеримбеков Нурбакыт Толкунович, Германия, Плен шаары

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG