Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Баткен: ишкер карыялар ынтымакты чыңдайт


Баткен, карыялар
Баткен, карыялар

Борбор Азияда жакырчылыкты кыскартуу долбооруна ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралаш аймактарында 500 карыга 15 даана тоок жети айга жетчү жеми менен берилди. Мындан тышкары каалоочулар күнөскана иштетүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Борбор Азиядагы жакырчылыкты кыскартуу долбоору чек арадагы жагдайды карылардын жардамы менен жакшыртууга умтулууда. Бир кезде, бир аймакта эриш-аркак жашап, иштеген бул адамдар чек аранын аркы бетиндеги достору менен жолукпай калганы чын.

Эми карыялар ар түрдүү семинар-окууларга катышып, чек аранын аркы бетиндеги курдаштары менен кезигип, маселелерди чогуу талкуулап, көйгөйлөрүн жергиликтүү бийликке жеткирүүнү да колго алышты.

Долбоордун өкүлү Алмаз Рахмановдун айтуусунда, чек арадагы жыйырма айылдан тандалган беш жүз кары менен иш башталып, аларды ар тараптан колдоо аракети үч жылга созулмакчы.

- Долбоордун алкагында 500 үй-бүлөдөгү кары-картаңдардын 320сына жумуртка багытындагы он бештен тоок жана жети айга жеткидей жем бердик. Андан тышкары 180 күнөскана тартууладык. Бул Борбор Азияда жакырчылыкты кыскартуу долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. Мындай демилге менен кары-картаңдардын кирешесин арттырып, коомчулукка активдүү аралашуусун камсыздайлы дедик. Мындан тышкары ата-бабаларыбыз мурдатан ынтымактуу жашап келгенин жаш муунга өрнөк катары көрсөтөлү дедик.

Айыл жерлеринде неберелери менен тоок карап же тамаркасында күнөскана уюштуруп, бул багыттагы талкууларга катышып, жыйындарда кеп-кеңеш айта баштаган карыялар эми өздөрүнө жана чек арадагы жашоого байланышкан көйгөйлөрүн жергиликтүү бийликке жеткирүүнү да колго алышты.

Тажикстандын Матпари айылынан келген Манон Уринов балдардын, неберелердин колун гана карап отуруп калган карылар үчүн бул долбоор көктөн эңсеген нерсе жерден табылгандай болгонун айтууда.

"Эми эч кимдин көзүн карабай, аз да болсо кирешени арттыруу менен коомдук иштерге активдүү катыша баштадык", - дейт карыя.

- Мына карыяларга турмуш-тиричиликти оңдогула, айылдагы башка карыялар менен ушул багытта жолугуп, маселелерди талкуулап тургула деп тоогун да, жемин да акысыз карматышты. Жашылча үчүн күнөсканаларды беришти. Бизге окшогон кары-картаңдар үчүн бул жакшы эле көңүл буруу десем болот. Анан да чек аралаш айылдарда кошуна курдаштарыбыз менен жолугуп сүйлөшүүгө, жаштарга үлгү болуп кеп-кеңеш айтууга жакшы шарт жаратып жатышат. Бул турмуш-тириликти оңдоо эле эмес, ынтымакты жакшыртууга да чоң салым.

"Аймакта карыяларга кирешесин арттырууга багытталган долбоор биринчи жолу ишке ашып жатат. Демилге үйдөн чыкпай, баарлашууга атайын аянтчасы жок карыялар үчүн пайдалуу болду",- дейт 76 жаштагы Абдырайым Каримов.

- Буга чейин биз курактуулар үйдөн чыкпай өзү менен өзү алектенип, баарлаша албай жүргөнбүз. Долбоордун жардамы менен курдаштарыбыз, Тажикстандан келген теңтуштарыбыз менен баарлашып жатабыз. Бул, албетте, ар тараптуу ынтымакты бекемдөөгө жакшы шарт. Жаштарга да үлгү болуп жатабыз.

Долбоордо атайын айыл жерлеринен укукчулар даярдалып, алар кары- картаңдар, социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн укуктук жардамдарды акысыз көрсөтүшөт. Ошондой эле айылдардагы карыялар үчүн кандай көйгөйлөр чечүүгө муктаж, кандай маселелери бардыгы боюнча атайын иликтөөлөр жүргүзүлүп, бийликке сунуштар менен кайрылуулар жасаларын долбоордун менеджери Алмаз Рахманов ырастады.

- Бул демилгеден биз кары-картаңдардын турмуш-тиричилигин, чек аралаш аймакта жашаган үй-бүлөлөрдүн укуктук маалыматын жакшыртууну жана ошол айылдардагы карыялардын социалдык көйгөйлөрүн иликтеп, чечүүчү органдарга жеткирүүнү күтүп жатабыз. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн атайын иш-чаралар каралган.

Демилгени ишке ашыруу 2018-жылга чейин созулат, ал арада жаңжалдарды алдын алууга, чек аралардагы чыңалууну басаңдатуу багытында карыялар үчүн атайын даярдоо окуулары да өткөрүлөт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG