Украинанын Аба күчтөрү 16-августка караган түнү орус аскерлери “Искандер-М” ракетасы жана 85 “Шахед” дрондору, мындан тышкары ар кандай учкучсуз учактар менен сокку урганын билдирди.
Маалыматта абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө жана чыгышында 61 учкучсуз учакты атып түшүргөнү айтылат.
"Ракета жана 24 учкучсуз учак 12 локацияга тийди", - деп жазылган маалыматта.
Орусиянын Коргоо министрлиги Москва убактысы боюнча түнкү саат 00:00дөн таңкы үчкө чейинки аралыкта абадан коргонуу күчтөрү украиналык 29 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн жарыялады. Дрондор Ростов облусу жана Ставрополь аймагында жок кылынганы кабарланды.
Бул чабуулдар маалында Альясканын Анкориж шаарында АКШ президенти Дональд Трамп жана орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өтүп жаткан.
2022-жылы Украинада согуш башталганы АКШ менен Орусиянын президенттери биринчи жолу жолугушту. Трамп менен Путиндин ар бир тараптан үчтөн киши катышкан сүйлөшүүсү дээрлик үч саатка созулду. Жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында эки лидер бири-бирин мактап, так бир жыйынтык тууралуу айткан жок.
Путин сүйлөшүүнү "натыйжалуу болду" деп, АКШны "төрт гана чакырым бөлүп турган" Орусиянын жакшы "коңшусу" деп атады. Трамп эки тарап "толук түшүнүшүүгө жете албагандыктан макулдашуу да болбогонун" айтты. Ал жолугушууну "өтө майнаптуу" деп, Орусия менен АКШ Украинадагы согуш боюнча көп пункттарды макулдаша алганын билдирди.
Шерине