Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Парламент "Белизгейт" чырын карады


Белиз мамлекетинен келди деген документтер.
Белиз мамлекетинен келди деген документтер.

Жогорку Кеңеште "Белизгейт" чырына байланыштуу маселени териштирди.

Башкы прокуратура “Белизгейт” боюнча териштирүүсүн улантмай болду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып мекеменин орун басары Нурлан Дүйшембиев билдирди.

Ал быйыл 31-июлда Башкы прокуратура “Белизгейт” боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартканын, бирок 18-сентябрда ошол токтомун кайра жокко чыгарганын билдирди.

Эми, анын айтымында, кошумча териштирүү жүрүп, ишке жаңы юридикалык баа берилет. Башкача айтканда, кылмыш иш козгоонун зарылчылдыгы барбы же жокпу деген маселе чечилет.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттнин төрагасы Идрис Кадыркулов "Мегаком" компаниясына байланыштуу Белиз өлкөсүнөн расмий документ Кыргызстанга келбегени аныкталганын дагы бир ирет билдирди.

Кадыркуловдун айтымында, УКМКнын Мусаканов жана Кенжешова аттуу кызматкерлери Белизге иш сапар менен барып келген деген маалымат туура эмес. Мусаканов Москвага, Кенжешова Ташкентке иш сапар менен барган.

"Жыйынтыктап айтканда, 2016-жылдан бери Белиз өлкөсүнөн эч кандай расмий документ келген эмес" деди Кадыркулов.

Ал ошондой эле УКМКнын мурдагы жетекчилиги жарыялаган документтер "каяктан чыкканын таба албай жатабыз" деп билдирди.

Түз эфир

2016-жылдын 14-ноябрында УКМК айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген.

УКМКнын быйыл апрель айында кызматтан кеткен мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде "ыкчам булактар" аркылуу алынды делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG