Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Көмүр шахтасындагы кырсык иликтенет


Баткендеги көмүр кендеринин бири.
Баткендеги көмүр кендеринин бири.

10-декабрда Баткендин Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болду. Мамлекеттик экотехинспекция кырсык катталган шахтада коопсуздук эрежелери сакталбаганын айтты.

Кырсыкка байланыштуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев атайын жыйын өткөрүп, шахталардагы коопсуздук эрежелерине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсык 10-декабрда саат бештер чамасында Сүлүктүдөгү «Ормон» аттуу көмүр казган шахтада болгон.

Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова окуя тууралуу буларды айтты:

- Баткен облусунун Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан “Ормон” аттуу шахтанын ичинен газ чыккан. Анын натыйжасында төрт киши каза болгон. Куткаруучулар алардын сөөгүн шахтадан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришти.

Мамлекеттик экотехинспекциясынын Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы Бердимурат Жалилов кабарлагандай, кырсык болгон шахтаны ушул жылдын жаз айларында текшеришкен.

Анда мыйзам бузган он факт келтирилген. Аларды жоюу үчүн шахтада көмүр казган “Ормон” жоопкерчилиги чектелген коомуна бир ай мөөнөт беришкен экен. Бирок айрым талаптар аткарылган эмес. Мындан улам инспекция аларга 3 миң сом айып салган:

- Биз эскертүү берип келгенбиз. Кырсыктын негизги себеби - желдетүү системасынын жоктугу, аба алмашуу болгон эмес. Кырсык 215 метр тереңдикте болгон, - деди Жалилов.

Экотехинспекция окуяны иликтөө үчүн ички комиссия түздү. Алар 15 күндүн ичинде кырсыктын чоо-жайын иликтеп чыгышат. Анын жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар көрүлөт.

Сүлүктү шаарында эмгекке жарамдуу жаштардын көбү ушундай шахталарда иштейт. Жергиликтүү калктын айтымында, шахталарда коопсуздук чаралары дээрлик каралган эмес.

Көмүр казгандар 200 метр тереңдикте иштешет. Сүлүктү айылынын тургуну Арзыкул Жапаров жумушсуздук ушундай тобокелдикке түртүп жатат деди:

- Айла жоктон иштеп жатабыз. Буга чейин биздин айылга жол салынып, ошол жерде иштедик. Ал жумуш бүткөндөн кийин кайра эле шахтада иштөөгө туура келди. Үй-бүлөнү багышыбыз керек да. Бирок шахтада жумушчулар үчүн эч кандай шарт түзүлгөн эмес.

Кырсыктардын алдын алуу көмүр шахталарын жабуу менен чечилбейт. Адистер көмүр кендерин иштетүү ыкмаларын, жол-жоболорун үйрөтүү менен адискөй кадрларды даярдоону колго алуу зарыл дешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова мындай кырсык катталган учурда коопсуздукту көзөмөлдөгөн мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин жоопко тартыш керек деген пикирде:

Махабат Мавлянова.
Махабат Мавлянова.

- Өкмөт көзөмөлдү күчөтүп жатат. Бирок биз коррупциядан арылбай жатпайбызбы. Текшерүүчү органдар ишкерлерден пара алып коюшат. Ушундан улам көп нерселер көз жаздымда калып кетүүдө. Ошондуктан адам өмүрүн алган фактылар катталган учурда жергиликтүү органда иштегендерди жоопко тартмайынча маселе чечилбейт.

Баткен облусунда жыл сайын 300 миң тоннадан ашык көмүр өндүрүлөт. Бирок техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан жана адистердин жетишсиздигинен жер алдындагы жумуштар киши өмүрүн алган учурлар көп катталат.

Буга чейин октябрь айында Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында өз алдынча көмүр казып жаткан алты адам газга ууланып каза болгон.

Баткен облусу боюнча көмүр казууга 215 лицензия берилген. Учурда анын 65инен көмүр казылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG